Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:24
Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Трамп Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү "жакшы" деп баалады

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




18:59 16.12.2023

Орусиялык аскерлер Бахмут жана Авдеевка тарапта алга жылууда

Америкалык согушту изилдөө институту (ISW) геолокациянын маалыматтарына таянып, орусиялык аскерлер Бахмутта (Донецк облусу) алга жылганын билдирди. Мындан тышкары орусиялык күчтөр Часов Яр тарапта да алга жылууда. Орусиялыктар Бахмуттан 12 чакырым алыс бул калктуу пунктту курчоого аракет кылууда, бирок Часов Ярды украиналык күчтөрдүн коргонуусу күчтүү. Мындан тышкары Авдеевка районундагы орусиялык күчтөрдүн чабуулу тууралуу кабарланууда. Орусиялык аскер блогерлери армиянын бөлүктөрү Авдеевкадан 3 чакырым алыс Степное аймагында алга жылганын кабарлады.

12:14 16.12.2023

Украинанын Коопсуздук кызматы Орусиянын Православ чиркөөсүнүн башчысы – патриарх Кириллге (Владимир Гундяев) издөө жарыялады.

Украинанын Ички иштер министрлигинин издөө базасындагы маалыматка ылайык, ага “Украинанын аймактык бүтүндүгүнө жана кол тийбестигине кол салуу” жана “Агрессивдүү согушту баштоо жана жүргүзүү” беренелери менен айып коюлган.

Украинанын Коопсуздук кызматы ноябрь айында патриарх Кириллге Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси - “Украинанын аймактык бүтүндүгүнө жана кол тийбестигине кол салуу”, “Орусиянын Украинага куралдуу агрессиясын актоо” жана “Агрессивдүү согушту баштоо жана жүргүзүү” беренелери менен сыртынан айып тагылганын билдирген.

15:43 15.12.2023

Венгрия Евробиримдиктин саммитинде Украинага 50 миллиард евро көлөмүндөгү экономикалык жардам берүүгө вето койду. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Виктор Орбан 15-декабрда билдирди.

“Түнкү нөөмөттүн жыйынтыгы: Украинага кошумча акча бөлүүгө вето. Биз бул маселеге кийинки жылы Европа кеңешинде кайтабыз. Ага жакшылап даярдык көрөбүз”,-деп жазды өкмөт башчы.

Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель шаркетке мүчө мамлекеттердин лидерлери Украинага кошумча каражат табуу маселесинде орток пикир таба алышпаганын ырастады. Бирок ал кайсы өлкө каршы чыкканын тактаган жок.

Шаркетке мүчө айрым мамлекттердин лидерлери Украинага жардам январь айындагы жыйында бекитилиши мүмкүн деген оптимисттик ойлору менен бөлүштү.

Нидерланддардын өкмөт башчысы Марк Рютте убакыт бар экенин, Украина жакынкы жумаларда акчасыз калбастыгын айтты.

Андан бир нече саат мурда Евробиримдик Украинаны шаркетке кошуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоо чечимин кабыл алган. Орбан ага дагы вето коюуга ниеттенип жаткан. Кийин добуш берүү маалында ал залдан чыгып кеткени маалым болду.

Евробиримдик төрт жылдын ичинде Украинага 50 миллиард евро экономикалык жардам бөлүп берүүгө ниеттенүүдө. Андан тышкары бюжетке Киевге аскердик жардамга бөлүнө турган 24 миллиард еврону да киргизүү пландалууда.

15:41 15.12.2023

Евробиримдик Украинанын жана Молдованын шаркетке кошуулуусу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштайт. Мындай чечим Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин 14-декабрда өткөн жыйынында кабыл алынганын Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель жарыялады.

Эки күндүк саммиттин биринчи күнүндө ошондой эле Грузияга шаркетке кирүүгө талапкер мамлекет макамы берилди. Украинанын президенти Владимир Зеленский европалык лидерлерге ыраазычылыгын билдирип, алардын чечимин “дем-күч берген Украинанын жана бүтүндөй Евробиримдиктин жеңиши” деп атады.

Шаркетке мүчө мамлекеттердин арасынан Украина менен сүйлөшүүлөрдү баштоого бир гана Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан каршы чыкты. Маалыматка караганда, ага добуш берүү жүрүп жатканда сыртка чыгып турган.

Киев шаркетке кошулуу тууралуу арызын 2022-жылдын 28-февралында берген. Украинанын Евробиримдикке кошулуу жараяны узак жылдарга созулушу мүмкүн.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG