Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:01
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл

Согушта өлгөн 282 миңдей орусиялыктын аты-жөнү аныкталды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




14:58 28.12.2023

АКШ Украинага 250 млн долларлык жардам бөлдү

АКШ Украинага 250 миллион долларлык аскердик жардам бөлүп берди. Бул Киевге америкалык Коргоо министрлигинин 54-жардам пакети.

  • Кошумча каруу-жарактар;
  • Stinger зениттик ракеталары;
  • Абадан коргонуу системасы;
  • HIMARS үчүн кошумча жабдыктар;
  • 155 мм жана 105 мм калибрдеги артиллериялык снаряддар;
  • Танкка каршы Javelin жана AT-4;
  • Ок атуучу курал үчүн 15 миллиондон ашуун патрон.
14:40 28.12.2023

Соңку бир сутка ичинде орус күчтөрү Херсон жана Херсон облусуна бир нече ирет авиабомбалар менен сокку урду.

Бул тууралуу 28-декабрда украин армиясынын маалымат кызматынын өкүлү Наталья Гуменюк билдирди.

Херсон облустун аскердик администрациясынын өкүлү Александр Толоконников кошумчалагандай, түнкү аткылоодон бир кишинин өмүрү кыйылды.

Украин Куралдуу күчтөрү маалымдагандай, бейшембиге караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын башка аймактарына “Шахед” жанкечти дрондору менен чабуул койду.

Билдирүүгө караганда сегиз дрон Краснодар аймагынан учурулган. Алардын жетөө Днепропетровск, Кировоград жана Запорожье облустарында абадан атып түшүрүлгөнү маалым болду.

Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги аннексияланган Крымдын аймагында украиндердин эки учкучсуз аппараты атып түшүрүлгөнүн билдирди. 28-декабрга караган түнү оккупацияланган Крымдын аймагында жардыруулар болгонун бир катар Телеграм-каналдар жазышты.

"Крымский ветер" күбөлөргө таянып, Севастополдо беш кубаттуу жардыруу болгонун жазды. Ал эми Astra Телеграм-каналы Крым көпүрөсү жабылганын кабарлады.

Орусиянын бийлиги бул тууралуу расмий комментарий бере элек. Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

15:57 27.12.2023

27-декабрга караган түнү орусиялык аскерлер Украинанын аймагына учкучсуз 46 учак менен чабуул жасаганын, алардын 32си атып түшүрүлгөнүн өлкөнүн Куралдуу күчтөрү маалымдады.

Украинанын түштүк аймактары Shahed-131/136 учактарынын чабуулуна кабылды. Одесса облусунда 12, Николаевде үч, Винницада эки жанкечти дронду атып түшүрүшкөнү кабарланды.

Атып түшүрүүгө үлгүрбөй калышкан дрондордун көбүнүн чабуулу согуш жүрүп жаткан аймакка жакын Херсон облусуна туура келгени, соода борбору жана көп кабаттуу үйлөр жабыркаганы белгилүү болду.

26-декабрда Херсон шаарынын вокзалы аткыланып, полициянын бир кызматкери каза болгон. Эвакуациялык поездди күтүп турган 140 жай тургунду Николаевге чейин автобус менен, андан ары Киевге поезд менен жеткиришкен.

15:53 27.12.2023

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный бүгүн 26-декабрда согуш башталгандан берки алгачкы пресс-конференциясын берип, фронттогу кырдаал жана башка бир катар маселелер боюнча суроолорго жооп берди. Донецк облусунун соңку күндөрү айыгышкан кармаш жүргөн Марьинка шаары тууралуу айтып жатып ал Орусиянын аталган калаа толугу менен орус тарапка өткөнү жөнүндөгү билдирүүлөрүн четке какты.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG