Украинага таандык, бирок азыркы тапта Орусия башкарып жаткан Запорожье атомдук электр станциясына (ЗАЭС) дрон чабуулу токтотулушу керектигин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) башчысы Рафаэл Гросси эскертти.
Бул тууралуу ал станцияны басып алып, учурда башкарып турган орус тараптын бул маанилүү объектиге сокку урулганы жана сегиз кызматкери жараат алганы тууралуу 3-июлдагы билдирүүсүнөн кийин айтты.
"ЗАЭСке бир нече учкучсуз учак менен сокку урулганы, натыйжада Энергодар электр подстанциясында иштеген жумушчулар жараат алганы жана станциянын бөлүштүрүүчү жайынын жанындагы токойдо өрт чыкканы тууралуу МАГАТЭге маалымат берилди", - деп айтылды агенттиктин Х (мурдагы Twitter) социадык түйүнүнө жарыяланган билдирүүдө. Анда соккуну ким урганы тууралуу маалымат келтирилген жок.
Орусиянын атомдук мекемесинин башчысы Алексей Лихачев чабуул үчүн Украинаны айыптап, МАГАТЭнин өзөктүк коопсуздук тууралуу эрежелерин «каратып туруп бузуу» болду деп атады.
Украина эч кандай комментарий берген жок.
Украина Херсон облусунда соңку суткада Орусиянын чабуулдарынан бир киши каза болгонун, 16 киши жараат алганын, алардын арасында эки бала бар экенин билдирди. Облустун аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудиндин айтымында, жалпысынан орус аскерлери 25 калктуу пунктту бутага алды.
Облус аймагында жеке үйлөр, кабат үйлөр, дүкөн, газу кууру талкаланганы маалымдалды.
Украинанын Аба күчтөрүнүн маалыматына караганда, Орусия 27-июнга караган түнү 29 ракета жана дрон учурду, алардын арасынан «Кинжал» ракетасынан башкасынын баары атып түшүрүлдү.
Фронтто Краматорск багытында орус армиясы Временный Яр тарапта чабуулдарын улантып жатканы, Торецк багытындагы абал чыңалып турганы, Харьков багытында Волчанск үчүн күрөш уланып келатканы маалымдалды
Орусия эмгек мигранттарын өлкөдөн кетириш үчүн аларды Украинадагы согушка жөнөтүп жатат. Бул тууралуу 27-июнда Петербург эл аралык юридика форумунда сүйлөп жатып Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин билдирди.
«Биз мигранттар Орусиядан акырындап кете башташына алып келе турган бир амал таптык. Конституциянын жана мыйзамдарыбыздын жарандык алган адамдар аскердик каттоого турууга, керек болсо атайын аскердик операцияга катышууга милдеттүү деген жоболорун ишке ашыра баштадык»,— деди Бастрыкин.
Ал жакында орус жарандыгын алган, бирок аскердик каттоого турбай жүргөн 30 миңдей чет өлкөлүк аныкталып, каттоого алынганын, алардын 10 миңге жакыны согушка жөнөтүлгөнүн айтты. Мигранттар «окоп казганга» да керек экенин айткан жетекчи «алар бүгүнкү күндө биздин тылдагы бөлүктөрдү толуктап жатышат» деп кошумчалады.
2022-жылдын февралында Орусия Украинага кол салгандан тартып орус бийлиги бул өлкөгө жумуш издеп барган борборазиялык мигранттарды согуш талаасына жөнөтүп жатканы кабарланып келет.
Тергөө комитетин 2011-жылдан бери башкарып келе жаткан Бастрыкин мигранттарга каршы мамилеси менен белгилүү. Ал миграция мыйзамдарын катуулатуу керек деп эсептейт. Быйыл жазында Москвада «Крокус Сити» борборунда кеминде 145 кишинин өмүрүн алганы айтылган кол салуудан кийин да ал мигранттарга каршы билдирүүлөрдү жасаган.
Расмий Бишкек Орусиянын Украинага каршы согушу боюнча бейтарап позицияда экенин кайталап келет.
Орусияда мигранттарды согушка тартуу күчөп, алтургай абактардан алып кетип жатканы белгилүү. "Азаттык" "Вагнер" жалданма тобунун катарында Украинадагы согушка барып, окко учкан кеминде ондон ашуун кыргызстандыкты тактаган.
Украина жана Орусия ар бири 90дон согуш туткунун айырбаштады. 25-июндун кечинде Украина Улуттук гвардиясынын жоокерлерин, аскер кызматкерлерин жана чек арачыларын, жалпы 90 кишисин Орусиядан кайтарып алганын өлкө президенти Владимир Зеленский билдирди. Бул жолку туткун айырбаштоого да Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) ортомчу болуп беришти.
Украинанын координациялык штабынын маалыматына караганда, мекенине кайткан жоокерлер арасында Мариуполду коргоого катышкан 59 адам бар, алардын 52си "Азовсталь" ишканасын коргоп жатып туткунга түшкөн.
Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматында туткундан кайткандар дарылоого жана реабилитацияга жөнөтүлөрү гана айтылды, алар кимдер экени кабарланган жок.
Буга чейин эки өлкө ортосунда БАЭнин ортомчулугу менен туткун айырбаштоо 31-майда болгон. Анда Украинанын 75, Орусиянын да 75 жараны бошотулган. Ошол эле күнү Украина каза болгон 212 жоокеринин, Орусия 45 аскер кызматкеринин сөөгүн өткөрүп алган.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жогорку комиссариаты орус аскерлери 2023-жылдын декабрынан 2024-жылдын февралына чейинки аралыкта эле туткундагы украин жоокерлеринин кеминде 32син өлтүргөнүн билдирген. БУУнун эксперттеринин сурамжылоосуна катышкан 44 орусиялык согуш туткуну Украинанын абагында кандайдыр бир ырайымсыз мамилеге кабылганы тууралуу айтышкан эмес, колго түшкөн учурда же абакка жеткирилип баратканда гана кыйноого кабылганын билдиришкен.
Украина орус аскерлеринин кылмыштары, анын арасында туткундагы украиндерди өлтүргөнү тууралуу 50 миңден ашуун кылмыш иши тергелип жатканын билдирген. Орус тарап бул боюнча комментарий берген эмес.
Согуш туткунун өлтүрүү эл аралык укук тажрыйбасында согуш кылмышы катары бааланат.