АКШ президенти Жо Байден шейшембиде НАТОнун саммитинде сүйлөп жатып, Украинага зениттик-ракеталык системалар берилерин жарыя кылды.
"Кошмо Штаттар Украина биз экспорттоп жаткан абадан коргонуучу системаларды биринчилерден болуп алышы үчүн болгон мүмкүнчүлүгүн жумшайт", - деди ал.
АКШ, Германия жана Румыния Киевге Patriot зениттик-ракеталык системасынан бирден беришет. Нидерланд дагы башка өлкөлөр менен чогулуп дагы бирди беришет. Байдендин сөзүнө караганда, Украинага жыл соңуна чейин аймагын Орусиянын ракеталарынан коргоочу жүздөгөн системалар берилмекчи.
Жо Байден Украинаны колдоо уланарын билдирди. Ал Вашингтондо өтүп жаткан саммиттин катышуучуларына кайрылып:
"Путин Украинаны толук баш ийдиргиси келет, украин демократиясына чекит коюп, украин маданиятын жок кылып, Украинаны мамлекет катары дүйнөлүк картадан өчүрүүнү каалайт. Биз билгендей, Путин муну менен токтоп калбайт. Бирок адашпообуз керек: Украина Путинди токтото алат, колунан келет", - деди.
АКШ президенти ошондой эле америкалыктардын көпчүлүгү НАТО альянсы дүйнөнүн коопсуздугун сактарын билишерин белгиледи: "Америкалыктар билишет, биз досторубуз менен чогуу аракеттенген учурда бекембиз".
Украин президенти Владимир Зеленский 9-июлда Вашингтонго баргандан кийин, НАТОго мүчө өлкөлөргө кайрылып, абадан коргонуучу системаларды, кыргын салуучу учактарды жана кошумча коопсуздук кепилдигин суранарын билдирген. Ал дээрлик согуш башталгандан бери Батышты өлкөнүн абадан коргонуу системасын бекемдөөгө, алыска жете алуучу курал-жарак жагынан жардамдашууга чакырып келген.
Орус армиясынынын 10-июлга караган түнү Украинанын Ровненск жана Одесса облустарына жасаган соккуларынан эки кишини өмүрү кыйылды.
Одессада бир киши жараат алып, порт жабыркаганын облус губернатору Олег Кипер билдирди. Маалыматка караганда кампалар, жүк ташуучу машинелер жана жарандык кеме талкаланган.
Украин армиясы билдиргендей, түнү орус күчтөрү беш ракета жана 20дай учкучсуз аппарат менен абадан чабуул койгон.
Андан тышкары дрондордун кол салуусунан Ровненск облусундагы энергетикалык объект жабыркаганын "Укрэнерго" билдирди.
Ровненск облусунун губернатору Александр Коваль маалымдагандай, кол салуудан кийин тутанган өрт өчүрүлдү, жабыркагандар жок. Чабуулдан улам аймак калкы убактылуу электр жарыксыз калды.
Cоңку күндөрү орус армиясы Украинанын аймактарына аба чабуулун күчөттү. 8-июлдагы жапырт аба соккудан 40тан ашуун адам набыт болду. Ракеталардын бири Киевдеги ири балдар ооруканасына тийген.
АКШ президенти Жо Байден шейшембиде НАТОнун саммитинин ачылышында сүйлөп жатып, Украинага зениттик-ракеталык системалар берилерин жарыя кылды.
"Кошмо Штаттар Украина биз экспорттоп жаткан абадан коргонуучу системаларды биринчилерден болуп алышы үчүн болгон мүмкүнчүлүгүн жумшайт", - деди ал 9-июлдун кечинде.
Расмий Москва видео жана фото далилдерге карабастан жарандык жайларды аткылаганын четке кагып, аскердик объектилерди гана бутага аларын билдирип келет.
Украинанын борбор калаасы Киевдин аскердик администрациясы Орусиянын ракеталык чабуулунан 8-июлда кеминде жети кишинин өмүрү кыйылганын билдирди.
Шаар мэри Виталий Кличко жалпысынан кеминде 11 киши жараат алганын, алардын сегизи ооруканада экенин, жабыркагандарды тактоо уланып, балдар ооруканасында уранды астында калгандарды куткаруу аракети жүрүп жатканын жазды.
Балдар ооруканасы, мекеме имараттары, үйлөр, машиналар талкаланып, айрым жерлер өрттөнүп жатканы маалымдалууда.
Кривой Рог шаарында каза болгондор 10го жеткенин, дагы 30дай киши жараат алганын, үйлөр, ишканалар талкаланганын облустук аскердик администрация башчысы Сергей Лысак кабарлады.
Өлкө президенти Владимир Зеленский Украина жапырт чабуулга кабылганын Telegram каналы аркылуу билдирди. «Киев, Днепр, Кривой Рог, Славянск, Краматорск. Ар кандай типтеги 40тан ашуун ракета. Үйлөр, инфраструктура жана балдар ооруканасы кыйрады. Бардык кызматтар иштеп жатат, болушунча көбүрөөк кишини сактап калуу аракети жүрүүдө», — деп жазды ал.
2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага кол салган алгачкы жылы Украина Батыштагы союздаштары жөнөткөн курал-жарактын жардамы менен орусиялык чабуулдарга туруштук берип тура алган, бирок былтыр андай жардам дээрлик токтоп, фронтто оор абал түзүлгөн. Быйыл жазында гана жардам кайра улана баштады.
Мындан тышкары Орусия күн сайын Украинанын аймагына ракета жана дрон чабуулдарын улантууда.
Бээжинде Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушуусу өткөнүн бүгүн 8-июлда "Синхуа" мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди.
Кытай басма сөзү жолугушууда негизги тема Украина маселеси болгонун жазып жатышат. CCTV телеканалы Си дүйнөлүк державалар Орусияга жана Украинага тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого жардам бериши, тезирээк тынчтык орнотуш үчүн эки тарапка тең «позитивдүү таасир» этиши керек деп айтканын, кытай тарап тынчтык сунуштарын бергенин маалымдады.
1-июлда Европа Биримдигиндеги жарым жылдык төрагалык кызматка киришкен Венгрия өкмөтүнүн башчысы алгачкы бир апта ичинде ушуну менен үчүнчү өлкөгө барышы. Бул сапарларын ал өзү «тынчтык орнотуу миссиясы» деп атоодо.
Алгач Киевде украин президенти Владимир Зеленский, андан кийин Москвада орус президенти Владимир Путин менен жолугушуу өткөргөн Орбан Швейцариянын Die Weltwoche басылмасына 6-июлда курган маегинде жаңы аптада да Украинадагы боюнча сүйлөшүүлөрдү улантарын айткан.
2-июлда Украинага барганда ал Орусия менен сүйлөшүү баштоо үчүн атышууну токтотууну сунуш кылган. Зеленский атышууну андан кийин эмне кылуу керектиги жөнүндө так план жок шартта токтотуу согуштун аякташына алып келбей турганын, жөн гана убактылуу «тоңдуруп» коюу болорун жолугушуудан кийин Bloomberg басылмасынын суроолоруна жооп берип жатып айткан.
Ошону менен катар украин лидери согуш Киев үчүн да, бүт дүйнө үчүн да акыйкат шартта токтошу үчүн АКШ менен Кытай ички пикир келишпестигин жоюп, Орусия менен сүйлөшүүлөргө биргелешип ортомчу болушу зарыл экенин белгилеген.
5-июлда Кремлде Орбан менен жолугушууда Орусия президенти Владимир Путин Москва Украинанын кайсы аймактарын аннексиялап алган болсо, ошол жактагы украин аскерлеринин чыгып кетишин талап кылган.
Орбан эки өлкөнүн башчылары менен жолугушууларынан кийин Киев менен Москванын позицияларында чоң айырмачылык бар экенин билдирген.
Евробиримдик жетекчилигинин өкүлдөрү жана мүчө өлкөлөрдүн айрымдарынын лидерлери Орбандын билдирүүлөрүнө жана соңку аракеттерине анча ишене бербеген мамилесин айтып, ал орусиячыл саясатчы экенин эсертип белгилеп жатышат.