Зеленский "Украина Орусияны жеңет" деп убада берди
Украинанын президенти Владимир Зеленский анын өлкөсү Орусияны "кандай болбосун жеңерин жана тынчтыкка жетерин" убада кылды.
"Канчалык кыйын болгону менен биз туруштук бердик. Азыр да оңой эмес, бирок биз алдыга жылып жатабыз. Тоскоолдуктарга карабай жеңишке жетебиз", - деп билдирди мамлекет башчы Украина Куралдуу күчтөрүнүн күнүн белгилеген 6-декабрда эртең менен тартылган видеодо.
Мунун алдында Зеленскийдин америкалык сенаторлорго кайрылуусу болбой калганы маалымдалган. Ал жабык жыйында Украинага берилчү жардамдын жаңы пакети талкууланмак.
Зеленский кыштын татаал шартында Украина АКШнын аскердик жардамына муктаж экенин, Орусиянын соккуларынан карапайым эл жапа чегип келатканын айтары күтүлгөн.
Шаршембиде Сенат Киевге 60 млрд доллардан ашуун жардам бөлүү маселесин добушка коет.
Сенаттагы республикачыл азчылыктын лидери Митч Макконнелл партиялаштарын каршы добуш берүүгө чакырды.
Шаршембиде украин коргоо министри Рустем Умеров АКШ Конгрессинин Өкулдөр палатасынын комитет башчылары менен кездешүүдө эмки жылы да Киевди колдоо маанилүү экенин белгиледи.
Октябрда Жо Байдендин администрациясы Конгресстен Украина, Израилге жардам берүү, чек аралардын коопсуздугун бекемдөө каралган пакетти кабыл алууну өтүнгөн. Бирок Өкүлдөр палатасын көзөмөлдөгөн республикачылар сунушту четке каккан.
Ак үй Украинага аскердик жардамга кеткен акча жыл аягында түгөнөрүн эскертүүдө.
Ал арада Украинанын Авдеевка шаары үчүн кармаш уланууда. Бир нече аптадан бери орус армиясы Донецк облусундагы өнөр жай калаасын алуу аракетин көрүүдө. Авдеевка Украинанын туруштук берүү символуна айланган.
Украинанын абадан коргонуу күчтөрү 6-декабрда орус армиясы аткан ирандык 48 дрондун 41ин атып түшүргөнүн билдирди.
Телеграм-каналда жайгаштырылган маалыматка караганда, орус тарап Ирандан чыккан 48 "Шахед" дрондору менен чабуул койгон.
Билдирүүдө дрондор Москва оккупациялаган Крым жарым аралындагы Чауд тумшугунан жана Орусиянын Курск облусунан учурулганы айтылат.
“Азаттыктын” украин редакциясы ыктымал жоготуулар жана келтирилген зыян тууралуу маалымдалбаганын жазды.
Орусиянын Коргоо министрлиги дрондор тууралуу кабарды азырынча комментарийлеген жок.
Орус куралдуу күчтөру согуш башталгандан бери Украинанын шаар-кыштактарына артиллерия, ракета системаларынан, ракета, дрондордон чабуул коюп келатат. Далилдерге карабай, Москва аскердик гана жайларды бутага алганын, карапайым элди аткылабаганын айтууда.
АКШнын Каржы министрлиги Орусиядан жана Беларустан 13 киши менен 20 компанияны санкциялык тизмеге киргизди. “Кара тизмеге” киргендер катарында Швециянын жараны жана Пермде туулган Сергей Скворцов бар. Ал Швецияда Орусиянын кызыкчылыгы үчүн тыңчылык кылып жүргөн деп айыпталып, кийин акталган.
АКШнын санкциясына беларустук ишкерлер Александр Шакутин, Павел Топузидис жана Виктор Петрович да кирген. Вашингтон аларды “Александр Лукашенконун капчыгы” деп атайт.
Чектөө Беларустагы Кызыл Чырым уюмунун башка катчысы Дмитрий Шевцовго да тиешелүү. АКШнын Каржы министрлиги аны Киев көзөмөлдөбөгөн аймактардан балдарды депортациялоого катыштыгы бар деп эсептейт.
АКШнын санкциясына кабылган компаниялардын тизмесине Орусиянын коргонуу тармагы менен байланышта болгон беларустук ишканалар кирди.
Непалдын бийлиги Москваны өлкө жарандарын орус армиясына жалдабоого жана келишимдерге кол койгондорду демобилизация кылууга чакырды. Reuters агенттиги кабарлагандай, буга чейин Украинада Орусиянын тарабында согушкан непалдык алты киши каза тапкан.
Агенттик Непалдын жалданма аскерлери жакшы машыккан, мыкты согуштук чеберчилиги менен белгилүү болорун, муну алар британ жана Индия армияларында далилдегенин жазды. Ал мамлекеттер менен Непалдын тиешелүү келишими бар, бирок Орусия менен түзүлгөн эмес.
Маркумдар кандай жагдайда набыт болгону айтылган жок. Непалдын Тышкы иштер министрлиги Москваны алардын сөөктөрүн кайтарууга жана жакындарына кенемте төлөөгө үндөдү. Дагы бир маалыматка ылайык, непалдык жаран украин аскерлеринин туткунуна түшкөн. Катманду бийлиги аны бошотууга аракет көрүүдө. ТИМ непалдыктарды кайсы тарапта болбосун, Украинадагы согушка катышпоого чакырды.
The Kathmandu Post басылмасы жазганына караганда, орус армиясына Непалдын 200 жараны азгырылган. Бул маалыматты басылма ал өлкөнүн Москвадагы элчисинен алганын билдирди. Дипломат мекендештерин "жалданма согушкерлер" деп атаган. Кеп армия же менчик аскердик компаниялар тууралуу жүрөбү белгисиз.
Орусия бул маалыматка комментарий кыла элек. Непал Гималайда, Индия жана Кытай ортосунда жайгашкан.
Буга чейин Би-Би-Синин орус кызматы жарыялаган иликтөөдө Украинадагы согушта Орусиянын тарабында кармашкан жүзгө жакын борборазиялык жаран каза болгонун, анын ичинде Кыргызстандын 19, Өзбекстандын 34, Тажикстандын 40 жараны бар экени айтылган.
Иликтөөдө "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын азгырыгы менен орус түрмөлөрүнөн Украинадагы согушка жөнөтүлгөн эмгек мигранттары тууралуу жазылган.