Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:37
Краматорск, Украина. 19-май, 2026-жыл
Краматорск, Украина. 19-май, 2026-жыл

Орусиянын Украинага соккусу: Каза тапкандар, жараат алгандар бар

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




16:10 10.4.2024

Орусияда Украинадагы согушту айыптаган, украиналык качкындарга жардам берген ыктыярчы Александр Демиденко тергөө абагында каза болду. Федералдык жаза аткаруу кызматынын Украина менен чектеш Белгород облусу боюнча башкармалыгы ал өз жанын өзү кыйды деген маалыматты таратты.

Мекеме окуя 5-апрелде болгонун, ошол эле күнү туугандарына кабар берилгенин билдирди. Бирок маркумдун жакындары анын өлүмү тууралуу 8-апрелде гана адвокаттан укканын айтып жатышат.

"Важные истории" басылмасынын маалыматына караганда, Демиденкону 2023-жылы 17-октябрда чеченстандык "Запад-Ахмат" батальонунун аскерлери кармап кеткенде эле ур-токмокко алып, үтүк жана электрошокер менен кыйнашкан, өзүн жана аялын коркутуп-үркүтүшкөн. "Ал ошондо эле өз жанын кыя турган абалга жетип калган", - деди басылмага маек курган адамдардын бири.

Демиденконун уулу Олег: "Аны жарым жылдан бери жакындарына жолуктурбай, китеп окутпай, психологиялык жактан өлтүрүп келатышты", - деп жазды.

Орусиянын Украинага кол салуусун ачык айыптап чыккан 61 жаштагы активист Белгород облусундагы жүздөгөн украиналык качкындарга мекенине кайтууга жардам берген. Былтыр октябрда кармалганда алгач полиция аны "коомдук жайда алкоголдук ичимдик ичип, эреже бузган" деп айыптаган. Кийин "мыйзамсыз курал алып жүргөн" деген айып тагылган.

16:30 9.4.2024

Украинанын Куралдуу күчтөрү Орусия 9-апрелге караган түнү өлкө аймагына учурган 20 учкучсуз учактын баарын атып түшүргөнүн билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Shahed согуштук дрондору Николаев, Одесса, Херсон, Днепропетров, Полтава, Винница жана Львов облустарын көздөй учурулган.

Айрым жерлерде имараттар талкаланганы маалымдалды.

Ал эми дүйшөмбү күнкү ракеталык чабуулдан Полтава облусунда бир кишинин өмүрү кыйылганын, жараат алгандар 12 киши, алардын экөө балдар экенин, үйлөр жана автомашиналар талкаланганын бүгүн Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко билдирди.

Орусиянын ракеталык чабуулуна 8-апрелде Запорожье облусу да кабылган. Облустун аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоровдун айтымында, төрт киши каза болду, сегиз киши жараат алды, 14 имарат, анын ичинен оорукана жана маданий мекеме кыйрады.

Орусия Запорожьени «Искандер» ракеталык комплекси менен аткылаганын билдирип, «учкучсуз учактар кампасы жана ошондой курал жасалуучу цех жок кылынды» деп маалымдаган. Өлкөнүн Коргоо министрлиги Кара деңизде Украинанын "Нептун" ракетасы жана Белгород, Воронеж облустарында төрт дрону атып түшүрүлгөнүн да билдирди.

11-апрелде Орусиянын демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ядролук коопсуздук боюнча уюмдарынын башкаруучулар кеңешинин кезексиз жыйыны өткөнү жатканы белгилүү болду. Бул кеңештин курамында 35 өлкө бар.

Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) Украинадагы Запорожье атомдук электр станциясындагы реактордун тосмосу дрон чабуулуна кабылганын 8-апрелде маалымдаган. Бул объект азыр Орусиянын көзөмөлүндө турат.

Украина Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна 2022-жылы 24-февралда кабылгандан бери күрөшүн улантып келе жатат.

Президент Владимир Зеленский АКШ убада кылган аскердик жардам берилбесе бул согушта жеңилиши мүмкүндүгүн 8-апрелде эскертти. Кошмо Штаттарда былтыртан бери Украинага жардам боюнча бир нече демилге көтөрүлүп, талкууланып, бирок кабыл алынбай келе жатат.

12:11 9.4.2024

Зеленский: АКШ тезинен жардам бербесе, Украина утулушу мүмкүн

Украин президенти Владимир Зеленский АКШ убада кылган аскердик жардам берилбесе, Украина урушта жеңилиши мүмкүндүгүн эскертти. Конгресстин Өкүлдөр палатасы жардам каражатты бөлүү чечимин былтыркы күздөн бери жактыра албай келатат.

Зеленский: АКШ тезинен жардам бербесе, Украина утулушу мүмкүн
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:58 0:00

15:52 8.4.2024

Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) жетекчиси Рафаэл Гросси агенттик дрон чабуулдарында Украинадагы “Запорожье атомдук-электр станциясындагы реактордун тосмосуна үч сокку таамай тийгенин ырастаганын билдирди.

Мунун алдында Гросси орус күчтөрү көзөмөлдөп жаткан Запорожье атомдук электр станциясынын аймагында бир дрондун жарылганын ырастап, учкучсуз аппарат кайсы тараптан учурулганын тактаган эмес.

“МАГАТЭнин Запорожье атомдук электр станциясындагы эксперттери билдиргендей, бүгүн объектинин аймагында дрон жарылды. Бул биздин байкоолорубузга дал келет. Мен МАГАТЭнин беш принцибине жана өзөктүк коопсуздукка каршы келген аракеттерден карманууга чакырам”, - деди Гросси Х социалдык тармагына жазган билдирүүсүндө.

Би-Би-Си жазгандай, Запорожье атомдук электр станциясынын оккупациялап алган бийлик дайындаган жетекчилиги жекшембиде станциянын аймагы жана жүк портуна, ашканага украиналык "жанкечти" дрондору сокку урган. “Росатомдун” билдиришинче, үч кызматкер жараат алган, алардын биринин абалы оор.

Атомдук станция Украинанын куралдуу күчтөрү алтынчы энергетикалык блоктун чатырына чабуул жасаганын билдирди. Мындан чоң зыян келтирилбегени, коопсуздукка коркунуч жараткан жагдай болбогону станциянын Телеграм-каналына жазылган.

Орусиянын "Росатом" корпорациясы жекшемби күнү Запорожье атомдук электр станциясы болуп көрбөгөндөй дрон чабуулдарына дуушар болуп, станциянын коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч келтирилгенин белгиледи.

Украинанын башкы чалгындоо башкармалыгы Киев Энергодардагы оккупацияланган атомдук электр станциясындагы куралдуу чагымдарга катышы жок экенин билдирди.

“Агрессор-мамлекет бул жолу да өзөктүк объектиге, жалпы Европа аймагынын калктуу аймактарына жана айлана-чөйрөсүнө коркунуч жаратты”, - деди башкармалыктын өкүлү “Украинской правда” басылмасына берген маегинде.

Ал Орусия жасалма соккуларды Запорожье аймагына да уруп жатканын билдирди. Юсов муну “туруктуу кылмыштык тажрыйба” деп баалады.

Запорожье атомдук электр станциясы – Европадагы ири энергетикалык станциялардын бири. Орус күчтөрү 2022-жылы март айында Энергодар шаарын жана ага жакын жайгашкан станцияны оккупациялап алган.

Станциянын аймагы маал-маал менен аткылоого кабылып турат, бул үчүн Орусия менен Украина бири-бирин айыптап келет. Украин бийлиги орус армиясы станцияны аскердик техника жана аскерлерин сактоо үчүн пайдаланып жатканын билдирген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG