28-мартка караган түнү Орусиянын 28 учкучсуз учагынын 26сы атып түшүрүлгөнүн Украинанын куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Харьковдо "Шахед" дрону коомдук тамактануучу жайды, Запорожьеде беш үйдү талкалаганы, эки киши жараат алганы, Одессада дрон энергетика объектисин бутага алганы, бирок атып түшүрүлгөнү маалымдалды.
Мындан тышкары канаттуу Х-22 ракеталарынан үчөө, радарга каршы Х-31П ракетасы жана С-300 зениттик комплексинин ракетасы учурулганы белгилүү болду.
27-мартта Николаев шаары ракеталык чабуулга кабылганда жарадар алгандар 12 киши экени айтылды.
Харьков облусунун аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов Харьковго урулган соккулардын сүрөтүн жарыялады. Акыркы маалыматтар боюнча бир киши каза таап, 19 адам жарадар болду.
27-мартта Орусия Украинанын Харьков шаарына авиабомба чабуулун жасаганын жергиликтүү бийлик билдирди. Шаар мэри Игорь Тереховдун айтымында, күндүз урулган соккудан бир киши каза болду, 16 киши жараат алды, бир нече үй, мектеп талкаланды.
Харьков облустук полициясынын Тергөө комитетинин башчысы Сергей Болвинов билдиргендей, 2022-жылдан бери алгачкы жолу шаарга авиабомба менен чабуул коюлду. Фугастык авиабомбанын негизинде жасалган УМПБ Д-30 СН колдонулду.
Ал эми орусиялык блогерлер башкарылуучу авиабомбалар (КАБ) түшкөнүн жазышты. Буга чейин мындай бомбалар менен чабуул Авдеевканы ээлөөдө жасалган.
Орусиянын Коргоо министрлиги Украина менен чектеш Белгород облусу 27-мартка караган түнү да ракеталык чабуулга кабылганын билдирди.
Жалпысынан жапырт аткылоочу RM-70 Vampire системасынын 18 реактивдүү снаряды атып түшүрүлгөнү, бир киши жараат алганы, 13 үй жана автомашина талкаланганы маалымдалды.
Белгороддо соңку апталардагы чабуулдардын айынан мектептерде жазгы каникул эрте башталган, жогорку окуу жайлар аралыктан окууга өткөн, спорттук жана маданий иш-чаралар убактылуу токтотулган.
Облустун саламаттык сактоо мекемеси билдиргендей, 12-18-мартта бул аймакка жасалган соккулардан 11 киши каза болгон, жараат алгандар 82ге жеткен.