Украин армиясы орус аскерлери менен айыгышкан кармаш жүрүп жаткан Авдеевка шаарындагы эң кооптуу позицияларынан чыгып кете башташканы бүгүн 16-февралда белгилүү болду.
«Таврия» ыкчам-стратегиялык аскерлер тобунун командачысы Александр Тарнавский шаарда логистика иштеп жатканын, камоолдо калган украин аскерлери жок экенин, бирок орустар дароо бир нече багыттан чабуул коюп жатышканын, украиндер курал-жарак жана башка тийиштүү каражаттар менен камсыздалганын билдирди.
Украин аскерлери «Авдеевканын түштүк чет жакасынан анча көп эмес жоготуу менен чыгып кетишкенин» айткан командачы зарыл болсо башка тилкелерден да жаңы позицияларга которулуу болорун кошумчалады.
«Саат 13:00гө карата Авдеевкада камоолдо калган украин бөлүктөрү жок. Согуш талаасында коргоно турган жер толук талкаланып, сынган кирпичтен башка эч нерсе калбаган оор шартта биз үчүн аскерлерибиздин өмүрүн сактап калуу артык», – деди бригадалык генерал.
Авдеевка Орусиянын көзөмөлүнө өтүү коркунучу бар экенин, украин аскерлеринде курал-жарак түгөнүп жатканын 15-февралда АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин спикери Жон Кирби билдирген.
Орусиялык маалымат каражаттары жана блогерлер Украина Авдеевкадагы бир нече позициясын тарттырып койгонун, орус аскерлери шаарга кире турган негизги жолду ээлеп алышканын кабарлап жатышат.
DeepState басылмасы Орусия Авдеевканын түндүгүндө жана түштүгүндө алдыга жылганын 15-февралдын кечинде жазган.
Авдеевка Украинанын Орусия колдогон жикчилер 2014-жылдын жазында басып алган Донецк аймагына жакын жайгашкан, калкы 30 миңдей чакан өнөр жай шаары болчу. Ошондон бери шаар Украинанын көзөмөлүндө болуп келди. Ал эки тарап үчүн тең маанилүү саясий жана аскердик мааниге ээ. Орусия Донецкинин ээлеп алган жерлеринде аскерлери Украинанын артиллериялык чабуулдары алдында калбашы үчүн украин топторун шаардан сүрүп чыгарууга аракет кылып келди.
2022-жылы Украинага толук масштабдуу согуш баштаган күндөн тартып орус аскерлери Авдеевканы басып алууга бир нече жолу аракет кылышкан. Бул шаарга соккуларын былтыр күзүндө күчөткөн.
Украинанын президенти Владимир Зеленский бүгүн 16-февралда Германиянын борбору Берлинде канцлер Олаф Шольц менен жолугуп, коопсуздук боюнча кызматташтык жана Украинага узак мөөнөттүү колдоо тууралуу келишимге кол койду.
Зеленскийдин айтымында, бул документте быйыл жыл ичинде Украинага 7 миллиард евродон ашуун каражат бөлүү каралган. Каражат курал-жарак менен камсыздоого жумшалат.
Германия Орусияга каршы санкциялар, эл аралык трибунал ыктымалдыга жана орусиялык активдерди камоо маселеси боюнча өз позициясын тастыктай турганы белгиленди.
2023-жылдын июль айында НАТОнун Вильнюста өткөн саммитинде «Чоң жети» (G7) уюму Украинага коопсуздук боюнча узак мөөнөттүү милдеттенмелерди убада кылган. Алардын арасынан тийиштүү келишимге биринчи болуп өткөн айда Улуу Британия кол койгон.
Эл аралык медиадагы пикирлерге караганда, Киевдин өнөктөш өлкөлөрү менен бул сыяктуу эки тараптуу келишимдерге кол коюусу Украинанын НАТОго мүчө болуу жараянын тездетет.
"Чоң жетиге" Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, Франция, Жапония жана АКШ мүчө.
Орусия 2022-жылы 24-февралда Украинага кол салган. Муну өзү "атайын операция" деп атоодо. Дүйнө коомчулугу Орусияны агрессор катары айыптап чыккан.
Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин айтып келет.
Орусия Украинанын аймагына чабуулдарын бүгүн 16-февралда да улантканын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.
Соңку суткада Херсон облусуна артиллерия, миномет, дрон жана жапырт аткылоочу реактивдүү системалардан сокку урулуп, бир адамдын өмүрү кыйылганын облус жетекчилиги билдирди.
Запорожье облусуна да Орусия болгон куралынан чабуул жасаганы, 17 калктуу пунктка 172 жолу сокку урулганы, алты адам жараат алганы кабарланды.
Полтава облусуна да эки күндөн бери ракеталык чабуул жасалып жатканын, жергиликтүү тургундар арасында жабыркагандар жок экенин облус жетекчилиги маалымдады.
Орусиянын соккусунан Жылуулук электр станцияларынын бири жабыркаганын өлкөнүн Энергетика министрлиги билдирди. Окуя кайсы аймакта болгону так айтылган жок, фронтко жакын тилкеде экени, объект ишин улантып жатканы, адамдар арасында жабыркагандар жок экени маалымалды.
Ал эми фронт тилкесинде соңку суткада 95 жерде кагылышуу болгонун, украин аскерлери Орусиянын жети багытта жасалган чабуулдарынын мизин кайтара алышканын, алардын көбү Авдеевка (33) жана Марьинка (34) аймактарында катталганын Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди.
Орус аскерлери Авдеевканы курчоого алуу аракетин улантып жатышканы, аларга жооп катары сокку урулуп, ошол жактагы бөлүктөрдү пландуу түрдө бекемдөө аракети көрүлгөнү айтылды.
15-февралдын кечинде «Таврия» аскердик бөлүгүнүн башчысы Александр Тарнавский Авдеевкада айыгышкан салгылашуу жүрүп жатканын айткан, абалды «оор, бирок көзөмөл алдында» деп мүнөздөгөн.
16-февралда, «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун украин кызматынын маалыматына караганда, Авдеевкада орус аскерлери брондолгон техника жана жөө аскерлери менен тынымсыз чабуул жасап жатышат, Авдеевкадагы коксохимиялык заводдун аймагына фосфордук снаряддарды ыргытышкандыктан ишкананын ичиндеги мазут салынган цистерналар өрттөнүүдө.
Орусиянын маалымат каражаттары жана кабарчылары Авдеевканын айрым көчөлөрү алардын карам
Бүгүн 16-февралда Германиянын Мүнхен шаарында эл аралык коопсуздук саясаты талкуулана турган жыйын башталууда. 50 чакты өлкөнүн лидерлеринин жана өкүлдөрүнүн быйылкы жолугушуусу Украинанын Орусиядан коргонуу абалы оорлоп, АКШ убадалаган ири каржылык жардам кечеңдеп, Кошмо Штаттардын президенттигине талапкер Дональд Трамптын НАТО боюнча билдирүүлөрү кооптонуп жаткан шартта өтүүдө.
Эл аралык коопсуздук маселесин талкуулаган жыйын жыл сайын уюштурулуп келет. Бүгүнкү иш-чарага Орусиянын жана Ирандын делегациялары чакырылган эмес.
Ачылышында АКШнын вице-президенти Камала Харрис сөз сүйлөйт. Эртең 17-февралда жыйынга Украинанын президенти Владимир Зеленский катышат, былтыр ал онлайн форматта сүйлөгөн.
Кечээ 15-февралда Бельгиянын борбор шаары Брюсселде НАТОнун башкы кеңсесинде бул уюмга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жыйыны өткөн. Анда Украинага аскердик жардамды улантуу жана НАТОнун курамындагы 31 мүчө өлкөнүн аскердик чыгымдарынын көлөмүн көбөйтүү маселеси талкууланган.
АКШ Конгрессинин демократтар үстөмдүк кылган жогорку палатасы – Сенат 13-февралда Украинага, Израилге жана Тайванга жалпысынан 95 миллиард долларлык каржылык жардам камтылган мыйзам долбоорун кабыл алган.
Документ Конгресстин республикачылар көпчүлүктү түзгөн Өкүлдөр палатасынан өтө элек.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн жаңы башкы командачысы Александр Сырский фронттун орус аскерлери чабуулдарын күчөткөн Авдеевка жана Купянск багыттарын барып көрүп келгенин 14-февралда билдирип, "Абал өтө оор жана чыңалган. Орусиялык оккупанттар күчтөнүүсүн улантып жатышат, алар саны жагынан да көбүрөөк болууда", — деп айткан.