АКШнын Украинага берген куралы боюнча саясатын өзгөртүп, аны менен Орусиянын Украинага чектеш тилкесиндеги аскердик объектилерге сокку урууга уруксаты туура кадам болгонун, бирок жетишсиз экенин жана Орусиянын масштабдуу операциясын олуттуу үзгүлтүккө учурата албай турганын Согушту изилдөө институту (ISW) билдирди.
Уюмдун 10-июнда жарыяланган аналитикалык баяндамасында белгиленгендей, Орусия өзүн Украинанын соккуларынан коопсуз сезген аймагы 16 гана процентке кыскарды. Украина колдонуп жаткан узак аралыкка сокку ура алчу ATACMS ракеталары жете ала турган аймактын дагы 84 проценти уруксат жок болгондуктан “кол тийгис” бойдон калып жатканы белгиленди.
Баяндамада айтылгандай, АКШнын чектөөсү Орусияга ошондой өтө кеңири аймакта өзүнүн аскер күчтөрүн, логистикасын коргоп туруусуна, аларды башкаруусуна, тылды камсыздоосуна шарт түзүп берүүдө жана ошонун баарын ал Украинага каршы колдонууда.
ISW белгилегендей, Орусиянын чабуулдарын олуттуу негизде үзгүлтүккө учуратыш үчүн Украинага Батыш берген курал менен Орусиянын чек арага жакын да, алыскы да аймагындагы тылына сокку урууга мүмкүнчүлүк берилиши зарыл.
Украинага 2022-жылы февралда кол салып, толук масштабдуу согуш ачкан Орусия «атайын аскердик операцияны» ишке ашырып жатканын айтып келет.
Алгачкы бир жылда Украина Батыштагы союздаштарынын жардамы менен орус аскерлеринин чабуулдарына каршы туруп, айрым тарттырып жиберген аймактарын кайтарып алууга жетишкен. Бирок былтыртан бери фронтто абал кыйла өзгөрдү, украин бийлиги Батыш убада кылган жардам убагында берилбей, аскерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын билдирген.
Украина Орусиянын соккуларын токтотуунун негизги жолу катары анын өзүнүн аймагындагы аскердик объектилерди жок кылууну атап келет. Бул үчүн ал Батыштан жардам иретинде алып жаткан курал-жаракты Орусиядагы объектилерге каршы колдонууга уруксатты көптөн бери талап кылып келди. Мындай уруксат жакында гана бериле баштады.
АКШ президенти Жо Байден 6-июнда ABC News каналына курган маегинде Украина америкалык курал менен Орусиянын аймагына өз чек арасынан эсептегенде 320 чакырым ичинде гана сокку ура аларын, андан аркы аймакка, Москвага жана Кремлге да уруксат жок экенин айткан.
АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан америкалык CBS News телекомпаниясына курган интервьюсунда Харьков аймагында орус аскерлеринин чабуулу АКШнын уруксатынан кийин дээрлик токтоп калганын айтты.
Украинанын Орусия оккупациялап алган Луганск шаарына жасалган ракеталык соккудан үч кишинин өмүрү кыйылганы кабарланды. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей 35тей киши жабыркады. Арасында үч бала бар.
ТАСС агенттиги жазгандай жардыруулар түш ченде болгон. Өздөрүн "Луганск Элдик Республикасы" же "ЛЭР" деп атап алган түзүмдүн маалымат катчысы Анна Романова билдиргендей, украин армиясы кеминде алты ракета, болжол менен ATACMS менен чабуул койгон. Орусиянын Коргоо министрлиги алардын төртөө атып түшүрүлгөнүн, бир ракета эки турак жайга тийгенин маалымдады.
Орусиялык маалымат агенттиктер 10дон көп үй жана дүкөн талкаланганын жазышты. Орусия оккупациялап алган аймактын бийлиги кабарлагандай, эки мектеп, үч бала бакча, коллеж жана университеттин корпусу жарактан чыкты.
Калаада жарым-жартылай жарык жана суу жок. Украин бийлиги чабуул тууралуу комментарий берген жок.
Москва Украинага согуш ачканы Орусиянын аймагына дрондор менен соккулар тынбай урулуп келет. Апрель айынын башында дрондордун чабуулуна Украинадан 1200 чакырым алыс Татарстандагы дрон чогулткан завод да кабылган. Москва бул кол салууларды Киевден көрөт. Украин бийлиги Орусиянын аймагындагы окуяларга расмий комментарий бербейт. Орусиянын чек арага чектеш Белгород облусу дээрлик күн сайын аткылоолорго дуушар болууда.
Ал эми Орусиянын армиясы 7-июнга караган түнү Украинанын аймагына ракета жана дрондор менен жапырт сокку урганы кабарланды. Украин армиясынын Аба күчтөрү билдиргендей, 53 жанкечти-дрондун 48и абадан атып түшүрүлгөн.
Андан тышкары орус армиясы соңку чабуулда беш канаттуу ракета колдонгон. Маалыматка караганда, алардын баары маанилүү инфратүзүмдөрдү бутага алууга багытталган.
Киев облустук аскердик администрациясынын башчысы Руслан Кравченко билдиргендей, украин баш калаасында сиреналар төрт саат тынбай жаңырды.
“Аба чабуулдун жыйынтыгында облустагы өндүрүш жайлардын биринде өрт тутанды”, - деди ал. Башка кошумча маалымат берилген жок.
Көптөгөн фото жана видео далилдерге карабастан Орусиянын Коргоо министрлиги жарандык жайларга сокку урганын мойнуна албай, бир гана аскердик объектилерди бутага алганын билдирип келет.
Ошол эле учурда Орусиянын аймагы да дрондордун кезектеги чабуулуна дуушар болду. Расмий Москва маалымдагандай, 7-июнга караган түнү аннексияланган Крым жана Белгород менен Ростов облустарында 28 дрон атып түшүрүлгөн.
Бул чабуулдарды Кремль Киевден көрөт, украин бийлиги Орусиянын аймагындагы окуяларга комментарий бербейт. Батыш мамлекеттери жакында эле Украинага Орусиянын аймагына алардын куралын колдонуп сокку урууга уруксат берген. Москва “ассиметриялык жооп” болорун эскертти.
Орусияда аскердик сот казармада граната жардырган Дмитрий Лобовиковду 23 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга кести.
Жазасынын алгачкы беш жылын ал абакта отурмакчы. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматына шилтеме менен ТАСС кабарлады.
Арачылар сотунун чечиминин негизинде мобилизацияланган Лобовиков адам өмүрүнө кол салуу аракети, эки же андан көп кишини өлтүрүү, ден соолукка жеңил же орто зыян келтирүү, мүлктү атайылап жок кылуу жана жардыргыч затты мыйзамсыз сактоо үчүн күнөөлүү деп табылды. Ага айып пул салынды жана кенже сержант деген чинден ажыратылды.
Лобовиков Белгород облусундагы аскердик бөлүктө взводдун командири болчу. Тергөөнүн версиясына ылайык, ал былтыр 14-январга караган түнү спирт ичимдигин ичкенден кийин нөөмөттө тургандарды текшерүүнү чечкен. Аскерлерди ойготуп, гранатаны алып чыккан, кийин аны башка взводдун жоокерлери уктап жаткан бөлмөгө ыргыткан. Гранатанын айынан бир нече газ баллону жарылганда жети аскер каза таап, 16 киши жараат алган.
Лобовиковдун адвокаттары кырсык болгонун айтып келет. Алардын маалыматында, ал Украинадагы согушта чабуул коюучу отрядда кызмат өтөгөн жана тажрыйбалуу аскер болчу.
Украинада мобилизация туралуу мыйзамдын алкагында кош жарандыгы же башка өлкөдө убактылуу жашоо укугу бар, армияда кызмат өтөө курагындагы эркектерди чет жакка чыгарбай калышты.
Мамлекеттик чек ара кызматынын расмий өкүлү Андрей Демченко маалыматты тастыктады.
Украиналык айдоочулар ТикТокко маалыматты бышыктаган видеолорду жайгаштырууда. Айрымдары мурда чек арадан маселесиз өтүп келишкенин айтышат.
Жаңы эрежеге АКШнын Киевдеги элчилиги реакциясын билдирип, кош жарандыгы бар украиналыктар үчүн маалымат жарыялады. Элчилик эскерткендей, АКШ жана Украина жарандыгы бар 18-60 жаштагы эркек кишилер, арасында Комшо Штаттарда жашагандар да мындан ары Украинадан чыга албайт.
Май айында Украинада мобилизация жөнүндө жаңы мыйзам күчүнө кирген. Ага ылайык, 18-60 жаштагы эркектер армияны толуктаган атайын борборлордо (мурдагы аскердик комиссариаттар) жеке маалыматтарын 60 күндүн ичинде жаңыртууга тийиш. Андай болбосо, ага издөө жарыяланып, айып пул салынышы мүмкүн.