Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Февраль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:20
Дрон тийген автобус. Днепровпетровск
Дрон тийген автобус. Днепровпетровск

Украина: Орусиянын дрон соккусу 15 кенчинин өмүрүн алды

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:48 18.8.2024

Жекшембиге караган түнү Орусиянын түштүк аймактары учкучсуз учактардын чабуулуна кабылды. Ростов облусунун түштүк чыгышында дрондук сыныктары дизел сакталган кампага түшүп, өрт тутанганын аймактын губернатору Василий Голубев билдирди. Кампа өткөн түнү эки жолу соккуга кабылган.

Орусиянын Коргоо министрлиги түнү Белгород, Курск жана Ростов облустарына атылган беш учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Март айынан бери Орусиянын Украина менен чектешкен аймактары украин тараптан аткылоолорго жана дрон чабуулдарына кабылып келет. Киев бул соккулар боюнча комментарий бербейт.

11:03 18.8.2024

Орус жана украин Телеграм каналдары Орусиянын Глушков районунун Званное айылындагы Сейм дарыясындагы дагы бир көпүрө талкаланды деген маалымат таратууда.

Интернетте жарыяланган сүрөттөрдөн Званное айылындагы көпүрөдө жарака пайда болгонун көрүүгө болот.

16-августтагы аба чабуулдарынан кийин Глушково айылындагы көпүрө толук талкаланганы кабарланган.

Курск. Сейм дарыясы. Глушково
Курск. Сейм дарыясы. Глушково

Сейм дарыясы аркылуу өткөн көпүрөлөр орус аскерлери үчүн маанилүү.

10:50 18.8.2024
 "Курск операциясы согуштун нугун өзгөртүшү мүмкүн"
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:58 0:00

10:47 18.8.2024

Италиялык Rai телеканалы Курск облусундагы репортажынан кийин кабарчысы Стефани Баттистини жана оператору Симони Тарайнини коопсуздугуна байланыштуу чакырып алды.

17-августта Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Суджа шаарындагы сюжетинен кийин италиялык журналисттерге кылмыш ишин козгогону белгилүү болгон. Журналисттер тобу ал жакка украин аскерлери менен барып, репортаж тарткан, жергиликтүү тургундар менен сүйлөшкөн. Орусияда Баттистини менен Трайни орус чек арасынан мыйзамсыз өткөн деп айыпталып жатат.

Rai журналисттерин чакыртып алганын аларга кылмыш изи козголгону тууралуу расмий маалыматтын алдында жарыялады.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 16-августта Италиянын Москвадагы элчисин чакырып, нааразылыгын билдирген. Мекеме журналисттер Орусиянын мыйзамдарын жана “журналистикалык этиканын жөнөкөй эрежелерин” бузганын белгилеген.

Rai телеканалдын кызматкерлери эл аралык укуктун негизинде иш алып барышканын, алардын бир эле максаты – конфликтти реалдуу документтештирүү болгонун тактаган.

Орусия менен Украинанын чек арасындагы кырдаал боюнча CNN телеканалы да репортаж даярдаган. Федералдык коопсуздук кызматы телеканалдын кабарчысы Ник Уолштун материалын текшере турганын маалымдады. Бул боюнча чечим кийинчерээк кабыл алынмакчы. Буга чейин Уолш Орусиянын чек арасынан өтпөгөнү айтылган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG