Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн 29-февралда Федералдык жыйынга кайрылуусун Украина маселесинен баштады.
«Орусия азыр өзүнүн суверенитети жана коопсуздугу үчүн адилет күрөш жүргүзүп жатат», - деген Путин Украинага каршы согушун «орусиялыктардын абсолюттук көпчүлүгү колдогонун» айтты.
Белгилүү болгондой, Кремль эки жыл мурдагы Украинага кол салуусун согуш деп эмес, «атайын аскердик операция» деп атап келет.
Путин кайрадан Батыш өлкөлөрүн кескин сынга алды. "Батыш биздин өнүгүүбүзгө бут тосууга гана умтулган жок, аларга Орусиянын ордуна жок болуп бараткан мейкиндик керек", - деди орус президенти жана Батыш "адашканын" айтты.
"Батыш Орусия Европага кол салганы жатат деп калп айтуусун улантууда. Бул болбогон сөз. Украинага НАТО контингентин жөнөтүү тууралуу айта башташты. Бирок контингентин жөнөткөндөрдүн тагдыры эмне болгону биздин эсибизде. Эми интервенттер үчүн кесепеттер алда канча трагедиялуу болот. Бизде да алардын аймагын бутага алууга жөндөмдүү курал-жарагыбыз бар", - деди Путин.
Ал Орусиянын жаңы куралдануусу тууралуу айтып, жакында күжүрмөн нөөмөттө турган райондордогу "Сармат" оор баллистикалык ракеталары көрсөтүлөрүн убада кылды. Путиндин айтымында, "стратегиялык ядролук күчтөр кепилденген колдонууга толук даяр» абалда турушат. Орус президенти Батыш «ойдон чыгарып айтып, дүйнөнү коркутуп» жатканынын баары ядролук курал колдонулуучу конфликтти тутандырышы ыктымал реалдуу коркунуч экенин белгиледи.
Өткөн аптада, согуштун эки жылдыгына карата АКШ, Канада, Европа Биримдиги жана Улуу Британия Москвага каршы кезектеги санкцияларды жарыялашкан.
Украинанын коргоо министри Рустем Умеров 25-февралда «Украина. 2024-жыл» форумунда сүйлөп жатып Батыш убада кылган аскердик жардамдын жарымы өз маалында келбей жаткандыктан Украина жоокерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын айткан.
26-февралда Франциянын демилгеси менен борбор калаа Парижде Украина маселеси боюнча Европадагы 20 өлкөнүн, АКШнын, Канаданын лидерлери жана өкүлдөрү катышкан саммит өткөн. Анын жыйынтыгында Европа лидерлери Украинага Орусиянын кол салуусуна каршы күрөшүү үчүн “орто жана алыс аралыкка жетүүчү ракеталарды жана бомбаларды” жөнөтүү максатында коалиция түзүүнү макулдашканын өлкө президенти Эммануэл Макрон билдирген.
Ошондой эле Макрон Украинага аскер жөнөтүү ыктымалдыгы боюнча азыр бир пикир жоктугун, бирок андайды жокко чыгаруу да болбой турганын кошумчалаган.
Европанын НАТОго мүчө бир нече өлкөсү Макрондун аскер жөнөтүү тууралуу билдирүүсүн четке кагышкан.
Шаршембиге караган түнү Орусиянын аткылоосунан Украинанын аймагында үч адам каза болду. Запорожье облустук аскер башкармалыгы Пологовский районунун оккупацияланган Новое айылында 76 жаштагы аял каза таап, 53 жаштагы киши жарадар болгонун билдирди. 24 сааттын ичинде 11 калктуу конушка 234 чабуул жасалганын билдирди.
27-февралда Украин армиясы жоокерлер Авдеевкага жакын жайгашкан Северное жана Степное айылдарынан чыгарылып кеткенин билдирди. Бул эки айылда согушка чейин 100дөй тургун жашаган. Ошол эле учурда “Тоненкое, Орловка жана Бердичи аймактарында коргонуу линиясы турукташканы” белгиленди.
Шейшембиде Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Москва Авдеевканын жанындагы Северное конушу орус армиясынын карамагына өткөнүн жарыялады:
"Соңку жумада Украинанын куралдуу күчтөрү Донецк Элдик Республикасынын Победа, Ласточкино жана Северное конуштарынан сүрүлүп чыгарылды. Башка багыттар боюнча орус аскерлери украин жоокерлеринин объектилерине ургаалдуу чабуул жасап, алардын шайын оодарууда".
Шаршембиде Украин президенти Владимир Зеленский Албаниянын борбору Тиранага барды. Ал албан премьер-министри Эди Рама менен жолугушуп, «Украина — Түштүк-Чыгыш Европа» саммитине катышат.
"Экинчи жолу чогулуп жаткан саммитте евроатлантикалык максатка биргелешип жетишүү тууралуу сүйлөшөбүз. Украинанын калыс жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу аракетине колдоо көрсөтүүнү сунуш кылам», - деп жазды Зеленский социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына.
Тиранада Зеленский Сербиянын, Түндүк Македониянын, Косовонун, Босния жана Герцеговинанын жана Черногориянын лидерлери менен жолугушат.
НАТОнун мүчөлөрү: Албания, Түндүк Македония жана Черногория Орусияга каршы киргизилген санкцияларга кошулган. Алар Украинага курал-жарак жана ок-дары жагынан жардам берип келет.
Шейшембиде АКШ президенти Жо Байден Конгресстеги демократтардын жана республикачылардын өкүлдөрү менен жолукту. Республикачылар басымдуулук кылган Өкүлдар палатасы Киевге берилчү 60 млрд доллар жардамды колдойбу же жокпу белгисиз. Ушул тапта украин армиясында курал-жарак тартыш болуп, Батыштагы өнөктөштөрүнөн жардам күтүп жаткан кези.
Европа Биримдиги Орусия Украинага кол салгандан тартып пайда болгон коркунучтарга тийиштүү деңгээлде туруштук бере алыш үчүн коргоо өнөр жайынын жаңы стратегиясын иштеп чыгышы керек. Бул тууралуу бүгүн 28-февралда Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен билдирди. Анын айтымында, биринчи кезекте Европада жасалган курал-жарак жана ок-дарыны сатып алуу иши жөнгө салынышы зарыл:
«Согуш коркунучу, балким, түздөн-түз болбошу мүмкүн, бирок андай ыктымалдыкты четке кагуу да туура эмес. Согуш коркунучун көбөйтүп элестетүүнүн кереги жок, бирок андай ыктымалдыкка даяр туруу зарыл. Биринчи кезекте Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн калыбына келтирүү, толуктоо жана модернизациялоо керек».
Франциянын Страсбург шаарында Европа парламентинин мүчөлөрүнүн алдында сүйлөп жатып фон дер Ляйен алдын ала буюртма бергендер үчүн кепилдиктер каралышы керектигин белгиледи.
Евробиримдик бүгүнкү күнгө карата жылына 1 миллион артиллериялык снаряд өндүрүү планын койгон, бирок азыркы кезде анын жарымын гана жасоого жетишүүдө.
Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салгандан бери Европа жеке коопсуздугу үчүн тынчсызданууда.
Украин президенти Владимир Зеленский бүгүн 28-февралда Албаниянын борбору Тирана шаарына барды. Ал албан премьер-министри Эди Рама менен жолугушуп, «Украина — Түштүк-Чыгыш Европа» саммитине катышат.
«Экинчи жолу чогулуп жаткан саммитте евроатлантикалык максаттарга биргелешип жетишүү тууралуу сүйлөшөбүз. Украинанын калыс жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу аракетине колдоо көрсөтүүнү сунуш кылам», — деп жазды Зеленский социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына.
Тиранада Зеленский Сербиянын, Түндүк Македониянын, Косовонун, Босния жана Герцеговинанын жана Черногориянын лидерлери менен жолугушат.
НАТОнун мүчөлөрү Албания, Түндүк Македония жана Черногория Орусияга Украинага кол салганы үчүн киргизилген санкцияларга кошулган өлкөлөр. Алар Украинага курал-жарак жана ок-дары жөнөтүп келишет.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен февраль айынын башында Тиранага барганда Албаниянын Украинага көрсөтүп жаткан жардамын жогору баалаган. Орусиянын союздашы Сербия санкцияларды колдогон эмес.
Сербиянын мурдагы провинциясы, 2008-жылы көз каранды эместигин жарыялаган, калкынын көбүн албандар түзгөн, НАТОго жана Европа Биримдигине мүчө болууга аракет кылып келаткан Косовонун эгемендигин Киев жана Белград тааныган эмес.