17-февралга караган түнү украин армиясы Донецк облусунун Авдеевка шаарынан чыгып кетти. Бул тууралуу украиналык "Таврия" аскерлер тобунун командири Александр Тарнавский билдирди.
"Душман өз жоокерлеринин сөөктөрүн тебелеп, снаряддарды атып, тынымсыз бомбалап жатканда, бул бирден бир туура чечим", - деп жазды Тарнавский Телеграмга.
Анын айтымында, жоокерлер белгиленген чектерде коргонууга өттү.
Буйрукту Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн жаңы башкы командачысы Александр Сырский берип, аскерелерге коргонууга ыңгайлуу линияга өтүүнү тапшырган.
Чечим "курчоодо калбоо жана аскер кызматкерлеринин өмүрүн, ден соолугун сактоо үчүн" кабыл алынганы белгиленет.
Тарнавскийдин айтымында, акыркы бир суткада украиналык жоокерлер орустардын отуздан ашык чабуулунун мизин кайтарды, орусиялык армия абадан жана артиллериядан сокку уруп, калктуу конуштар зыян тартты.
Чегинүү маалында бир нече украин аскерлери туткунга алынганы айтылууда. Орусиянын Коргоо министрлиги маалыматка комментарий берген жок.
Авдеевка Орусиянын көзөмөлүнө өтүү коркунучу бар экенин, украин аскерлеринде курал-жарак түгөнүп жатканын 15-февралда АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин спикери Жон Кирби билдирген.
Украин армиясы орус аскерлери менен айыгышкан кармаш жүрүп жаткан Авдеевка шаарындагы эң кооптуу позицияларынан чыгып кете башташканы бүгүн 16-февралда белгилүү болду.
«Таврия» ыкчам-стратегиялык аскерлер тобунун командачысы Александр Тарнавский шаарда логистика иштеп жатканын, камоолдо калган украин аскерлери жок экенин, бирок орустар дароо бир нече багыттан чабуул коюп жатышканын, украиндер курал-жарак жана башка тийиштүү каражаттар менен камсыздалганын билдирди.
Украин аскерлери «Авдеевканын түштүк чет жакасынан анча көп эмес жоготуу менен чыгып кетишкенин» айткан командачы зарыл болсо башка тилкелерден да жаңы позицияларга которулуу болорун кошумчалады.
«Саат 13:00гө карата Авдеевкада камоолдо калган украин бөлүктөрү жок. Согуш талаасында коргоно турган жер толук талкаланып, сынган кирпичтен башка эч нерсе калбаган оор шартта биз үчүн аскерлерибиздин өмүрүн сактап калуу артык», – деди бригадалык генерал.
Авдеевка Орусиянын көзөмөлүнө өтүү коркунучу бар экенин, украин аскерлеринде курал-жарак түгөнүп жатканын 15-февралда АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин спикери Жон Кирби билдирген.
Орусиялык маалымат каражаттары жана блогерлер Украина Авдеевкадагы бир нече позициясын тарттырып койгонун, орус аскерлери шаарга кире турган негизги жолду ээлеп алышканын кабарлап жатышат.
DeepState басылмасы Орусия Авдеевканын түндүгүндө жана түштүгүндө алдыга жылганын 15-февралдын кечинде жазган.
Авдеевка Украинанын Орусия колдогон жикчилер 2014-жылдын жазында басып алган Донецк аймагына жакын жайгашкан, калкы 30 миңдей чакан өнөр жай шаары болчу. Ошондон бери шаар Украинанын көзөмөлүндө болуп келди. Ал эки тарап үчүн тең маанилүү саясий жана аскердик мааниге ээ. Орусия Донецкинин ээлеп алган жерлеринде аскерлери Украинанын артиллериялык чабуулдары алдында калбашы үчүн украин топторун шаардан сүрүп чыгарууга аракет кылып келди.
2022-жылы Украинага толук масштабдуу согуш баштаган күндөн тартып орус аскерлери Авдеевканы басып алууга бир нече жолу аракет кылышкан. Бул шаарга соккуларын былтыр күзүндө күчөткөн.
Украинанын президенти Владимир Зеленский бүгүн 16-февралда Германиянын борбору Берлинде канцлер Олаф Шольц менен жолугуп, коопсуздук боюнча кызматташтык жана Украинага узак мөөнөттүү колдоо тууралуу келишимге кол койду.
Зеленскийдин айтымында, бул документте быйыл жыл ичинде Украинага 7 миллиард евродон ашуун каражат бөлүү каралган. Каражат курал-жарак менен камсыздоого жумшалат.
Германия Орусияга каршы санкциялар, эл аралык трибунал ыктымалдыга жана орусиялык активдерди камоо маселеси боюнча өз позициясын тастыктай турганы белгиленди.
2023-жылдын июль айында НАТОнун Вильнюста өткөн саммитинде «Чоң жети» (G7) уюму Украинага коопсуздук боюнча узак мөөнөттүү милдеттенмелерди убада кылган. Алардын арасынан тийиштүү келишимге биринчи болуп өткөн айда Улуу Британия кол койгон.
Эл аралык медиадагы пикирлерге караганда, Киевдин өнөктөш өлкөлөрү менен бул сыяктуу эки тараптуу келишимдерге кол коюусу Украинанын НАТОго мүчө болуу жараянын тездетет.
"Чоң жетиге" Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, Франция, Жапония жана АКШ мүчө.
Орусия 2022-жылы 24-февралда Украинага кол салган. Муну өзү "атайын операция" деп атоодо. Дүйнө коомчулугу Орусияны агрессор катары айыптап чыккан.
Кыргызстан Украина-Орусия маселесинде бейтарап экенин айтып келет.
Орусия Украинанын аймагына чабуулдарын бүгүн 16-февралда да улантканын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.
Соңку суткада Херсон облусуна артиллерия, миномет, дрон жана жапырт аткылоочу реактивдүү системалардан сокку урулуп, бир адамдын өмүрү кыйылганын облус жетекчилиги билдирди.
Запорожье облусуна да Орусия болгон куралынан чабуул жасаганы, 17 калктуу пунктка 172 жолу сокку урулганы, алты адам жараат алганы кабарланды.
Полтава облусуна да эки күндөн бери ракеталык чабуул жасалып жатканын, жергиликтүү тургундар арасында жабыркагандар жок экенин облус жетекчилиги маалымдады.
Орусиянын соккусунан Жылуулук электр станцияларынын бири жабыркаганын өлкөнүн Энергетика министрлиги билдирди. Окуя кайсы аймакта болгону так айтылган жок, фронтко жакын тилкеде экени, объект ишин улантып жатканы, адамдар арасында жабыркагандар жок экени маалымалды.
Ал эми фронт тилкесинде соңку суткада 95 жерде кагылышуу болгонун, украин аскерлери Орусиянын жети багытта жасалган чабуулдарынын мизин кайтара алышканын, алардын көбү Авдеевка (33) жана Марьинка (34) аймактарында катталганын Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди.
Орус аскерлери Авдеевканы курчоого алуу аракетин улантып жатышканы, аларга жооп катары сокку урулуп, ошол жактагы бөлүктөрдү пландуу түрдө бекемдөө аракети көрүлгөнү айтылды.
15-февралдын кечинде «Таврия» аскердик бөлүгүнүн башчысы Александр Тарнавский Авдеевкада айыгышкан салгылашуу жүрүп жатканын айткан, абалды «оор, бирок көзөмөл алдында» деп мүнөздөгөн.
16-февралда, «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун украин кызматынын маалыматына караганда, Авдеевкада орус аскерлери брондолгон техника жана жөө аскерлери менен тынымсыз чабуул жасап жатышат, Авдеевкадагы коксохимиялык заводдун аймагына фосфордук снаряддарды ыргытышкандыктан ишкананын ичиндеги мазут салынган цистерналар өрттөнүүдө.
Орусиянын маалымат каражаттары жана кабарчылары Авдеевканын айрым көчөлөрү алардын карам