Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:48
Харьков. 2026-жылдын 30-январы.
Харьков. 2026-жылдын 30-январы.

Киев жана Харьков кайрадан жапырт бутага алынды

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




17:49 2.6.2024

Украинанын президенти Владимир Зеленский Азия-Тынч океан аймагындагы коопсуздук маселелерине арналган "Шангри-Ла диалогу" форумунда 100дөн ашык өлкө Швейцарияда өтө турган тынчтык жолугушуусуна катышууга убада бергенин айтты.

«Адилеттүү дүйнөнү орнотуу процессин баштоо биз үчүн абдан маанилүү. Орусия согушту токтоткусу келбейт. Ошондуктан биз тынчтыкка жетүү үчүнбүткүл дүйнө менен биргелешип аракеттенишибиз керек», - деди Зеленский.

Зеленский менен Украинанын коргоо министри Рустем Умеров Сингапурда АКШнын коргоо министри Ллойд Остин менен жолукту. Бул АКШ Киевге америкалык курал менен Орусияга, тактап айтканда Харьков облусуна жакын жайгашкан аймагына сокку урууга уруксат бергенден кийинки жолугушуу болуп калды.

Зеленский буга чейин Кошмо Штаттардын Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын тышкы саясат боюнча комитетинин башчысы Майкл Маккол жетектеген делегация менен жолугушкан.

Украина президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, Зеленский жолугушуунун катышуучуларына соңку кырдаал, Украинага курал-жарак жеткирүү жана санкциялык демилгелер тууралуу маалымат берди.

"Шангри-Ла диалогу" - Сингапурдагы Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институту (IISS) көз карандысыз аналитикалык борбору жыл сайын өткөрүүчү өкмөттөр аралык форум. Уюштуруучулардын айтымында, жекшемби күнү Зеленский “Глобалдык тынчтык жана аймактык стабилдүүлүк үчүн чечимдерди кайра карап чыгуу” аттуу талкууга катышат.

Форумга АКШ жана Кытай баш болгон аймактагы 30га жакын мамлекеттен жогорку даражалуу өкүлдөр катышууда. Орусия "Шангри-Ла диалогуна" 2022-жылдан бери Украинага бастырып киргенден бери бара элек.

14:18 2.6.2024

Орусиянын Коргоо министрлиги жекшембиге караган түнү Курск жана Белгород облустарынын үстүндө абадан коргонуу системалары үч дронду жок кылганын билдирди.

Дагы бир учкучсуз учак Азов деңизинин үстүндө атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков эртең менен өзүнүн Телеграм-каналында бир нече дрон атып түшүрүлгөнүн жазды.

Дрон калдыктарынан Белгород облусунун бир катар айылдарында автоунаалар, үйлөрдүн фасаддары жана тосмолор талкаланган. Жабыркагандар жана каза болгондор жок.

14:14 2.6.2024

Украинанын аба күчтөрү жекшембиге караган түнү 25 учкучсуз учактын 24ү атып түшүрүлгөнүн жарыялады.
2-июнга караган түнү орус аскерлери Украинага “Искандер-К” канаттуу ракетасы, С-300 зениттик ракетасы жана 25 дрон менен чабуул койгонун Украинанын Аскердик аба күчтөрүнүн командачысы Николай Олещук билдирди.

Анын айтымында, 24 учкучсуз учак – Николаев, Одесса, Херсон, Киев, Хмельницкий, Днепропетровск, Кировоград, Винница облустарында атып түшүрүлгөн.

Украинанын Аскердик аба күчтөрүнүн билдирүүсүнө ылайык, Искандер-К жана С-300 ракеталарын атып түшүрүү мүмкүн болгон эмес.

20:48 1.6.2024

1-июнга караган түнү орусиялык армия Украинанын жарандык жана энергетикалык инфраструктурасына сокку урду. 20 адам жабыр тартты. Бул тууралуу украиналык расмий мекемелер билдиришти.

"Орусия Харьков облусундагы эс алуу базасына кол салды", - деп жазды Украинанын ИИМнин башчысы Игорь Клименко. Анын айтымында, 12 адам жабыркаган, арасында балдар да бар. Алардын абалы орточо оор деп бааланууда.

Клименко орусиялык дрон Никополдогу маршруттук автобусту аткылап, төрт адам анын ичинде бала жараат алганын билдирди. Дагы төрт адам Львов облусундагы аткылоодон жабыркаган.

Украинанын Чукул кырдаалдар кызматы Харьков облусунда Балаклеи тилкесиндеги эл жашаган аймакка орусиялык ракета түшүп, эки үй өрттөнүп кеткенин билдирди.

Түндөгү чабуулдан бир катар облустардагы энергетикалык объекттер кыйраганын Украинанын энергетика министри Герман Галущенко ырастады.

Украинанын аба күчтөрүнүн билдиришинче, Орусия ар кандай үлгүдөгү 53 ракета жана 47 дрон кое берген. 35 ракета жана 46 дрон атып түшүрүлгөн.

Орусиянын Коргоо министрлиги армия узакка атылуучу курал менен Украинанын аскердик өндүрүштүк комплексинин ишин камсыздаган энергетикалык объекттерин атканын тастыктады. Мекеме чабуулду Киевдин "орусиялык энергетикалык объекттерге жана транспортко зыян келтирүү аракетине" жооп катары түшүндүрдү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG