Бутада калган Авдеевка
Украинанын Авдеевка шаары соңку апталарда Орусиянын чабуулдарынын негизги бутасына айланды.
Орус армиясы шаарга кошумча күчтөрүн киргизип, украин аскерлерин кысымга ала баштаганы айтылууда. Жергиликтүү бийлик шаар тургундарын тез арада коопсуз жайга чыгып кетүүгө чакырып жатат.
Донецк облусунун Авдеевка шаарында 5-февралда элди эвакуация кылып жаткан ыктыярчылардын бири чөнтөк телефонуна тартып алган видеодо ал:
«Авдеевка. Эски шаар. Каштанов көчөсү… Эвакуацияга келдик. Бүгүн түнү аткылашты. Бул апаны алып кеткени келдик. Суранам, тезирээк болуңуз. Шашылыңыз…» - деп жертөлөдө баш калкалап отурган улгайган аялды шаштырып жатканын көрүүгө болот.
Баштыктарын чогултуп, ыктыярчынын катуу ылдамдыкта айдаган машинасы менен шаардан чыгып бараткан аял:
«Кудай ай! Менин шаарым! Ушул жерде төрөлүп өстүм эле го…» - деп ыйлайт.
Бүгүнкү күнгө карата орус аскерлери шаар аймагынын 18 пайызын ээлеп алганын кабарчылар жазып жатат.
«Авдеевканын орус авиабомбалары талкалаган кезектеги кварталы… Мунун баары соңку эки аптада эле болуп кетти. Авдеевка таптакыр таанылгыс эми. Баарын бомба менен тыптыйпыл кылууда. Жертөлөдө жашынып отурган адамдар менен кошо…» - дейт шаардын көчөлөрүн кыдырып тарткан видеосунда украиналык аскердик журналист Юрий Бутусов.
Анын айтымында, соңку бир айда шаарга алты жүздөн ашуун бомба түштү, айыгышкан салгылаш жүрүп жатат:
«Авдеевкада айыгышкан кармаш жүрүүдө. Биздин аскерлер тактикалык жактан алып караганда ыңгайлуураак абалда. Алар коргонууда. Улам жардам келип жатат. Бирок курал-жарак жагынан орус аскерлеринде артыкчылык бар. Орусия күн сайын бомбалап жатат».
Жергиликтүү бийлик элди шаардан чыгып кетүүгө чакырууда.
Согушка чейин 35 миң калкы бар Авдеевкада азыр миңге жетпеген киши калды.
Орусия бул шаар үчүн кармашты Украинага кол салган алгачкы күндөрү баштап, былтыр күзүндө чабуулун күчөткөн. Эки күн мурда Орусиянын мамлекеттик телеканалдары Авдеевка алардын карамагына өткөнүн маалымдады.
Украина Орусиянын бул билдирүүсүнө расмий комментарий бере элек, фронттогу абал тууралуу күнүмдүк маалыматында Авдеевка тарапта айыгышкан салгылаш уланып жатканын гана айтып келет.
Орусиялык талдоочулардын белгилешинче, Авдеевка орус армиясы үчүн тактикалык жана логистикалык мааниге ээ. Ал аркылуу Донецк жана Луганск аймактарын толук көзөмөлдөөгө шарт түзүлөт.
Айрым көз карандысыз байкоочулар Украина Авдеевканы алдыра турган болсо, бул Москва үчүн анча чоң деле утуш болбостугун, анткени ал Кремлдин саясий каалоосу гана экенин айтып жатышат.
8-февралда Донецк аймагынын украин күтөрү көзөмөлдөгөн Селидово шаарына ракеталык чабуул жасалып, кеминде бир адамдын өмүрү кыйылганы кабарланды.
Одесса, Винница жана Николаев шаарлары дрон чабуулуна кабылып, ондогон имараттар талкаланды.
Бул арада Украина АКШдан күтүп жаткан 60 миллиард долларлык жардам маселеси чечилбей калганы белгилүү болду. АКШнын Сенатында 7-февралдагы добуш берүүдө мыйзам долбоору тийиштүү добуш ала алган жок.
АКШ президенти Жо Байден Конгрессти Украина үчүн 60 миллиард долларлык суммага жардам каралган мыйзам долбоорун колдоого чакырды. 6-февралдагы кайрылуусунда ал мыйзам долбооруна Кошмо Штаттардын чек арасындагы миграциялык көзөмөлдү күчөтүү тууралуу жоболор киргенин айтты жана мындай реформа “эң чынчыл жана гумандуу” экенин белгилеп, ал өлкөнүн чек арасын бекемдей турганын белгиледи.
Украинанын бир катар аймактары 7-февралга караган түнү жана эртең менен Орусиянын жапырт ракеталык чабуулуна кабылды. Борбор калаа Киевде 20 ракетаны атып түшүрүшкөнүн, эртең мененки саат 9га карата урандылар астынан 11 кишини алып чыгышканын, талкаланган имараттарда каза болгондор болушу ыктымал экенин шаар башкармалыгы жана өлкөнүн ички иштер министри Игорь Клименко билдиришти.
«Бомбалоочу учактар биз жакка учурулганы тууралуу Telegram аркылуу эскертүү келгенде түнүбүз тынч болбой турганын түшүндүм. Саат түнкү 4:30да буюмдарыбызды чогултуп, бул жерге, метрого келдик. Биринчи жолу болуп жаткан жок, баарын билип деле калдык. Эки жылдан бери ушундай», - деди Киевдин тургуну, 59 жаштагы Виктория Щибачева.
Өзгөчө кырдаалдар мекемеси Киевге, Харьковго, Николаевге жана башка шаарларга урулган соккулардын кесепети тартылган сүрөттөрдү жарыялап жатышат.
Соңку маалымат боюнча, Киевде эки, Николаевде бир адамдын өмүрү кыйылды.
Бул күндөрү Киевде иш сапарда жүргөн Европа Биримдигинин башкы дипломаты Жозеп Боррел таңды бомбадан баш калкалоочу жайда тосконун айтып, Х социалдык түйүнүнө сүрөтүн жарыялады.
«Орусия өзүнүн мыйзамсыз агрессиясын баштагандан бери кайраттуу украин элинин күнүмдүк реалдуулугу мына ушундай», — деп жазды Боррел.
Бүгүнкү жапырт чабуулга Львов облусу да кабылды. Облустук администрация башчысы Максим Козицкий аймактагы өнөр жай объектиси талкаланганын билдирди.
Кошуна өлкө Польшанын Аскердик-аба күчтөрү Орусиянын бүгүнкү ракеталык чабуулуна байланыштуу чек арасындагы коопсуздук чараларын күчөткөнүн маалымдады.
Акыркы жолу Орусия Украинанын аймагына ракеталык жапырт чабуулдарын 23-январда жүргүзгөн. Ондогон адам жараат алган, айрымдары каза болгон.
Орусия украин тараптын чабуулдар тууралуу айыптоолоруна комментарий бере элек.
Украинада 6-февралга караган түнү Орусиянын чабуулунан Харьков облусунда эки айлык ымыркайдын өмүрү кыйылганын жергиликтүү аскердик администрациянын башчысы Олег Синегубов билдирди. Сокку С-300 ракетасы менен урулганы, Золочев кыштагында үч кабаттуу мейманкана талкаланганы, урандылар астынан ымыркайдын сөөгү табылганы, түрдүү жараат алган үч аял ооруканага жаткырылганы, алардын бири баланын 21 жаштагы апасы экени, анын абалы орточо оор деп бааланып жатканы маалымдалды.
Ошол эле айылда жеке үйлөр, жарандык инфраструктуранын 19 объектиси, административдик имараттар, машиналар талкаланганы кабарланды.
Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн маалыматына караганда, соңку суткада фронтто 126 жерде кагылышуу болду, алардын эң көбү Авдеевка жана Марьинка багыттарында катталды, ал жакта 71 соккунун мизи кайтарылды.
Мекеме билдиргендей, бир күндө Орусия 1020 аскеринен айрылды, жалпысынан бул өлкөнүн Украинанын аймагында согуш баштагандан бери каза тапкан аскерлеринин саны 390 миңден ашканы маалымдалды.
Орусия да, Украина да согуштагы өзүлөрүнүн жоготуулары тууралуу маалымат беришпейт. Москва акыркы жолу бир жыл мурда билдирүү жарыялаган, Киев согуш аяктагандан кийин гана жарыялай турганын билдирген.