Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:58
Краматорск, Украина. 19-май, 2026-жыл
Краматорск, Украина. 19-май, 2026-жыл

Орусиянын Украинага соккусу: Каза тапкандар, жараат алгандар бар

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




19:09 15.2.2024

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын азыркы мамлекет башчысы Жо Байдендин эмне кыларын экс-президент Дональд Трампка караганда "алдын ала баамдап турса болорун" билдирди. 14-февралда «Россия 1» телеканалына курган маегинде 2024-жылкы АКШдагы шайлоодо кимиси утса, Кремль ошол жетекчи менен иштөөгө даяр экенин айтты.

Орусия АКШнын президенти катары 81 жаштагы демократ Байдендиби же 77 жаштагы республикачы Трампты көргүсү келеби деген суроого жооп берип жатып Путин азыркы президентти "тажрыйбалуу", "кандай саясат жүргүзөрү алдын ала белгилүү" жана «эски мектептен чыккан» саясатчы деп сыпаттады.

Байдендин жаш курагына жана саламаттыгына байланыштуу ар кандай божомол айтылып жатканы боюнча суроого эки лидер үч жыл мурда жолукканда «андай эч нерсесин байкабаганын» айтып жооп берди.

Путин менен Байдендин соңку жолугушуусу 2021-жылы июнда Женевада өткөн. Анда алар төрт саат сүйлөшкөн. АКШда кезектеги президенттик шайлоо быйыл күзүндө өтөт.

19:08 15.2.2024

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде НАТОнун башкы кеңсесинде бүгүн 15-февралда бул уюмга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жыйыны өтүүдө. Талкууланып жаткан негизги маселе – Орусиянын агрессиясына каршы күрөшүп жаткан Украинага аскердик жардамды улантуу жана НАТОнун курамындагы 31 мүчө өлкөнүн аскердик чыгымдарынын көлөмүн көбөйтүү.

Бүгүнкү саммитти утурлай журналисттерге курган маегинде НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг АКШнын Украинага жардамы уланарына, 61 миллиард долларлык колдоо тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынарына үмүттөнөрүн айтты:

"Эгер президент Путин Украинада ута турган болсо, бул анын өзүнө гана эмес, башка авторитардык лидерлерге да каалаганын күч колдонуп тартып алса боло берет турбайбы деген белги болот. Дүйнөнү бул ого бетер коркунучка кептейт".

АКШ Конгрессинин демократтар үстөмдүк кылган жогорку палатасы – Сенат 13-февралда Украинага, Израилге жана Тайванга жалпысынан 95 миллиард долларлык каржылык жардам камтылган мыйзам долбоорун кабыл алган.

Эми документ Конгресстин республикачылар көпчүлүктү түзгөн Өкүлдөр палатасынын кароосуна жөнөтүлөт. Ал жакта бул мыйзам долбоору колдоо табарына шарт кыйла азыраак экени айтылып жатат.

Бул мыйзам кабыл алынса, АКШнын Украинага эки ай мурда токтогон аскердик жардамы кайра улана баштайт.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн жаңы башкы командачысы Александр Сырский фронттун орус аскерлери чабуулдарын күчөткөн Авдеевка жана Купянск багыттарын барып көрүп келгенин 14-февралда билдирип, "Абал өтө оор жана чыңалган. Орусиялык оккупанттар күчтөнүүсүн улантып жатышат, алар саны жагынан да көбүрөөк болууда", — деп айтты.

15:14 14.2.2024

Кара деңизде Орусиянын "Цезарь Куников" десанттык кемеси талкаланды

Украинанын Башкы чалгын кызматы орусиялык кемеге Magura V дрондору чабуул койгонун билдирди. Украинанын куралдуу күчтөрүнүн билдиришинче кеме чөгүп кетти.

"Крымский ветер" Телеграм-каналы Алупка жана Ялтада түндө жарылуунун үнү угулганын жергиликтүү жашоочуларга таянып билдирди. Канал жарыялаган видеодон орусиялык кемеде жарылуу болгонун көрүүгө болот.

"Цезарь Куников" — орусиялык ири десанттык кемелердин бири. 1986-жылы Гданьск шаарында 775 долбоорунун негизинде курулган. Ал ондогон техниканы жана 300 адамды алып жүрүүгө ылыйыкташкан. Экипажы 87 кишиден турат.

Кеме Орусия менен Грузиянын 2008-жылдагы чырында колдонулган. Сириядагы орусиялык топту камсыздап, Украинага кол салууга катышкан. 2022-жылы Украинанын Бердянск портунда турганда украин куралдуу күчтөрүнүн ракетасы тийип талкаланган.

15:10 14.2.2024

Орусия Украинага каршы согушка Непалдын 15 миңдей жаранын жалдаган болушу мүмкүн. Бул тууралуу CNN телеканалы непалдык депутат, мурдагы тышкы иштер министри Бимала Рай Паудялга шилтеме берип жазды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG