Украинанын Марьинка шаарын орус армиясы толук көзөмөлгө алганы тууралуу маалыматты Киев четке какты.
Дүйшөмбү күнү Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу президент Владимир Путинге Украинанын Донецк облусундагы Марьинка шаары толук басып алынганын билдирген жана орус күчтөрү илгерилөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонун айткан.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Александр Штупун Шойгунун сөздөрү чындыкка дал келбей турганын белгиледи. Ал шаарда салгылашуу уланып жатканын, украин аскерлери админстративдик аймактардан чегинбей турганын кошумчалады.
Би-Би-Си кабарлагандай, Марьинка орус аскерлеринин көзөмөлүнө өткөнү тууралуу маалымат ырасталса, анда Орусия андан ары Новомихайловка аймагындагы украин армиясынын турумдарына сокку урушу мүмкүн. Орусиялык күчтөр андан ары Угледар багытында чабуулга өтөт.
Согуш маалында таратылган маалыматтарды ыкчам бышыктоо мүмкүн эмес.
Марьинка Донецкинин түштүк-батыш тарабында. Орусия Украинага бастырып киргенге чейин бул шаарда 9 миңден көбүрөөк адам жашаган. 2022-жылдын мартынан бери Марьинканын тегерегинде айыгышкан салгылашуулар уланууда. Калаа дээрлик толук талкаланган.
25-декабрда украиндер алгачкы жолу Рождествону майрадап жатканда аскерлер иран өндүрүшүнөн чыккан ондогон «Шахид» дрондорун жана орустардын эки истребителин атып түшүргөнүн билдирди.
Жекшембиде Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн командири Николай Олещук Телеграм каналына Су-34 үлгүсүндөгү бомбалоочу истребитель Мариупол багытында атып түшүрүлгөнүн жазды. Ошол эле күнү украин аскерлери Кара деңизде Су-30 истребителин атып түшүргөнү маалым болду.
22-декабрда орустардын үч Су-34 истребители Днепр дарыясынын сол жээгинде Херсон облусунда жок кылынган.
Орусия Донецк облусунда аскерлери алдыга жылып, тынч заманда 19 миң киши жашаган Марьинка шаарын “ээлегенин” билдирди. Азыр шаар толук талкаланып, ээн калган.
Британ чалгын кызматы орус күчтөрү Марьинканы ээлеп алуу үчүн Кураховону көздөй жылып баратканын билдирди.
Киев мамлекеттик чыгымдарды жабуу үчүн Дүйнөлүк банктан 1.34 миллион доллар кошумча колдоо алганы да белгилүү болду. Финансы министрлигинин маалыматында бул акча “Украинанын коопсуздук жана коргонуу тармагы менен байланышпаган мамлекеттик бюджетинин чыгымдарын жабууга, пенсияга жана Чукул кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине төлөнөрү” айтылат.
Украинанын православ чиркөөсү быйыл Рождествону 25-декабрда христиан дүйнөсүнүн басымдуу бөлүгү менен бирге белгилөөнү чечкен. Буга чейин украиндер бул майрамды Юлиан календарына ылайык 7-январда майрамдачу.
25-декабрда Украинанын православ чиркөөсүнүн митрополити Епифаний Киевдеги Ыйык Михаил соборунда атайын жөрөлгө өткөрүп, украиндерге "жаңы жылда бакубат жашоо жана жеңишке жетүүнү" тиледи.
Америкалык Согушту изилдөө институту (ISW) Украина 2023-жылдын соңуна чейин F-16 кыргын салуучу учагын алышы мүмкүн деген божомолун айтты.
Нидерланддын премьер-министри Марк Рютте Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон сүйлөшүүсүндө F-16 кыргын салуучу учагынан 18 даана бере турганын билдирди.