Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:28
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл

Согушта өлгөн 282 миңдей орусиялыктын аты-жөнү аныкталды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




18:40 13.3.2024

Орусиянын аскердик-техникалык жактан ядролук согушка даярдыгы бар, бирок Украина менен согушта аны колдонуу ниети болгон эмес. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин 12-мартта РИА "Новости" агенттигинин башчысы Дмитрий Киселёвго курган маегинде билдирди .

Киселёв ядролук согушка даярданууга түздөн-түз үндөп жүргөн орусиялык ашынган консервативдүү философ Александр Дугинди мисал келтирип суроо берди. Путин Дугиндин айткандарына комментарий берген жок, бирок орус армиясы мындай согушка даяр экенин, мамлекеттин өзөктүк күчтөрү жогорку даярдык абалда турганын билдирди жана Орусиянын ядролук куралдануусу АКШныкынан кыйла заманбап экенин кошумчалады.

Бирок бул жолу Путин ядролук куралды биринчи баштап колдонуу ыктымалдыгы тууралуу айткан жок, андайга эгер ядролук согушту АКШ баштай турган болсо даяр экенин билдирди. Ал ядролук сыноолорду АКШ жүргүзбөсө, Орусия да өткөрбөй турганын айтты.

Киселёв 2022-жылдын күзүндө орус армиясы фронтто бир катар көйгөйгө туш болгон учурда Украинага каршы тактикалык ядролук куралды колдонуу планы болгонбу деп сурады. Путин "Мындай зарылчылык эч качан болгон эмес" деп жооп берип, фронтто маселе жаралбаганын, Херсондон орус аскерлери өзүлөрү чыгып кетишкенин айтты.

Путин Орусия Украинадагы согушту токтотуу тууралуу «сүйлөшүүлөргө даяр» экенин бул жолу да айтты, бирок, анын белгилешинче, фронттогу абал эске алынып, Орусиянын коопсуздугунун кепилдиги каралашы зарыл.

«Азыр алардын огу түгөнүп жатканы үчүн эле сүйлөшүү жүргүзүү биз тараптан болбогон нерсе болуп калат» деди ал.

Украинадагы согуш тууралуу Путин түзмө-түз эч нерсе айткан жок, бирок Киселёвдун "Одесса – орус шаары" жана "бул багытта чоң үмүт бар" деген сөзүнө "Албетте" деп жооп берди.

НАТОнун куралдуу күчтөрүн Украинага орнотуу тууралуу суроого орус президенти мындай чара согуш талаасындагы абалды эч өзгөртө албай турганын айтты.

Бул маек Орусиядагы президенттик шайлоону утурлай жарыяланды. Путин андагы негизги талапкер болуп, бешинчи президенттик мөөнөткө аттанууда. Талапкерлер арасында бийликтин саясатын, согушту сындаган бир да адам жок.

17:21 13.3.2024

АКШ администрациясы Украинага 300 миллион доллар өлчөмүндө аскердик жардам жөнөтөрүн билдирди. Президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан каражат Пентагондун келишимдерден үнөмдөп калган акчасынын эсебинен берилерин журналисттерге 12-мартта кабарлады:

«Биз жарыялап жаткан бул чукул жардам жогорку мобилдүү артиллериялык ракеталык системалар (HIMARS) үчүн артиллериялык снаряддардан жана ок дарыдан турат. Украина азыр Орусиянын чабуулдарынан коргонуу үчүн ошондой курал-жаракка өтө муктаж болуп турат».

Салливан бул жардам кыска гана мөөнөткө жетерин, андыктан пландалып жаткан башка долбоорлор да тезирээк ишке ашышы зарыл экенин белгиледи.

60 миллиард доллардын тегерегиндеги жардам тууралуу мыйзам долбоору АКШ Конгрессинде бир нече айдан бери талкууланып, кабыл алынбай жатат.

Украинанын коргоо министри Рустем Умеров 25-февралда «Украина. 2024-жыл» форумунда сүйлөп жатып Батыш убада кылган аскердик жардамдын жарымы өз маалында келбей жаткандыктан Украина жоокерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын айткан.

17:20 13.3.2024

Украинада Орусиянын чабуулдарынан 13-мартка караган түнү адамдар каза болгонун, жараат алганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Донецк облусуна, администрация башчысы Вадим Филашкиндин айтымында, Мирноград шаарына авиабомба ыргытылып, беш кабат үй талкаланды, эки киши каза болду, жараат алган беш кишинин бирөө оор абалда. Жалпысынан шаарда жети үй кыйрады.

Сумы облусунда беш кабаттуу турак үйгө "Шахед" дрону тийгени, 15 батир талкаланганы, каза тапкандар жана жарадарлар бар экени, уранды астынан ар кандай жараат алган он кишини алып чыгышканы, жалпысынан Орусия менен чектеш тилкеде жайгашкан бул облустун аймагы түндө жана эртең менен 18 жолу аткыланганы маалымдалды.

Орусия соңку эки жылдан бери Украинанын аймактарын болгон күжүрмөн курал-жарагы менен бутага алып келет.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) быйылкы жылдын 21-февралына карата маалыматы боюнча, эки жыл аралыгында Орусиянын толук масштабдуу кол салуусунан Украина 10 582 жаранынан айрылды, дагы 19 875 киши жараат алды. Уюм чынында курмандыктар мындан көп деп эсептейт.

Москва кол салуусун «атайын аскердик операция» деп атап, Украинанын жарандарын өлтүрүп, жарандык инфраструктурасын талкалап жатканын далилдерге карабастан моюнуна албай келет.

17:27 12.3.2024

Ватикан Рим папасы Францисктин Украина боюнча айтканына түшүндүрмө берип, согушту токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөр биринчи кезекте Орусиянын агрессиясынын токтотулушуна негизделиши керек экенин билдирди. Бүгүн 12-мартта Corriere della Sera гезитине курган маегинде папанын өкүлү Пьетро Паролин "понтифик адилет жана туруктуу тынчтыкка жетишүүнүн дипломатиялык жолдору үчүн шарт түзүү» тууралуу айтканын белгиледи.

"Мындай шарттын түзүлүшү бир гана тараптан эмес, эки тараптан тең көз каранды экени анык. Биринчи кезекте агрессия токтошу зарыл деп эсептейм", - деген Паролин папанын айткандарын жалпы контекст аркылуу кабыл алуу туура болорун кошумчалады.

Рим папасы Францисктин RSI телеканалына курган маегинин үзүндүсү 9-мартта жарыяланган. Анда ал «жеңилип жаткан» тарапка "сүйлөшүү жүргүзүү үчүн эрдик керек" деп айткан жана жообунда журналисттин суроосунда айтылган "ак желек" деген сөздү колдонгон.

Бул сөз расмий Киевдин жана Европадагы бир катар өлкөлөрдүн кескин сынын жараткан. Понтификтин басма сөз кызматы ал Украинага тынчтык каалай турганын, маселе дипломатиялык жол менен чечилиши керек деп эсептерин жана «ак желек» дегенди ошол сөздү колдонуп суроо берген журналистке жооп берүүдө гана колдонгонун билдирген.

Согуш шартында ак желек каршылашына баш ийип берүү, сүйлөшүүгө даярдыгын билдирүү деп эсептелет.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG