Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Февраль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:19
Харьков. 2026-жылдын 30-январы.
Харьков. 2026-жылдын 30-январы.

Киев жана Харьков кайрадан жапырт бутага алынды

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




16:20 17.5.2024

Орусиянын соңку суткадагы чабуулдарынан Украинада төрт киши каза болгонун, дагы 20 киши жараат алганын «Азаттыктын» украин кызматы бүгүн 17-майда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына таянып билдирди.

Донецк, Херсон жана Харьков облустарынын бир нече шаар-кыштагы авиачабуул алдында калганы, үйлөр, медицина мекемелери талкаланганы кабарланды.

Жумага караган түнү жана таңга жуук Орусия бир нече аймакты учкучсуз согуштук учактар менен аткылаганын Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Харьков, Полтава, Винницы, Одесса жана Николаев облустарына жалпысынан 20 Shahed дрону менен чабуул коюлду, алардын баары атып түшүрүлдү.

Орусия Украинаны резервдеги бригадаларын да согуш талаасына чыгарууга мажбурлоо үчүн активдүү согуш аракеттеринин зонасын дээрлик 70 чакырымга кеңейткенин Куралдуу күчтөрдүн Башкы командачысы Александр Сырский билдирди.

«Алдыда оор кармаш болорун, душман ошого даярданып жатканын биз түшүнүп турабыз», – деп жазды ал Телеграмга.

Фронттун Харьков багытында Старица калктуу пунктунун жанында кармаш жүрүп жатканын, Волчанск шаарында абал көзөмөлдө экенин 17-майда эртең менен маалымдаган Башкы штаб соңку суткада 60 жерде кагылышуу болгонун, анын 20сында уруш уланып жатканын билдирди.

Харьков облусунда абал жалпысынан көзөмөлдө экенин, бирок бул багыт «өтө татаал» болуп турганын өлкө президенти Владимир Зеленский 16-майда фронттогу кырдаал боюнча жыйында билдирген. Жыйын кармаш жүрүп жаткан тилкеге жакын аймакта өткөн.

Украин армиясы Волчанск шаарынын аймагынан аскерлерин аман сактап калуу үчүн "башка позицияларга өткөрүлгөнүн" 15-майда билдирген. Ал арада орус күчтөрү калаага киргени кабарланган. Орус армиясы Волчанск шаарына чабуулун 10-майда күчөткөн.

14:17 14.5.2024

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 14-майдын таңында Украинага барды. Анын бул сапары тууралуу алдын ала жарыяланган эмес.

Блинкен Орусия 2022-жылдын февралында Украинага кол салгандан бери Киевге ушуну менен төртүнчү жолу барып олтурат. Ал Польшадан түнкү поезд менен барганы кабарланды.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин маалыматына караганда, Энтони Блинкен украин президенти Владимир Зеленский, премьер-министр Денис Шмыгал жана тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен жолугуп, фронттогу соңку абалды, АКШнын аскердик жана экономикалык жардамынын таасирин, коопсуздук жаатындагы узак мөөнөттүү милдеттенмелерди жана Украинанын экономикасынын калыбына келишине колдоо көрсөтүү маселесин талкуулайт.

Блинкен Х социалдык түйүнүнө: "Мен бүгүн Киевге өзүнүн эркиндигин орус агрессиясынан коргоп жаткан Украинага биздин чексиз колдообузду көрсөтүү үчүн кайтып келдим", - деп жазды.

24-апрелде АКШда Украина үчүн 61 миллиард доллар бөлүү тууралуу мыйзам долбоору дээрлик жарым жылдык талашып-тартышуудан кийин кабыл алынган.

Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салгандан бери шаар-кыштактарды куралдын көптөгөн түрү – учкучсуз согуштук учак, ракета, авиациялык бомба, жапырт аткылоочу система менен аткылоодо, бирок жарандык объектилерди бутага алганын четке кагууда.

Батыш убада кылган курал-жарактын жетишсиздигинен фронтто абал оор экенин Украинанын Башкы чалгын башкармалыгынын башчысынын орун басары Вадим Скибицкий өткөн аптада билдирген.

14:16 14.5.2024

Украина Орусиянын чабуулунан бир киши каза болгонун, Волчанскиде абал оор экенин билдирди

Украинада Орусиянын соңку чабуулдарынан бири кишинин өмүрү кыйылганын, дагы бир нече киши жараат алганын бийлик өкүлдөрү 13-майда билдиришти.

Сумы облусунда 24 калктуу пункт чабуулга кабылганын, жалпысынан 210 жолу аткылоо болгонун, үйлөр жана автомашиналар талкаланганын, бир киши каза болгонун кыйылганын полиция мекемеси билдирди.

Херсон облусунда Инженерное айылына сокку урулганын, 74 жаштагы эркек киши бутунан жараат алып, оор абалда ооруканага жеткирилгенин облустук аскердик администрация маалымдады.

Донецк облусунда 13-майга караган түнү Селидово шаары С-300 ракеталары менен аткыланганын, кабат үйлөрдүн бир нечеси жана шаардагы окуу жайларынын биринин имараты талкаланганын облус жетекчилиги кабарлады.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Орусия Волчанск шаарында “тактикалык жактан ийгиликке жетишип турганын”, ал жакка беш батальонго чейинки сандагы аскерлерин тартканын, жоготууларына көңүл бурбай чабуул коюп жатканын 13-майга караган түнү билдирди. Жалпысынан, мекеменин маалыматына караганда, “Харьков багытында кырдаал оор болууда жана динамикалык түрдө өзгөрүп жатат”.

Орус аскерлери чек арадагы Харьков облусундагы чабуулдарын 10-майда күчөтүп, Волчанск шаарынын тегерегиндеги бир нече айылды басып алышкан.

Жергиликтүү бийлик бүгүн кечке чейин шаардын бардык тургундары Харьков жакка эвакуация болорун, орус аскерлери аткылоосун улантып жатканын билдирди. Согушка чейин бул шаардын калкы 17 миңдин тегерегинде болчу.

16:21 11.5.2024

11-майга караган түнү Белгород облусундагы бир нече кыштак украин аскерлеринин аткылоосуна кабылганы, андан сегиз адам жарадар болуп, ондогон үйлөр жабыркаганын аймактын губернатору Вячеслав Гладков маалымдады.

Гладковдун сөзүнө караганда, ок-дарынын чачырандысы тийген беш адам ооруканага жеткирилген, дагы үч адамга жеринен медициналык жардам көрсөтүлгөн. Кеминде 45 үйдүн айнектери талкаланып, чатыры, дубалдары жана томсолору кыйраган. Бир нече автоунаага зыян келтирилген.

Аткылоого чек арадагы эл жашаган айылдар да кабылып, үч имарат жана эки автоунаа кыйраган. Беш кыштактын эли электрсиз калган.

Түндө Курскиге да эки дрон чабуул койгонун облус губернатору Роман Старовойт маалымдады. Анын сөзүнө караганда, дрондордун бири сарайдын жанына кулап, үйлөрдүн айнектерин талкалаган.

Орусиянын Коргоо министрлиги түндө Белгород облусунун аймагынан тогуз дрон жана 21 ракета жок кылынганын, ал эми Курск жана Волгоград облустарынын үстүнөн жети дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Орусия Украинага кол салгандан бери эки өлкөнүн чектеш айыл-кыштактары аткылоолорго дуушар болуп келет. Бири-бирин тынч элди аткылоого айыптаган Москва менен Киев адатта мындай айыптоолорго комментарий бербейт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG