Европа Биримдиги Беларустан жана Орусиядан дан импортун чектөө тууралуу чечим кабыл алууга даярданып жатканын бүгүн 19-мартта Financial Times басылмасы өз булактарына таянып жазды. Басылманын маалыматына караганда, аталган эки өлкөдөн дан эгинин Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин аймагына алып кириш үчүн алым (пошлина) төлөнүшү керек болот.
Европа комиссиясы Беларустан жана Орусиядан ташылып барган дан эгининин ар бир тоннасы үчүн 95 евродон (103,26 АКШ доллары) алуу, май чыгара турган өсүмдүктөрдүн данегине жана аларды кайра иштетүүдөн чыккан азыкка да бул сумманын жарымына барабар пошлина төлөтүү планын жакын арада ишке ашырары маалымдалды.
Украинада Орусиянын соңку чабуулдарынан бүгүн 19-мартта төрт өмүр кыйылганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.
Өлкөнүн түштүгүндөгү Херсон облусунда үч киши набыт кеткенин аймактын башчысы Александр Прокудин маалымдады. Анын айтымында, көп кабаттуу эки үй талкаланды.
Донецк облусунда Орусиянын аткылоосунан бир киши каза болгонун, дагы беш киши жараат алганын жергиликтүү бийлик башчысы Вадим Филашкин телеграм-каналына жазды.
Өлкөнүн Аскердик-деңиз күчтөрү Одессанын аймагында орусиялык чалгындоочу учкучсуз эки учак атып түшүрүлгөнүн маалымдады.
Украина Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна 2022-жылдын 24-февралында кабылган. Согуш ошондон бери уланууда. Орусия бул согушту “атайын аскердик операция” деп атап, Украинанын аскердик гана объектилерин бутага алып жатканын, жай тургундардын өлүмүнө тиешеси жоктугун айтып келет.
Украинанын коргоо министри Рустем Умеров 25-февралда «Украина. 2024-жыл» форумунда сүйлөп жатып Батыш убада кылган аскердик жардамдын жарымы өз маалында келбей жаткандыктан Украина жоокерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын айткан.
Молдованын бийлиги бул өлкөдөгү өзүн Приднестровье жумурияты деп атап алган орусиячыл жикчил аймактагы дрон чабуулуна тиешеси жоктугун билдирди. Президент Майя Санду 18-марттагы пресс-конференцияда Приднестровьедеги аскердик аэродромдо турган тик учакка сокку урулушун чагым деп атады жана өкмөттүн бул соккуга Украинанын тиешеси жоктугу тууралуу позициясын колдой турганын айтты.
"Биздин маалыматка караганда, бул – эл арасында чыңалуу жана коркунуч маанайын жаратуу максатында жасалган чагым», - деди Санду.
Тираспол шаарынын чет жакасындагы аэродромдо аскердик чакан тик учак өрттөнүп жаткан видео Интернетте тараган.
17-марттагы бул окуя үчүн орусиячыл маалымат каражаттары Молдованын бийлигин айыпташкан.
Окуя Приднестровьеде Орусиянын президентин шайлоо үчүн ачылган алты бекетте добуш берүү журүп жаткан учурда болгон.
Расмий Кишинев бул бекеттердин ачылышы мыйзамсыз болорун, Молдовадагы орусиялык жарандар борбор калаада ачылган бир бекетте добуш берсе гана болорун эскерткен.
Кишиневдогу добуш берүү учурунда Орусиянын консулдугуна өрт коюу аракети жасалган, бул үчүн бир киши кармалган. Окуянын күбөлөрү "Мен Орусияны жек көрөм" деп кыйкырган бирөө консулдукту көздөй бир нерсе ыргытканын айтышкан.
Украина, Румыния жана Кара деңиз ортосунда орун алган Молдова көп учурда Москва менен Батыштын таасир талашынын чордонунда болуп келген. Кырдаал Москва Украинага басып киргенден кийин ого бетер курчуду. Анын үстүнө Принденстровьеде орустардын бир миңден ашуун аскердик контингенти жайгашкан.
Молдова Еврошаркетке кошулуу арызын 2022-жылдын мартында тапшырып, ошол эле жылдын июнунда талапкер макамын алган. Украина Приднестровье менен чек арасын жаап койгон.
Орусияда 17-мартта президенттик шайлоо өттү, анда эң көп добушту азыркы жетекчи Владимир Путин алды.