Украинанын Одесса шаарында бүгүн 15-мартта ракеталык чабуулдардан кеминде 14 адамдын өмүрү кыйылганын, арасында Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик башкармалыктын фельдшери жана кызматкери бар экенин облустук администрациянын башчысы Олег Кипер билдирди.
46 киши, арасында куткаруучулар, жараат алганы кабарланды.
16-март Одессада аза күтүү күнү деп жарыяланды. 3-мартта да бул шаарда 12 киши, арасында беш бала каза тапканда аза күтүү күнү болгон.
Бүгүн орус аскерлери Одессага сокку уруп, куткаруу иштери жүрүп жаткан жерге кайрадан чабуул койгону, баллистикалык ракета колдонулганы маалымдалды.
Одессага жасалган чабуул
Беларуста Орусиядан аскердик чакыруудан качып жүргөн тажикстандык жаран кармалганын 14-мартта Москванын Тергөө комитети билдирди. Тергөөнүн маалыматына караганда, Тажикстандын 19 жана 20 жаштагы эки жараны Орусиянын жарандыгын 2019-2022-жылдары алышкан, бирок былтыр 22-октябрда аскердик анык кыматка чакырылганда Москвадагы аскердик комиссариаттын топтоо пунктунан качып кетишкен.
Орусияда аларга каршы «аскердик кызматтан баш тартуу» деген айып сыртынан тагылып, издөө жарыяланган.
Тергөөчүлөр жана кылмышкерлерди издөө кызматкерлери алардын бири Беларуста экенин аныктап чыгып, кармап, Москвага жеткиришкен. Кармалган жаран сурак учурунда күнөөсүн моюнуна алган көрсөтмө берген.
Финляндия Орусиянын аймагынан кирип башпаанек сурагандарга бөгөт коюучу убактылуу мыйзам иштеп чыгууну көздөп жатат. Бул тууралуу бүгүн 15-мартта финн өкмөтү билдирди.
Мыйзам кабыл алынса чек арачыларга андай адамдарды өлкө аймагына киргизбей коюу укугу берилет.
Эки өлкө ортосундагы чек ара тилкесинин жалпы узундугу 1340 чакырымды түзөт. Финляндия Европа Биримдигинин аймагына кирүүгө уруксаты жоктордун агымы күчөгөнүн айтып чек арадагы өткөрмө бекеттеринин баарын былтыр жыл соңунда жаап койгон.
Украина согушта каза болгон дагы 100 аскер кызматкеринин сөөгүн Орусиядан кайтарып алганын бүгүн 15-мартта өлкөнүн аскер туткундары боюнча координациялык штабы билдирди.
Куралдуу күчтөрдүн тийиштүү бөлүктөрү маркумдардын сөөгүн укук тартибин коргоо органдарына жана соттук-медициналык эксперттерге өткөрүп берип жатышканы, идентификация иши аяктагандан кийин туугандарынын колуна берилери маалымдалды.
Буга чейин Украина 58 аскеринин сөөгүн кайтарып алган, Орусияга 61 сөөктү өткөрүп берген.
Координациялык штабдын ишине Кызыл Чырым эл аралык уюму, Украинанын Коопсуздук кызматы, Ички иштер министрлиги жана башка мекемелердин өкүлдөрү көмөк көрсөтүүдө.