Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:54
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл

Согушта өлгөн 282 миңдей орусиялыктын аты-жөнү аныкталды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




16:37 19.12.2023

Дүйшөмбүдө украин армиясынын башкы командачысы Валерий Залужный майдандагы абал туңгуюкка кептелди деп эсептебей турганын билдирди. Ошол эле маалда украин аскерлерине дүрмөттөр жетпей жатканы, айрым жерлерде операциялардан баш тартууга туура келгени маалымдалууда.

12:39 19.12.2023

Евробиримдиктин 12-санкциясында Орусиядан алмаз импорттоого тыюу салынып, реэкспорт эрежелери катаалдашты. Андан тышкары айрым компания жана жеке адамдар "кара тизмеге" кирген.

Санкцияга ылайык, Орусиянын иштетилбеген алмазын импорттоого жаңы жылдын январынан тарта тыюу салынат, ал эми орус өндүрүшүнөн чыгарылган алмазды сатып алууну токтотуу 2024-жылдын март айынан тартып, бир нече баскыч менен жүрөт.

23:04 18.12.2023

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы командачысы Валерий Залужный иш бөлмөсүнөн тыңшоочу каражат табылганы тууралуу кабарларга байланыштуу маалымат берди. 18-декабрда "РБК-Украина" басылмасына курган маегинде ал техникалык каражат иш бөлмөсүнөн эмес, бүгүн барып иштегени жаткан башка имараттан табылганын айтты.

"Менин иштеген орундарым бир нече жерде жайгашкан. Ошолордун биринен табылды. Ал жакка көптөн бери бара элек болчумун. Бирок биз текшерип чыккандан кийин тыңшоочу каражат таптык", - деди Залужный.

Башкы командачы бул окуяны согуштун контекстинде кароо зарыл экенин белгилеп, тыңшоого аракет кылгандар ким экени тууралуу версиясы жоктугун, баары тергөөнүн жыйынтыгында белгилүү болорун айтты жана тыңшагычты Башкы штарбын кызматкерлери койбогонун кошумчалады.

Атайын каражаттардын бир нечеси табылганын Башкы штаб дүйшөмбүдө кабарлаган.

Өлкөнүн Коопсуздук кызматы Залужныйдын иш бөлмөсүнөн табылган техникалык каражат өчүк турганын, кылмыш иши козголгонун билдирди.

Украинанын жана Батыштын жалпыга маалымдоо каражаттары соңку кезде Залужный менен президент Владимир Зеленскийдин мамилесинде карама-каршылык пайда болгонун жазып жатышат.

Залужный The Economist журналына маек куруп, Орусия менен согуш "туюктукка кептелгенин", чабуулдар позициялык согушка айланып, узакка созулуу коркунучу бар экенин айткан. Зеленский кийинчерээк анын сөзүн четке каккан, бирок Associated Press агенттигине курган маегинде курал жетишсиздигинен улам Украина ойлогондой жыйынтыкка жетпей жатканын билдирген. Ошол эле учурда ал Киев ишенимдүү согушуп жатканын, эч убакта багынбастыгын белгилеген.

22:42 18.12.2023
Украина менен Орусия: Дрон чабуулу уланууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:51 0:00

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG