Украинада соңку суткада Орусиянын чабуулдарынан бир киши каза болгонун, бир нече киши жараат алганын 20-мартта жергиликтүү бийлик башчылары билдиришти.
Херсон облусунда жай тургундар жашаган кварталдар аткыланганын, көп кабат үйлөр, жер тамдар, административдик имараттар жана автоунаалар талкаланганын, эки кишинин өмүрү кыйылганын, беш киши жараат алганын облустук аскердик администрациянын башчысы Александр Прокудин маалымдады.
Орусия Херсон облусунун айрым бөлүгүн оккупациялап алган, Украинага баш ийген бөлүгүн, айрыкча облус борборун дээрлик күн сайын аткылап келет.
Днепропетров облусунун башчысы Сергей Лысактын айтымында, 20-мартка караган түнү Синельников районунда беш киши жараат алды.
«Бир үй-бүлөнүн үйүн толук талкалап салышты. Жараат алгандар – 12 жана 19 жаштагы бир туугандар, 57 жаштагы атасы орточо оор абалда. 47 жаштагы аялдын абалы оор», – деп жазды Лысак Телеграмга.
Соңку суткада фронтто 80 жолу кагылышуу болгонун Украинанын Куралдуу күчтөрүнуң басма сөз кызматы билдирди.
Украинанын коргоо министри Рустем Умеров 25-февралда «Украина. 2024-жыл» форумунда сүйлөп жатып, Батыш убада кылган аскердик жардамдын жарымы өз маалында келбей жаткандыктан Украина жоокерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын айткан.
20-мартта министр «Рамштайн» форматындагы жолугушууда өнөктөштөрдөн жардам жакынкы эки аптада тиет деген үмүт бар экенин айтты.
Украинада соңку суткада Орусиянын чабуулдарынан бир киши каза болгонун, бир нече киши жараат алганын 20-мартта жергиликтүү бийлик башчылары билдиришти.
Херсон облусунда жай тургундар жашаган кварталдар аткыланганын, көп кабат үйлөр, жер тамдар, административдик имараттар жана автоунаалар талкаланганын, эки кишинин өмүрү кыйылганын, беш киши жараат алганын облустук аскердик администрациянын башчысы Александр Прокудин маалымдады.
Орусия Херсон облусунун айрым бөлүгүн оккупациялап алган, Украинага баш ийген бөлүгүн, айрыкча облус борборун дээрлик күн сайын аткылап келет.
Днепропетров облусунун башчысы Сергей Лысактын айтымында, 20-мартка караган түнү Синельников районунда беш киши жараат алды.
«Бир үй-бүлөнүн үйүн толук талкалап салышты. Жараат алгандар – 12 жана 19 жаштагы бир туугандар, 57 жаштагы атасы орточо оор абалда. 47 жаштагы аялдын абалы оор», – деп жазды Лысак Телеграмга.
Соңку суткада фронтто 80 жолу кагылышуу болгонун Украинанын Куралдуу күчтөрүнуң басма сөз кызматы билдирди.
Украинанын коргоо министри Рустем Умеров 25-февралда «Украина. 2024-жыл» форумунда сүйлөп жатып, Батыш убада кылган аскердик жардамдын жарымы өз маалында келбей жаткандыктан Украина жоокерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын айткан.
20-мартта министр "Рамштайн" форматындагы жолугушууда өнөктөштөрдөн жардам жакынкы эки аптада тиет деген үмүт бар экенин айтты.
19-мартта Германиядагы америкалык "Рамштайн" авиабазасында 50дөн ашык өлкөнүн өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөн. АКШнын коргоо министри Ллойд Остиндин төрагалыгында өткөн жыйында Украинага аскердик жардам берүү маселеси талкууланды. Анда Ллойд Остин Конгресс Киевге аскердик жардам берүүнү беките электигине карабай, Вашингтон жана анын союздаштары Украинанын жеңилип калышына жол бербейт деп ишендирди.
"Америка Кошмо Штаттары Украинанын жеңилишине жол бербейт. Коалиция да, эркин дүйнө да Украинанын жеңилишине жол бербейт", - деди Остин.
Пентагондун башчысы "украин аскерлери оор шарттарда салгылашып жатканын" белгиледи.
АКШ Конгресси Украинага 60 миллиард долларлык жардам берүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл ала элек. Аны Сенат жактырган, бирок Өкүлдөр палатасынын колдоосуна ээ боло элек.
Европа Биримдиги Беларустан жана Орусиядан дан импортун чектөө тууралуу чечим кабыл алууга даярданып жатканын бүгүн 19-мартта Financial Times басылмасы өз булактарына таянып жазды. Басылманын маалыматына караганда, аталган эки өлкөдөн дан эгинин Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин аймагына алып кириш үчүн алым (пошлина) төлөнүшү керек болот.
Европа комиссиясы Беларустан жана Орусиядан ташылып барган дан эгининин ар бир тоннасы үчүн 95 евродон (103,26 АКШ доллары) алуу, май чыгара турган өсүмдүктөрдүн данегине жана аларды кайра иштетүүдөн чыккан азыкка да бул сумманын жарымына барабар пошлина төлөтүү планын жакын арада ишке ашырары маалымдалды.