Орусиянын армиясындагы кызматкерлердин саны дээрлик 170 миң адамга көбөйөт. Мындай жарлыкка президент Владимир Путин 1-декабрда койду. Документ Кремлдин сайтына жарыяланып, кол коюлган күндөн тарта күчүнө кирерин ТАСС кабарлады.
Путиндин буйругуна ылайык, куралдуу күчтөрдөгү аскерлердин саны 2 млн 209 130 адам болот, анын ичинде 1 млн 320 миң адам аскер кызматкерлери. Буга чейинки документте бул көрсөткүч 2 млн 039 758 адам болчу, анын ичинде 1 150 628и аскер кызматкери. Күчүн жоготкон буйрук 2023-жылдын 1-январынан тарта иштеди.
"Куралдуу күчтөрдүн штаттык санын көбөйтүүгө - атайы аскердик операцияга байланыштуу биздин өлкөгө коркунуч күч алышы жана НАТО улам кеңейип баратканы себеп болду", – деп жазылган Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө. Мекеме ошондой эле өлкөдө жаңы мобилизация пландалбаганын билдирип, аскерлердин саны өз эрки менен келишимдик негизде кызмат өтөгөндөрдүн эсебинен көбөйөрүн маалымдады.
Орусияда аскерге мобилизация 2022-жылы күзүндө жүргөн. Ал убакта орус куралдуу күчтөрүнүн катарына 300 миңдей киши чакырылганы кабарланган.
Аскерге чакырылгандарды окутуп-үйрөтүүгө, кийим-кечесине жана тамак-ашына каражат жетишсиз экени айтылып келет. Ушундан улам орус армиясында жоготуулар күч экенин Украинадагы согушта набыт болгон аскерлердин санын иликтеген журналисттер белгилеп келет.
Ал арада Орусия Украинага кол салгандан бери орус армиясынын 38 261 жоокери набыт болгонун Би-Би-Синин орус кызматы "Медиазона" басылмасы жана ыктыярчылар менен бирге жүргүзгөн иликтөөсүндө жарыялады.
Иликтөөчүлөрдүн маалымдашынча, 17-ноябрдан 1-декабрга чейинки аралыкта каза болгондордун тизмесине 1200 адамдын аты-жөнү кошулган. Журналисттер аскерлердин өлүмү көбөйүп жатканын фронттогу катуу салгылашуулар менен байланыштырууда.
Маалыматка ылайык, ноябрдын башынан тарта Донецкиден алыс эмес жайгашкан Авдеевкада набыт болгон жоокерлерге жазылган некрологдордун саны өскөн. Херсон облусунда - Днепр аралы жана Крынки кыштагындагы салгылашуулар күч алган аймактарда өлгөндөр тууралуу кабарлар көбөйгөн.
Би-Би-Синин орус кызматы "Медиазона" басылмасы жана ыктыярчылар менен бирге Украинадагы согуш башталгандан тартып, анда өлгөндөрдүн эсебин жүргүзүп келет.
Иликтөөдөгү жоготуулар коомчулукка ачык жарыяланган гана маалыматтардын негизинде эсептелген. Журналисттер өлгөндөр жөнүндө, алардын тажыялары жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары жана маркумдардын жакындары жазган маалыматтарды колдонушкан. Авторлор жоготуулардын реалдуу саны мындан алда канча көп болушу мүмкүн экенин белгилейт.
Би-Би-Синин орус кызматы буга чейин Орусия Украинага басып киргенден бери кеминде 50 миң адам каза болгон деген божомолун жарыялаган.
Орусия да, Украина да согуштагы жоготуулары тууралуу ачык маалымдабайт. Орусиянын Коргоо министрлиги былтыр сентябрда согушта 5937 аскери өлгөнүн билдирген. Быйыл жазында америкалык чалгын кызматынын маалыматтарында Украина 17 миңге чукул аскеринен ажыраганы, 110 миң чамалуу жоокери жаракат алганы тууралуу жазылган.
Орусия Украинага 2022-жылы, 24-февралда кол салган.
Украинанын Куралдуу күчтөрү билдиргендей, 1-декабрга караган түнү Орусиянын армиясы 25 жанкечти дрон жана эки X-59 ракетасы менен аткылады.
Маалыматка караганда, дрондор аннексияланган Крымдан жана Краснодарск аймагындагы Приморск-Ахтарск шаарынан учурулган. Ракеталар Херсон облусунун оккупацияланган бөлүгүнөн атылган.
Украин армиясы 18 дронду жана бир ракетаны абадан атып түшүргөнүн билдирди.
Николаев, Херсон, Запорожье жана Днепропетровск облустарында абадан коргонуу системалары иштеди. 1-декабрга караган түнү баш калаа Киевде жана Киев облусунда сиреналар жаңырды.
Орусиянын Коргоо министрлиги жума күнү билдиргендей, 1-декабрда эртең мененки саат сегиздерде Кара деңиз акваториясынын батыш бөлүгүндө “Крым жарым аралын көздөй багыт алган украин күчтөрүнүн экипажсыз катери” жок кылынды.
Расмий Киев Орусиянын Коргоо министрлигинин бул билдирүүсүнө реакция жасаган жок.
Украинанын армиясы билдиргендей, 30-ноябрга караган түнү Орусиянын аскердик күчтөрү Хмельницкий жана Донецк облустарын аткылоону улантты.
Маалыматка караганда 20 “Шахед” жанкечти-дрону жана сегиз С-300 ракетасы менен чабуул жасалган. Украин армиясы тараткан билдирүүгө ылайык, анын баары аннексияланган Крымдын аймагынан учурулган.
“Жыйынтыганда 14 дрон жок кылынды. Абадан коргонуу системасы түштүк, чыгыш жана борбордук облустарда иштеди”,-деп белгиленет билдирүүдө.
Хмельницкий облусунун бийлик өкүлү Сергей Тюрин маалымдагандай, дрондордун биринин калдыгы мурдагы заводдун аймагына түшкөн. Жабыркагандар жок.
Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко орус армиясы Донецк облусунун Покровск, Новогродовка жана Мирноград шаарларын аткылаганын тактады. 10 киши, анын ичинде төрт бала жараат алды. Беш кишини урандылардын алдынан издөө иштери жүрүп жатат. Алдын-ала маалыматтарга караганда, Покровск шаарында бир көп кабаттуу үй, тогуз менчик турак-жай, жергиликтүү полиция бөлүмүнүн имараты жана гараждар талкаланган. Жабыркагандардын арасында алты айлык наристе бар. Новоградовкада дагы көп кабаттуу имаратка тийген снаряддан 13 жаштагы өспүрүм жабыркады. орусиянын Коргоо министрлиги бул чабуулдар тууралуу комментарий бере элек. Болгону Белгород облусунда бир учкучсуз аппарат жок кылынганын маалымдады.
- автор Элвира Будайчиева
29-ноябрда Украинанын абадан коргонуу күчтөрү өлкөнүн бир катар аймактарында дрондордун ири чабуулунун мизи кайтарылганын, түнү орус армиясынын Донецк жана Харьков облустарын аткылоосунан ондогон жай тургун жараат алганын кабарлады.
Ал эми Москванын мэри Сергей Собянин калааны көздөй учуп келаткан дрон Подольск шаарынын үстүнөн атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Муну Орусиянын Коргоо министрлиги да ырастап, учкучсуз учакты украин аскерлери учурганын маалымдады.
Харьков жана Донецк аткылоого кабылды
Шейшембиде Украинанын Сумы облусунун Середина-Буда шаарында орус армиясынын соккусунан үч адам набыт болду. Ракета көп кабаттуу үйлөргө тийгени айтылууда. Облустук прокуратуранын маалыматына караганда, эки аял жана жети жаштагы кыз каза болгон. Дагы үч адам жараат алган.
Украин армиясы акыркы суткада орус тарап Киевдин аскердик позицияларына жана калктуу конуштарга 14 ракеталык чабуул жасап, 80 жолу абадан сокку урганын маалымдады. Башкы штаб орус аскерлери Украинанын түндүгүндө, чыгышында жана түштүгүндө 100дөн ашуун калктуу конуштарды артиллериядан аткылаганын белгиледи.
Харьков облустук администрация башчысы Олег Синегубовдун айтымында, орус армиясынын аткылоосунан турак жайлар, административдик имараттар, ишканалар жана билим берүү мекемелери чоң зыян тартты.
Донецкиде түнкү аткылоодон жети жай тургун жараат алганын аймактын башчысынын милдетин аткаруучу Игорь Мороз билдирди.
Украин армиясынын Аба күчтөрүнүн командачылыгы 29-ноябрга караган түнү орусиялык аскерлер 21 Shahed дрону менен Одесса, Днепропетровск, Киев, Херсон, Запорожье жана Хмельницкий облустарына чабуул койгонун, бардыгы атып түшүрүлгөнүн кабарлады.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдиргендей, Авдеевканын айланасында да айыгышкан кармаш жүрүп жатат.
Буга чейин орусиялык бир катар Телеграм-каналдар жана блогерлер орус армиясы Авдеевкадагы өндүрүш аймагын толугу менен өз көзөмөлүнө алганын жазып, аны "тарыхый" окуя катары мүнөздөшкөн. Авдеевкага чабуулду орус күчтөрү 10-октябрда баштап, алгачкы күндөрү чоң жоготууларга учурганы маалым болгон.
Бул маалыматтарды көз карандысыз булактардын тактоо мүмкүн эмес.
Херсондо орусиялык полиция кызматкерлери мерт кетти
28-ноябрь күнү эртең менен орус аскерлери басып алган Херсон облусунун Юбилейное айылында ракеталык чабуулдан полиция бөлүмүнүн имараты талкаланган. Анда орусиялык төрт полиция кызматкери каза болуп, дагы 17си жарат алганын ASTRA Телеграм-каналы билдирди.
Маалыматка караганда, бул бөлүмдө иштеген полиция кызматкерлеринин көбү Орусиядан барган. Каза болгондордун бири лейтенант Мерген Нимгиров Херсон облусуна Москвадан барган. Аткылоодо жараат алган лейтенант Елена Голодиаева жана подполковник Амида Миделашвили Юбилейноеге Астрахандан келишкен.
Ошол эле учурда Телеграм-канал каза болгондордун арасында полиция бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 33 жаштагы майор Артур Жунусов да бар экенин белгилейт.
Бирок сөз болгон бөлүмдө жергиликтүү тургундар жана мурдагы украиналык кызматкерлер да иштегени айтылууда.
Сууктан 12 киши көз жумду
Украинанын президенти Владимир Зеленский 29-ноябрда өлкөнүн түштүгүндөгү Одесса аймагындагы жарандык жана аскерий бийлик өкүлдөрү менен жолугушту.
"Көптөгөн маанилүү суроолор бар. Кара деңиздеги кырдаал, миналарга каршы күрөш жана "дан коридорунун" коопсуздугун камсыз кылуу", - деп жазды Зеленский Телеграм-каналына.
Украин лидери ошондой эле Одессада жана түштүк аймактарда аба ырайы кескин бузулганын, кеминде 12 адам каза болуп, 23 адам жараат алганын билдирди. Зеленский бул аймакты калыбына келтирүү аракеттерин талкуулоо үчүн жарандык бийлик менен жолугушканы да кабарланды.
Ал ортодо Украинанын Тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба 29-ноябрда Брюсселде өтүп жаткан НАТО-Украина кеңешинин жыйынына катышты. Ал Киевдин өнөктөштөрүн Орусиянын негизсиз баскынчылыгына каршы Украинага жеткириле турган курал-жарак жана ок-дарылардын санын көбөйтүүгө чакырды.
"Бүтүндөй Европанын коопсуздугунун туруктуулугун камсыз кылуу үчүн коргонуу өнөр жайы өндүрүштү көбөйтүү зарыл" - деди Кулеба.
Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррелл быйыл жазда үч баскычтуу планын жарыялаган. Ага ылайык, Евробиримдик Украинага 12 ай ичинде адегенде учурдагы запастар аркылуу, андан кийин биргелешкен сатып алуу келишимдери жана өндүрүштү көбөйтүү аркылуу бир миллион артиллериялык курал менен камсыздашы керек болчу.
"Москваны көздөй учуп келаткан дрон атып түшүрүлдү"
Ал тапта Орусиянын абадан коргонуу түзмөктөрү Москваны көздөй учкан дронду Подольск аймагында атып түшүргөнүн мэр Сергей Собянин 29-ноябрда билдирди.
Муну Орусиянын Коргоо министрлиги да тастыктап, учкучсуз учакты украин аскерлери учурганын маалымдады. Баштапкы кабарларга ылайык, дрон сыныгы түшкөн жерде кыйроолор болгон жок.
Калаа башчысы 26-ноябрда да Москвага чабуул койгон бир нече учкучсуз аппараттар атып түшүрүлгөнүн, жабыркагандар жок экенин жазган.
Мындан улам Москванын Внуково жана Домодедово аба майдандары учактарды кондуруп-учурууну убактылуу токтоткон. Flightradar24.com булагынын маалыматы боюнча, Внуководо жүргүнчү ташуучу эки лайнер учак тилкесинде турган, дагы үч каттамдын учуусу кечеңдеген. Кийин эки аэропорт тең кайра мурдагы калыбында иштей баштаган.
Орусиянын Коргоо министрлиги буга чейин төрт аймакта 20 дрондун чабуулу болгонун билдирген. Украинанын бийлиги бул маалыматтар боюнча комментарий бере элек. Тула облусунун губернаторунун маалыматы боюнча, эки учкучсуз учактын бири көп кабаттуу турак үйгө кулап түшүп, андан бир тургун жаракат алган.
Москванын четиндеги чабуулдардан үч жерде курулуштарга зыян келтирилген, каза болгондор жана жабыркагандар болгон эмес.