Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден АКШнын чек арасындагы абалды, Украинага каржылык жардамды талкуулоо үчүн 17-январда Конгресстин Өкүлдөр палатасынын спикери, республикачы Майк Жонсон менен, Сенат жана Өкүлдөр палатасынын башка да лидерлери менен жолугушуу өткөрдү.
Байдендин администрациясы буга чейин Конгресске Украинага быйыл 60 миллиард доллардан ашуун жардам бөлүү тууралуу сунушун киргизген. Көпчүлүгүн республикачылар түзгөн Өкүлдөр палатасы президенттин бул сунушун карай элек. Республикачылар Украинаны каржылоону АКШ менен Мексиканын чек арасындагы коопсуздукту бекемдөө менен чогуу кароону талап кылып жатышат. Алар сунуштаган катаал чараларга көпчүлүк демократтар каршы болууда.
Ак үйдүн маалыматына караганда, жолугушууда Байден Украинага «Орусиянын ырайымсыз кол салуусунан коргонуу үчүн абадан коргонуу системаларын жана артиллериялык курал-жарак берүүнүн маанилүүлүгүн» белгиледи. Эгер андай жардам көрсөтүлбөсө, АКШнын өзүнүн улуттук коопсуздугуна шек келиши ыктымалдыгын, НАТОго жана “бүткүл эркин дүйнөгө” коркунуч жараларын белгилеген Байден чек арадагы коопсуздук маселесин да чечиш керектигин, Сенатта республикачылар менен демократтар бул боюнча бир пикирге келүүгө жакындап калганын айтты.
Өкүлдөр палатасынын спикери Жонсон жолугушуудан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Мексика менен чек арадагы кырдаалды дагы эле башкы артыкчылык деп эсептей турганын, Конгресстеги республикачылар Украинага жардам зарылдыгын түшүнүп турушканын, бирок “чек арадагы кво макамы жол берилгис көрүнүш” экенин белгиледи. Биринчи кезекте мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу үчүн чек арада көзөмөлдү күчөтүү зарылчылыгы тууралуу сөз болууда. Айрым республикачылар чек арадагы дубалды каржылоо жана депортацияны күчөтүү керектигин белгилеп жатышат.
АКШ Конгрессинде быйылкы жылдын федералдык бюджети макулдашуудан өткөнү 7-январда белгилүү болгон.
Ак үйдүн сайтына жарыяланган билдирүүдө маалымдалгандай, быйылкы жылдын бюджети 1,6 триллион доллар болот жана бул “АКШны шатдаундан сактап калууга, улуттук артыкчылыктарды коргоого жакындатат”.
АКШда каржылык жыл октябрь айынан тартып башталат. 2023-жылдын ноябрында федералдык өкмөттүн ишин убактылуу каржылоо мыйзамы кабыл алынган.
Конгресс бул маселе 19-январга жана 2-февралга чейин чечилиши керек деген чек койгон.
Украинанын Аскердик аба күчтөрү Орусиянын эки учагын жок кылганын 15-январда өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн командачысы Валерий Залужный билдирди. Анын айтымында, алыстан аныктоочу радиолокациялык А-50 учагы жана Ил-22 абадан башкаруучу пункту жок кылынды.
Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары кечээтен бери жазып жатышкан, бүгүн Украина расмий тастыктаган бул маалымат боюнча Орусия азырынча комментарий бере элек.
«Куралдуу күчтөргө Азов аймагында эң мыкты пландалган жана ишке ашырылган операциясы үчүн ыраазычылык билдирем!» — деди Залужный Telegram каналындагы билдирүүсүндө.
Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков жок кылынганы айтылып жаткан учактар тууралуу кабары жок экенин, Коргоо министрлигине кайрылуу керектигин айтты.
Согуш талаасында соңку суткада 94 жолу кагылышуу болгонун 15-январда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди.
Жалпысынан Украинанын аймагына аскерлер жайгашкан позицияларга жана калктуу пункттарга жети ракеталык, 60 авиациялык сокку урулганы, жапырт аткылоочу реактивдүү системалардан 64 жолу аткылоо болгону, жай тургундар арасында каза болгондор бар экени, үйлөр жана башка жарандык инфраструктура талкаланганы кабарланды.
Чабуулдар Купянск, Лиман, Бахмут, Авдеевка, Марьинка, Запорожье жана Херсон багыттарына жасалды.
Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салган. Москва коңшу өлкөгө басып киргенин "атайын аскердик операция" деп атап келет.
13-январга караган түнү орус аскерлери өлкөгө 40 ракета жана дрон менен кол салып, сегиз ракета атып түшүрүлдү, 20дан ашык ракета жана дрон "өз максатына жеткен жок" деп билдирди Украинанын Коргоо министрлиги.
Маалыматка караганда, Орусия "Шахед" үлгүсүндөгү үч дронду, С-300/С-400 жети зениттик ракетаны, 12ге чейин х-101/Х-555/Х-55 канаттуу ракетасын, төрт башкарылуучу х-59 авиациялык ракетасын колдонгон.
Украинанын абадан коргоо күчтөрү жети х-101/х-555/Х-55 канаттуу ракетасын жана бир башкарылуучу х-59 авиациялык ракетасын атып түшүргөнүн ырастоодо.
Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу кабарланган жок.
Ишемби күнү атышуулар тууралуу Днепропетровск облустук администрациясынын башчысы Сергей Лысак билдирди. "Днепрге чабуул жасалды. Азыр соккулар кандай зыян келтиргенин тактап жатабыз", - деп жазды ал Телеграм-каналына. Жабыркагандар жок экени кошумчаланды.
Харьков облусунда Волчанск жана Золочев аткылоого кабылган. Облустук администрациянын башчысы Олег Синегубов билдиргендей, эки турак үй жабыркаган.
Жума күнү кечинде Херсон облусунун башчысы Александр Прокудиндин маалыматында, Берислав калктуу пункту чабуулга кабылып, андан 71 жаштагы аял уранды астында калган.
Чернигов облусуна да эртең менен чабуул жасалып, андан кыйроолор болгону менен жабыркагандар жок экенин облус жетекчиси Вячеслав Чаус билдирди.