27-мартта Орусия Украинанын Харьков шаарына авиабомба чабуулун жасаганын жергиликтүү бийлик билдирди. Шаар мэри Игорь Тереховдун айтымында, күндүз урулган соккудан бир киши каза болду, 16 киши жараат алды, бир нече үй, мектеп талкаланды.
Харьков облустук полициясынын Тергөө комитетинин башчысы Сергей Болвинов билдиргендей, 2022-жылдан бери алгачкы жолу шаарга авиабомба менен чабуул коюлду. Фугастык авиабомбанын негизинде жасалган УМПБ Д-30 СН колдонулду.
Ал эми орусиялык блогерлер башкарылуучу авиабомбалар (КАБ) түшкөнүн жазышты. Буга чейин мындай бомбалар менен чабуул Авдеевканы ээлөөдө жасалган.
Орусиянын Коргоо министрлиги Украина менен чектеш Белгород облусу 27-мартка караган түнү да ракеталык чабуулга кабылганын билдирди.
Жалпысынан жапырт аткылоочу RM-70 Vampire системасынын 18 реактивдүү снаряды атып түшүрүлгөнү, бир киши жараат алганы, 13 үй жана автомашина талкаланганы маалымдалды.
Белгороддо соңку апталардагы чабуулдардын айынан мектептерде жазгы каникул эрте башталган, жогорку окуу жайлар аралыктан окууга өткөн, спорттук жана маданий иш-чаралар убактылуу токтотулган.
Облустун саламаттык сактоо мекемеси билдиргендей, 12-18-мартта бул аймакка жасалган соккулардан 11 киши каза болгон, жараат алгандар 82ге жеткен.
Украинанын Башкы штабы 27-мартка караган түнү Орусия учурган 13 Shahed учкучсуз учагынын 10у атып түшүрүлгөнүн билдирди. Жанкечти дрондор Сумы, Харьков жана Полтава облустарында кармалды. Жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат айтыла элек.
Фронттогу абал, штабдын соңку маалыматына караганда, олуттуу өзгөрүүсүз турат. Орус армиясы Украинанын түндүктөгү коргонуу күчтөрүнө, Купянск жана Лиман багыттарында, Бахмут жакта, Авдеевканын батыш тарабында жана түштүк фронттун айрым аймактарында чабуулдарын улантууда.
Украинанын коргоо министри Рустем Умеров 25-февралда «Украина. 2024-жыл» форумунда сүйлөп жатып, Батыш убада кылган аскердик жардамдын жарымы өз маалында келбей жаткандыктан Украина жоокерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын айткан.
20-мартта министр «Рамштайн» форматындагы жолугушууда өнөктөштөрдөн жардам жакынкы эки аптада тиет деген үмүт бар экенин билдирди.
Орусиянын Ростов облусунда 25-мартка караган түнү абадан коргонуу күчтөрү 11 учкучсуз учакты атып түшүргөнүн өлкөнүн Коргоо министрлиги кабарлап, бул чабуулдар үчүн Украинаны айыптады.
Облус губернатору Василий Голубев Новочеркасск мамлекеттик райондук электр станциясында өрт чыкканын билдирди, бирок себебин тактаган жок.
Станциянын жогорку чыңалуудагы эки түйүнү иштебей калганы, оңдоо иштери жүрүп, келтирилген чыгым эсептелип жатканы, адамдар арасында жабыркагандар жок экени кабарланды.
Новочеркасск шаарынын тургундары бир нече жолу жарылуу болгонун, электр станциясы жакта түтүн чыгып жатканын билдиришкен.
Соңку апталарда Орусиянын башка аймактарында да энергетикалык объектилерде өрт чыккан, жарылуу болгон окуялар катталган.