Зеленский орусиялык сокку тууралуу: "Террористтерге жооп беребиз"
Украинанын президенти Владимир Зеленский украина шаарларына орусиялык күчтөрдүн сокку урушу боюнча пикирин билдирди.
"Төрөт үйү, окуу жайлар, соода борбору, көп кабаттуу жана жеке үйлөр... Киев, Львов, Одесса, Днепр, Харьков, Запорожье жана башка шаарлар. Бүгүн Орусия бардыгына "Кинжал", С-300, канаттуу ракеталар, БПЛА менен сокку урду. Учактары Х-101/Х-505 бомбаларын таштады. 110 ракета кое берилип, көбү атып түшүрүлдү. Тилекке каршы, аткылоодон өлгөндөр жана жарадар болгондор бар. Биз алардын жакындарына көңүл айтабыз. Биз террорчуларга сөзсүз жооп кайтарабыз, өлкөбүздө коопсуздукту сактоо үчүн күрөшөбүз", - деди Зеленский.
Орусиялык күчтөрдүн аба соккусунан Киевде эки адам каза болуп, 17 киши жарадар болду. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик кабарлады.
Днепрде төрт киши каза тапты.
Орусиялык армия 29-декабрда Украинага канаттуу ракета жана учкучсуз учактар менен чабуул койду. Бул тууралуу Украинанын Аскер-аба күчтөрү билдирди.
Харьков С-300 жана Х-22 ракеталары менен аткыланды. Шаар мэри Игорь Тереховдун билдиришинче, түндө жана эртең менен кеминде 12 жолу кол салуу катталган. Харьков облустук администрациясынын башчысы Олег Синегубов шаарда ок атуудан адам өлгөнүн кабарлады. Сегиз адам жараат алып, бир эркек киши каза тапкан. Электр жана транспорттун иши үзгүлтүккө учурады.
Киевде жети киши жабыркап, ооруканага жеткирилди. Шаар мэри Виталий Кличконун айтымында, шаардагы "Лукьяновская" метросунун станциясы жабыркаган. Бул багыттагы поезддер убактылуу токтойт.
Конотоп шаары эртең менен аткылоого кабылып, үч адам жабыркаганын Сумы облусунун аскердик администрациясы билдирди. Көп кабаттуу үйгө жана автомобилдерди техникалык жактан тейлеген станцияга зыян келтирилип, өрт чыкты. Бийликтер ракета менен сокку урулганын билдирди.
Львовго 10 дрон чабуул койгонун калаа башчысы Андрей Садовый билдирди. Анын айтымында, "критикалык инфраструктура объектисинде" өрт чыкты. Львов облустук аскердик администрациясынын башчысы Максим Козицкий Хоткевич көчөсүндөгү үйгө ракета тийип, үч адам жабыркап, бирөө каза болгонун билдирди.
Одессада дрондун сыныктары көп кабаттуу имаратка түшүп, өрт чыккан. Облустук администрация башчысы Олег Кипер жабыр тарткандар тууралуу маалымат азырынча жок экенин билдирди.
29-декабрдын таңында Украинанын бардык аймагында аба коркунучу жарыяланды. Запорожье жана Днепр аймагында жарылуулар катталды.
Днепрде соода борбору күйүп кеткенин "Суспильне" кабарлады. Жарадар болгондор жана каза тапкандар бар. Курмандыктардын так саны белгисиз.
Украинанын монитордук каналы Полтава облусундагы Миргород, Кропивницкий, Кривой Рог жана Киев облусундагы жарылуулар, ракета чабуулу тууралуу кабарлады.
Орусиянын Иркутск облусундагы Тулун шаарынын 55 жаштагы тургуну Павел Шувалов 2021-жылы оор кылмышы үчүн 24 жылга кесилген. Ал Украинадагы согушта өлгөнүн "Лента.ру" күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып, билдирди.
Басылмада жазылгандай, "тулун маньягы" атка конгон адам быйыл май айында Луганск облусунда согуш талаасында өлгөн. Анын сөөгү ошол жерде кала бергенин чогуу согушкандар айтып берген.