Шаршембиге караган түнү Орусиянын аткылоосунан Украинанын аймагында үч адам каза болду. Запорожье облустук аскер башкармалыгы Пологовский районунун оккупацияланган Новое айылында 76 жаштагы аял каза таап, 53 жаштагы киши жарадар болгонун билдирди. 24 сааттын ичинде 11 калктуу конушка 234 чабуул жасалганын билдирди.
27-февралда Украин армиясы жоокерлер Авдеевкага жакын жайгашкан Северное жана Степное айылдарынан чыгарылып кеткенин билдирди. Бул эки айылда согушка чейин 100дөй тургун жашаган. Ошол эле учурда “Тоненкое, Орловка жана Бердичи аймактарында коргонуу линиясы турукташканы” белгиленди.
Шейшембиде Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Москва Авдеевканын жанындагы Северное конушу орус армиясынын карамагына өткөнүн жарыялады:
"Соңку жумада Украинанын куралдуу күчтөрү Донецк Элдик Республикасынын Победа, Ласточкино жана Северное конуштарынан сүрүлүп чыгарылды. Башка багыттар боюнча орус аскерлери украин жоокерлеринин объектилерине ургаалдуу чабуул жасап, алардын шайын оодарууда".
Шаршембиде Украин президенти Владимир Зеленский Албаниянын борбору Тиранага барды. Ал албан премьер-министри Эди Рама менен жолугушуп, «Украина — Түштүк-Чыгыш Европа» саммитине катышат.
"Экинчи жолу чогулуп жаткан саммитте евроатлантикалык максатка биргелешип жетишүү тууралуу сүйлөшөбүз. Украинанын калыс жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу аракетине колдоо көрсөтүүнү сунуш кылам», - деп жазды Зеленский социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына.
Тиранада Зеленский Сербиянын, Түндүк Македониянын, Косовонун, Босния жана Герцеговинанын жана Черногориянын лидерлери менен жолугушат.
НАТОнун мүчөлөрү: Албания, Түндүк Македония жана Черногория Орусияга каршы киргизилген санкцияларга кошулган. Алар Украинага курал-жарак жана ок-дары жагынан жардам берип келет.
Шейшембиде АКШ президенти Жо Байден Конгресстеги демократтардын жана республикачылардын өкүлдөрү менен жолукту. Республикачылар басымдуулук кылган Өкүлдар палатасы Киевге берилчү 60 млрд доллар жардамды колдойбу же жокпу белгисиз. Ушул тапта украин армиясында курал-жарак тартыш болуп, Батыштагы өнөктөштөрүнөн жардам күтүп жаткан кези.
Европа Биримдиги Орусия Украинага кол салгандан тартып пайда болгон коркунучтарга тийиштүү деңгээлде туруштук бере алыш үчүн коргоо өнөр жайынын жаңы стратегиясын иштеп чыгышы керек. Бул тууралуу бүгүн 28-февралда Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен билдирди. Анын айтымында, биринчи кезекте Европада жасалган курал-жарак жана ок-дарыны сатып алуу иши жөнгө салынышы зарыл:
«Согуш коркунучу, балким, түздөн-түз болбошу мүмкүн, бирок андай ыктымалдыкты четке кагуу да туура эмес. Согуш коркунучун көбөйтүп элестетүүнүн кереги жок, бирок андай ыктымалдыкка даяр туруу зарыл. Биринчи кезекте Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн калыбына келтирүү, толуктоо жана модернизациялоо керек».
Франциянын Страсбург шаарында Европа парламентинин мүчөлөрүнүн алдында сүйлөп жатып фон дер Ляйен алдын ала буюртма бергендер үчүн кепилдиктер каралышы керектигин белгиледи.
Евробиримдик бүгүнкү күнгө карата жылына 1 миллион артиллериялык снаряд өндүрүү планын койгон, бирок азыркы кезде анын жарымын гана жасоого жетишүүдө.
Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салгандан бери Европа жеке коопсуздугу үчүн тынчсызданууда.
Украин президенти Владимир Зеленский бүгүн 28-февралда Албаниянын борбору Тирана шаарына барды. Ал албан премьер-министри Эди Рама менен жолугушуп, «Украина — Түштүк-Чыгыш Европа» саммитине катышат.
«Экинчи жолу чогулуп жаткан саммитте евроатлантикалык максаттарга биргелешип жетишүү тууралуу сүйлөшөбүз. Украинанын калыс жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу аракетине колдоо көрсөтүүнү сунуш кылам», — деп жазды Зеленский социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына.
Тиранада Зеленский Сербиянын, Түндүк Македониянын, Косовонун, Босния жана Герцеговинанын жана Черногориянын лидерлери менен жолугушат.
НАТОнун мүчөлөрү Албания, Түндүк Македония жана Черногория Орусияга Украинага кол салганы үчүн киргизилген санкцияларга кошулган өлкөлөр. Алар Украинага курал-жарак жана ок-дары жөнөтүп келишет.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен февраль айынын башында Тиранага барганда Албаниянын Украинага көрсөтүп жаткан жардамын жогору баалаган. Орусиянын союздашы Сербия санкцияларды колдогон эмес.
Сербиянын мурдагы провинциясы, 2008-жылы көз каранды эместигин жарыялаган, калкынын көбүн албандар түзгөн, НАТОго жана Европа Биримдигине мүчө болууга аракет кылып келаткан Косовонун эгемендигин Киев жана Белград тааныган эмес.
АКШ президенти Жо Байден Украинага жардам берүү менен бирге эле өкмөттү да каржылоо жолун табуу зарылдыгын белгилөөдө.
Байден шейшембиде Ак үйдүн Сүйрү залында Конгресстеги демократтар жана республикачылардын өкүлдөрү менен жолугушуп, сүйлөдү. "Америка авазы" радиосу маалымдагандай, президент Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсон, аталган палатадагы демократиялык азчылыктардын лидери Хаким Жеффрис, Сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумер жана Жогорку палатадагы республикачылардын лидери Митч Макконнелл менен сүйлөштү. Байдендин катарында вице-президент Камала Харрис отурду.
Сүйлөшүүнүн көңүл борборунда шатдаунга - өкмөттүн иши токтоп калышына жол бербөө болгону да кабарланды.
Өкүлдөр палатасындагы республикачыларга экс-президент Дональд Трамп таасир этүүдө. Ал Ак үй АКШнын түштүгүндөгү мыйзамсыз миграция көйгөйүн чечмейинче, Киевди каржылоодон баш тартууну талап кылууда.
Шейшембидеги сүйлөшүүлөрдөн кийин журналисттердин алдына чыккан Чак Шумер сүйлөшүү өтө чыңалган абалда өткөнүн, демократтар Жонсонду Украинага жардам берүүгө көндүрүүгө аракеттенгенин айтты.
Жонсон сүйлөшүүлөрдү "ачык жана чынчыл" деп атап, анын негизги иши - АКШ менен Мексиканын чек арасындагы миграция көйгөйүн чечүү экенин, бул маселени ал Байден менен жеке сүйлөшкөн учурда да бир нече жолу көтөргөнүн билдирди.
Украин президенти Владимир Зеленский мурдараак өлкөсү Батыштын жардамына муктаж экенин айтып, АКШ 60 млрд долларлык жардамды бекитип берерине ишенич билдирген.
"Америка авазы" радиосу Өкүлдөр палатасы Киевге көмөктөшүүгө уруксат бербегендиктен, украин аскерлери курал-жарак жетишсиздигин сезип жатышканын жазды.