Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кармаш жүрүп жаткан Курск облусунун жети муниципалитетине депутаттарды шайлоону башка убакытка которду. Бирок шайлоонун жаңы датасы такталган жок.
Буга чейин “Верстка” басылмасы өз булактарына таянып, БШК шайлоону “аймактагы бүдөмүк абалдан улам” 2025-жылга которууну пландаганын жазган.
Ал эми облус губернаторун шайлоо өз мөөнөтүндө өткөрүлмөкчү. 20-августта аймактык шайлоо комиссиясы 28-августтан тартып эрте добуш берүүгө уруксат берген.
Жарышка катышып жаткан губернатордун милдетин аткаруучу Алексей Смирнов шайлоо "абдан татаал кырдаалда өтөрүн", добуш берүүчулөрдүн колдоосу "мурда болуп көрбөгөндөй керек болуп жатканын" жазды.
Украин армиясы Орусиянын чек арадагы Курск облусуна 6-августта кирген. Соңку маалымат боюнча, украиндер кеминде 92 калктуу пунктту ээлеп турат.
Региондо федералдык деңгээлдеги чукул кырдаал жарыяланган. Калк эвакуацияланып жатат. Расмий маалыматка караганда, чабуул маалында карапайым 31 киши каза тапты, 143ү жабыркады.
Киев бул операциясын өзүн коргоо үчүн буфердик зона түзүү аракети деп атоодо.
Шаршембиде эртең мененки аткылоодон Донецк облусунда бир аял каза тапты. Аймактын аскердик администрациясынын башчысы Вадим Филашкин орус армиясы Северскини артиллериядан бутага алганда дагы бир киши мерт кеткенин билдирди.
Администрация ошондой эле 20-августтагы чабуул маалында Торецкиде каза болгондордун саны дагы бир кишиге өскөнүн маалымдады.
«Азаттыктын» украин редакциясы жазгандай, ага чейин облус жетекчилиги Донбасста 24 саатта бир киши окко учканын, төртөө жабыркаганын билдирген.
Шейшембиде орус аскерлери Запорожье облусундагы Малокатериновка айылындагы балдар кафесине сокку урганын регионалдык администрациянын башчысы Иван Федоров маалымдаган.
Украинанын улуттук полициясы беш киши, арасында өспүрүмдөр жараат алганын, бирөө кийин ооруканада көз жумганын кабарлаган.
Башкы прокуратура согуштун мыйзамдарын бузуу фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү башталганын билдирди.
"Орусиянын адамгерчиликтин чегинен чыккан дагы бир кылмышы. Кылмыштуу агрессия үчүн күнөөлүү адамдар сот жообуна тартылмайынча, биз токтобойбуз”, - деп айтты башкы прокурор Андрей Костин.
Фактыларга карабай, Орусия Украинага кол салгандан бери кошуна өлкөнүн карапайым тургундарын, балдарды, жарандык жайларды бутага алганын танып келет.
Ростов облусунун губернатору Василий Голубев аймактын батышында ракета атып түшүрүлгөнүн, кыйроолор жана жабыркагандар катталбаганын билдирди.
Украинанын куралдуу күчтөрүнун башкы штабы шаршембиге оогон түнү аскерлери Ростов облусундагы Новошахтинск деген жерге жакын жайгашкан С-300 зениттик-ракеталык комплекске сокку урушканын маалымдады.
Телеграм-каналдарда жарыяланган видеодо ракетанын сыныктары түшкөндө өрт тутанганы айтылууда. Бул маалыматты ыкчам текшерүү мүмкүн эмес.
Брянск жана Белгород облустарынын жетекчилери түнкү чабуулдар залака тийгизгени тууралуу маалымат азырынча жок деп билдиршти. Калган региондордун бийликтери чабуулдарга байланыштуу комментарий жасай элек.
Москванын мэри Сергей Собянин шаарга масштабдуу дрон чабуулу болгонун билдирди.
Анын айтымында, өткөн түнү Москвага "Украина тараптан 10 дрон учурулган". Алардын баары атып түшүрүлгөн. Собянин муну согуш башталгандан бери Москвага карата эң ири дрон чабуулу катары баалады.