Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Февраль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:13
Одесса, 4-февраль, 2026-жыл.
Одесса, 4-февраль, 2026-жыл.

Одессада турак жайлар, өндүрүш объектилери бутага алынып, беш киши каза тапты

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




15:21 15.4.2024

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус армиясынын кезектеги түнкү аба чабуулунан кийин өнөктөш мамлекеттерге кайрылып, кошумча жардам көрсөтүүнү суранды. Ал "жардам кечиккен ар бир күн олуттуу талкалоолорго жана адам өмүрүнүн кыйылышына алып келип жатканын" кошумчалады.

X социалдык түйүнүнө жазган билдирүүсүндө Зеленский "дүйнөдө кандай гана болбосун ракеталарды, "Шахед" дрондорун жана террордун башка түрүн токтотууга керектүү нерсенин баары бар экенин" билдирди.

"Туруктуу жана бекем коопсуздукту калыбына келтирүү үчүн чечим гана керек",-деди Зеленский.

Украин армиясы билдиргендей, 14-апрелге караган түнү орус армиясы Украинаны аймактарын ондой дрон менен аткылады. Алардын баары Орусиянын Курск облусунан учурулганы маалым болду.

Украина аба күчтөрүнүн командачысы Николай Олещук билдиргендей, он дрон тең атып түшүрүлдү.

Харьков облусунун губернатору Олег Синегубов билдиргендей, 13-апрелдин кечинде орус армиясынын соккусунан эки менчик турак жай жабыркады. Эки киши набыт болду. Ал эми Сумы облустук прокуратурасы маалымдагандай, жекшемби таңда орус армиясынын дрону жүк ташуучу унаага түшүп, айдоочусу мүрт кетти.

Көптөгөн фото жана видео далилдерге карабастан Орусия Украинадагы жарандык жайларга сокку урганын четке кагып, бир гана аскердик обьектилерди бутага алганын билдирип келет.

15:20 15.4.2024

Украинанын чыгышындагы фронтто акыркы күндөрү кырдаал катуу курчуду. Бул тууралуу ишембиде украин куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский Телеграм каналына жазды.

Анын сөзүнө караганда, март айындагы Орусиянын президентин шайлоодон соң орус аскерлери чабуулду күчөттү. Ал шайлоодо Владимир Путин бешинчи ирет 87% ашуун добуш менен шайланды.

Сырскийдин маалыматына ылайык, орус аскерлери Лиман жана Бахмут багытында бронетехниканын жардамы менен чабуул коюуда, Покровскиде алар ондогон танк жана бронетехниканын колдоосунда украиндердин коргонуусун жарып өтүүгө аракет кылып жатат.

"Оор жоготууларга карабай, орус аскерлери кээде ийгиликтерге жетишип атат", - деп жазды Сырский.

Украин жана Орусиянын Телеграм каналдарында, маалымат каражаттарында жарыяланган билдирүүлөргө ылайык, акыркы күндөрү орус аскерлери активдүү чабуулун Часов Яр аймагына жасоодо. Бул Бахмуттун жана Авдеевканын батышындагы украиндер үчүн эң маанилүү аймак.

Украиндердин DeepState каналы орус аскерлери аталган аймак менен коңшу турган Богдановка айылын басып алганын билдирди. Украинанын Коргоо министрлиги ишембиде эртең менен Богдановкада "айыгышкан салгылаш" жүрүп жатканын кабарлаган. DeepState украин аскерлери чегинип баратат делген тасмасын жарыялаган. Согуш учурунда маалыматтарды жеринен тактоо мүмкүн эмес.

Орус армиясынын жарандык инфратүзүмдөргө жасаган чабуулунан ишембиде Донецк облусунда 3 киши мерт кетти, дагы 4 адам жараат алды. Авиачабуул Покровск районундагы Нетайлово жана Новоселидовка кыштактарына жасалды, Очеретино шаарчасында көп кабаттуу үй талкаланганы кабарланды. Бул айылдар орус армиясы чабуулун күчөтүп жаткан Авдеевканын батышында жайгашкан.

19:48 13.4.2024

Континенттер аралык баллистикалык ракета Капустин Яр полигонунда сыноодон өткөнүн ТАСС агенттиги жазды

Орусиянын Коргоо министрлиги "жыйынтык орусиялык ракеталардын ишенимдүүлүгүн көрсөтөт" деп билдирген.

"2024-жылы 12-апрелде Астрахан облусундагы Капустин Яр полигонунда Стратегиялык мааниси бар ракеталык бөлүгү тарабынан топуракта кыймылдай алган комплекс аркылуу континенттер аралык баллистикалык ракета сыноодон өттү. Жыйынтык ракеталар Орусия Федерациясынын стратегиялык коопсуздугун сактоодо ишенимдүүлүгүн көрсөттү", - дешкен мекемеден.

Рейтер агенттиги Орусиянын Коргоо министрлигине шилтеме берип, континенттер аралык ракета сыноодон ийгиликтүү өткөнүн жазды.

Калган көз карандысыз булактардан бул маалыматты тактоого мүмкүн болгон жок.

Орусия Украинада согуш баштагандан бери бир нече жолу ракета менен сокку урган. Алардын көбү калктуу конуштарга тийип кыйроолорго жана өлүмгө алып келүүдө.

19:47 13.4.2024

Украинанын Орусия көзөмөлдөгөн Запорожье облусунун Токмак шаарында уранды астынан дагы төрт адамдын сөөгү алынды. Ошентип, кечээ кечинде болгон атышуудан каза болгондордун саны онго жетти. Бул тууралуу Орусия дайындаган аймактын башчысы Евгений Балицкий билдирди.

Каза болгондордун арасында үч бала бар. Эки адам дайынсыз, он сегиз адам жабыркаганы айтылууда.

Ишемби күнү эртең менен уранды астынан беш адам куткарылды.

"Денеси күйгөн жана жараат алган адамдар медициналык мекемеге жеткирилди, алардын үчөөнүн абалы оор", - деп жазды Балицкий.

12-апрель күнү кечинде Балицкий Украинанын аскерлери тарабынан Токмактагы көп батирлүү үйлөр аткыланганын билдирген. Натыйжада жеке сектордогу 25 үй жана көп кабаттуу 9 үй газсыз калган.

Бул окуяга Украина тарап комментарий берген жок.

  • Запорожье облусундагы Токмак шаары орус аскерлеринин көзөмөлүндө. Запорожье облусунун бир бөлүгүн согуш башталганда эле Орусия басып алган, бирок анын борбору Запорожье шаары Украинанын көзөмөлүндө турат.
  • 2022-жылы сентябрда Владимир Путин Запорожье облусунун Орусияга кошулуусу тууралуу жарлыкка кол койгон. Бул чечимди дүйнө өлкөлөрүнүн көпчүлүгү тааныган эмес.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG