Кара деңизде Орусиянын "Цезарь Куников" десанттык кемеси талкаланды
Украинанын Башкы чалгын кызматы орусиялык кемеге Magura V дрондору чабуул койгонун билдирди. Украинанын куралдуу күчтөрүнүн билдиришинче кеме чөгүп кетти.
"Крымский ветер" Телеграм-каналы Алупка жана Ялтада түндө жарылуунун үнү угулганын жергиликтүү жашоочуларга таянып билдирди. Канал жарыялаган видеодон орусиялык кемеде жарылуу болгонун көрүүгө болот.
"Цезарь Куников" — орусиялык ири десанттык кемелердин бири. 1986-жылы Гданьск шаарында 775 долбоорунун негизинде курулган. Ал ондогон техниканы жана 300 адамды алып жүрүүгө ылыйыкташкан. Экипажы 87 кишиден турат.
Кеме Орусия менен Грузиянын 2008-жылдагы чырында колдонулган. Сириядагы орусиялык топту камсыздап, Украинага кол салууга катышкан. 2022-жылы Украинанын Бердянск портунда турганда украин куралдуу күчтөрүнүн ракетасы тийип талкаланган.
Орусия Украинага каршы согушка Непалдын 15 миңдей жаранын жалдаган болушу мүмкүн. Бул тууралуу CNN телеканалы непалдык депутат, мурдагы тышкы иштер министри Бимала Рай Паудялга шилтеме берип жазды.
АКШ президенти Жо Байден Конгресстин Өкүлдөр палатасын Украинага каржылык жардам камтылган мыйзам долбоорун тезирээк кабыл алууга чакырды.
13-февралдагы чукул кайрылуусунда Байден Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсонду аталган мыйзам долбоорун тез арада добушка коюуга үндөдү.
Республикачы Жонсон шейшембиде Сенат кабыл алган долбоордун келечегинен күмөн санап, анда АКШнын чек ара коопсуздугу боюнча жоболор камтылбаганын сындаган.
АКШ Конгрессинин демократтар үстөмдүк кылган жогорку палатасы – Сенат 13-февралда Украинага, Израилге жана Тайванга жалпысынан 95 миллиард долларлык каржылык жардам камтылган мыйзам долбоорун кабыл алган.
Эми документ Конгресстин республикачылар көпчүлүктү түзгөн Өкүлдөр палатасынын кароосуна жөнөтүлөт. Ал жакта бул мыйзам долбоору колдоо табарына шарт кыйла азыраак экени айтылып келет.
13-февралда Орусиянын ракеталык аткылоосунан жана учкучсуз учактардын чабуулунан Украинанын бир нече аймагында кеминде үч кишинин өмүрү кыйылганын, энергетика тармагына залака тийгенин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана аскер кызматкерлери кабарлашты.
Никопол шаарында 64 жаштагы жергиликтүү тургун набыт кеткенин, үйлөр талкаланганын Днепропетровск облусунун губернатору Сергей Лысак билдирди.
Түштүктөгү Херсон аймагында 83 жаштагы кишинин өмүрү кыйылганы, эки киши жараат алганы, Харьков облусунда 55 жаштагы фермер көз жумганы, бир нече киши жарадар болгону, Запорожье жана Донецк облустары да жабыркаганы кабарланды.
Днепр шаарынын мэри Борис Филатов чабуул жарандык инфраструктурага багытталганын Фейсбукка жазды.
"Днепр Инфо" телеграм-каналынын маалыматына караганда, соккунун кесепетинен ДТЕК Енерго компаниясынын электр станциясынын жабдыгы катуу талкаланды. Компаниянын иши токтоду. Баштапкы маалыматка караганда, адамдар арасында жабыркагандар катталган жок.
Электр станциясынын иши үзгүлтүккө учурагандыктан шаардын бир бөлүгү жарыксыз калды. "Днепроводоканал" коммуналдык ишканасы ондогон үйдө таза суу менен камсыздоо токтогонун билдирди.