Украин президенти Владимир Зеленский Орусиянын агрессиясы жоопсуз калбашы керек экенин жана алар жообун алып жатканын кезектеги, 2-апрелдин кечиндеги видео кайрылуусунда айтты. Орусияны террорчулукка айыптаган Зеленскийдин мындай билдирүүсү Татарстандын эки шаарындагы дрон чабуулунан кийин жасалды:
"Орусиялык террорчулар өзүлөрү жасап жаткан соккулар үчүн жообун алганы маанилүү. Алар жообун алып жатат. Улам барган сайын алыскы аралыкка чейин... Муну камсыз кылган бардык украин аскерлерине ыраазычылыгымды айтам. Орусиянын “согуш машинасы” жана бул агрессияга тиешеси бар адамдардын баары агрессиясы жоопсуз калбай турганын сезиши керек".
2-апрелде Орусиянын курамындагы Татарстанда Украинага каршы чабуулдарда колдонулуп жаткан учкучсуз учактар өндүрүлөрү айтылган ишканаларга сокку урулган. Бул күнү Татарстан республикасынын аймагы биринчи жолу учкучсуз учактардын чабуулуна кабылган.
Бутага Елабуга жана Нижнекамск шаарлары алынып, жети киши жараат алган. Елабуга шаарында жабыркагандардын бири 17 жаштагы кыргыз жараны экенин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирген.
Орусия 2022-жылы Украинага кол салгандан тартып Татарстандагы "Алабуга" өзгөчө экономикалык аймагында ирандык “Шахед” чабуул коюучу дрондору "Герань-2" деген аталыш менен чыгарыла баштаган. Аларды "Алабуга Политех" коллежинин студенттери чогултары "Протокол" басылмасынын жана "РЗВРТ" Ютуб-каналынын журналисттери жүргүзгөн биргелешкен иликтөөдө айтылган.
Былтыр күздөн тартып Орусия Украинага каршы бул дрондордун кеминде 600үн колдонгону айтылууда.
Украина Татарстандагы чабуулдарга тиешеси бар же жогу тууралуу расмий комментарий берген жок.
Орусиянын кол салуусунан чыгымга учураган украин жарандарынан кенемте тууралуу арыз кабыл алуу боюнча онлайн реестр иштей баштаган алгачкы бир саат ичинде 18 арыз түшкөнүн Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба билдирди. Бүгүн 3-апрелде ал Брюсселде НАТОго мүчө өлкөлөрдүн башкы дипломаттары менен жолугушууларды өткөрүүдө.
Кечээ 2-апрелде Кулеба Гаага шаарында “Украина үчүн акыйкаттыкты калыбына келтирүү” деп аталган конференцияга катышты жана “украиналыктарга акыйкаттык алыскы келечекте эмес, дал азыр керек болуп жатканын” айтты.
Жаңы ачылган реестр тууралуу маалымат берип жатып ал украин жарандарын тарткан зыяны жана талкаланган үй-жайы үчүн кенемте талап кылууга, онлайн арыз жазууга чакырды.
Конференциянын жыйынтыгында 44 өлкө кол койгон билдирүү кабыл алынды. Анда Орусия Украинага каршы агрессия жасап жатканы белгиленди жана “Орусия эл аралык укук нормаларын бузгандыгынын укуктук кесепеттери үчүн, ошондой аракеттеринин айынан келтирген бардык залака жана чыгым үчүн жооп бериши зарыл экени” айтылды.
Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралында кол салган. Адатта куралдын бир нече түрү менен ондогон, жүздөгөн чабуулдарын токтотпой келе жаткан орус аскерлеринин соккусу соңку бир нече күндөн бери азайды.
3-апрелге караган түнү Хмельницкий, Житомир, Кировоград жана Черкасск облустарынын аймагында төрт учкучсуз учак атып түшүрүлгөнү маалымдалды. Сумы облусунда авиа чабуулдан бир эркек киши каза болду, бир бала жараат алды.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 2-апрелге караган түнү Орусия учурган 10 “Шахед” учкучсуз учагынын тогузу атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Дрон соккусу тууралуу абадан эскертүү Днепрде, Кривой Рогдо, Запорожьеде, Кировоград облусунда жана Павлоградда жаңырып жатты. Днепрде учкучсуз учактын чабуулунан кийин жарылуу болгонун жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.
Шейшембиге караган түнү Орусиянын тактикалык авиациясы Харьков облусунун аймагына башкарылуучу бомбаларды таштаганы да кабарланды.
Херсон облусунун жети калктуу пункту аткылоого кабылганын, бир нече үй, газ кууру жана чарбалык жайлар талкаланганын, эки киши жараат алганын аймактын аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин билдирди.
Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралында кол салып, аны «атайын аскердик операция» деп атаган. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия "согуш абалында" экенин быйыл 22-мартта гана белгилеп, Москва үчүн эң башкысы Украинадагы орус күчтөрү убактылуу оккупациялап алган төрт облустун аймагын ээлеп калуу экенин айткан.
Зеленский: Украина АКШдан аскердик жардам албаса, аскерлерге чегинүүгө туура келет
Украинанын президенти Владимир Зеленский The Washington Post гезитине АКШ Конгрессинин аскердик жардам берүүнү кечиктиргени Киевге кымбатка түшкөнүн айтты.
"Биз жарым жылды жоготтук. Биз мындан ары убакытты жогото албайбыз. Украина партиялар ортосундагы саясий суроо болбошу керек", - деди Зеленский. Анын айтымында, "Эгер Украина жеңилсе, Путин дүйнөнү Орусиянын кастары жана достору" деп бөлөрүн айтты.
Украина АКШдан аскердик жардам албаса, анын өлкөсүнүн аскерлерине чегинүүгө туура келерин кошумчалады. "АКШнын колдоосу болбосо, бизге абадан коргонуу болбойт, "Патриот" ракеталары жок, радиоэлектрондук кармаш үчүн каражаттар да жок, 155-миллиметрлик артиллериялык снаряддар да жок. Бул биздин кадам сайын чегине турганыбызды билдирет", - деп айтты Зеленский.
Украин президенти өлкөнүн энергосистемасына жасалган орусиялык чабуулдарды дал өзүндөй жооп кайтаруу менен токтотуу керектигин айтты. Эске сала кетсек, жаз айынан баштап Орусиянын мунай иштетүүчү заводдоруна чабуул күчөгөн.
"Эгер биздин энергосистемабызды абадан коргой албасак, орусиялыктар ага чабуул кое берет. Мен биз эмнеге анте албайбыз деп сурагым келет. Алардын коомчулугу да бензинсиз, дизелсиз, электрсиз жашоого үйрөнүшү керек. Бул чындык. Орусия токтогондо, биз да токтойбуз", - деди Зеленский.