Орусиянын армиясы 29-августка караган түнү Украинанын аймактарын дрондор жана ракеталар менен аткылады. Баш калаа Киевде учкучсуз аппараттын сыныктары бир нече турак жайга түшкөнү кабарланды. Алдын ала маалыматтарга караганда жабыркагандар каттала элек.
"Душмандын дрондорунун Киевге чабуулу уланууда. Баш калаада абадан коргоону системасы иштеп жатат", - деп жазды Киев шаардык аскердик администрациянын жетекчиси Сергей Попко Телеграмга.
Ал кошумчалагандай, алты саатка созулган чабуул маалында 15тей дрон атып түшүрүлдү. Аткылоолорго байланыштуу Чернигов, Сумы, Киев, Житомир, Винница, Черкассы, Кировоград жана Полтава облустарында сиреналар жаңырды.
28-августта Харьков облусунун Купянск шаарына башкаруучу авиабомбадан урулган соккудан бир нече адам набыт болгонун президент Владимир Зеленский билдирди. Ал канча кишинин өмүрү кыйылганын тактаган жок.
Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги 29-августка караган түнү алты дрондун мизи кайтарылганын билдирди. Маалыматка караганда, аннексияланган Крымда эки, Брянск облусунда эки, Белгород облусунда бир учкучсуз аппарат кулатылды.
Москва дайындаган Севастополдун "башчысы" Михаил Развозжаев төрт дрон атып түшүрүлүп, үч экипажсыз катер жок кылынганын билдирди.
Орус бийлиги айныксыз фото жана видео далилдерге карабастан Украинанын аймагындагы жарандык жайларга сокку урганын четке кагып, бир гана аскердик жайларды бутага алганын кабарлап келет.
Украина Орусиянын Курск облусундагы аймактарда көзөмөлдү сактап калууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) директорунун орун басары Дэвид Коэн чалгындоо жана улуттук коопсуздук боюнча конференцияда билдиргенин Reuters агенттиги жазды.
"Киев чектеш аймактарды аннексиялоо планы жок экенин билдирген, иш жүзүндө Украинанын куралдуу күчтөрү коргонуу линиясын куруп жатат", - деп белгилеген Коэн. Анын айтымында, украин армиясы аймакты кандайдыр бир убакытка кармап турууну көздөп жатат.
Америка чалгын кызматынын белгилешинче, ушул тапта Курск облусунун 800 чарчы километри украин армиясынын көзөмөлүндө.
Буга чейин Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башчысы учурда алар 1300 чарчы километрди өз көзөмөлүндө кармап турушканын билдирген.
Коэн Орусиянын президенти Владмир Путин сөзсүз Курск облусуна контрчабуул жасап, жоготкон аймакты кайтарууга аракет кыла турганын белгиледи.
"Болбосо Кремлге коомдогу терс кесепеттер менен күрөшүүгө туура келет", - дейт ЦРУнун башчысынын орун басары.
Америкалык басылмалар Курск облусун кайрадан көзөмөлгө алуу үчүн Москвага 50 миңдей аскер керек деп жазды.
"Учурда Орусияда мындай сандагы аскер кызматкерлери жок", - деп маалымдайт чалгындын маалыматтары менен тааныш болгон булактар.
Орусиянын Коргоо министрлиги Донбасстагы Покровск багытындагы аскерлерди чыгарууну пландабайт. Bloomberg агенттиги Орусия Курск аймагына милдеттүү аскерге чакырылгандарды жөнөтүшү мүмкүн экенин билдирди.
Орусиянын армиясы Украинанын Донецк облусунун Покровск багытында алга жылып жатканын Би-Би-Си кабарлады.
Бир нече күн ичинде орус тарап Покровскиден 10 чакырымдай түштүк-чыгыш тарапта жайгашкан украин куралдуу күчтөрүнүн маанилүү таяныч пункту Новоградовканы алууга жетишкени, райондун борборуна чейин кириши ыктымалдыгы маалымдалууда. Покровск менен Мирноградда бир нече күндөн бери элди жапырт эвакуациялоо иши уланып жатат.
100 миңдей калк жашаган Покровск жана Мирноград Донецк облусундагы Украинанын көзөмөлүндө турган акыркы ири шаарлар. Покровск —өлкөнү Донецк, Константиновка, Краматорск менен байланыштырган жол өткөн маанилүү логистикалык түйүн болуп саналат.
Индиянын 90дон ашуун жараны алданып, Украинадагы согушка жөнөтүлгөн, алардын кеминде сегизи каза болгон. Бул тууралуу Индия парламентинин депутаты Викрамжит Сингх Сахнейб "Дождь" телеканалына билдирди. Депутаттын айтымында, каза болгондордун сөөгүн мекенине алып келүүгө мүмкүн болбой жатат.
Сингх согушка барган индиялыктардын көбүн Орусияга жумуш таап беребиз деп чакырышып, кийин эч кандай котормочу жок Коргоо министрлигинин келишимине кол коюуга мажбурлашканын айткан. Маалыматка караганда, алар согуш талаасына баргандан кийин гана эмне болгонун түшүнгөн.
Украинадагы согушта каза болгон Рави Мунунун ата-энеси баласын Орусиядагы транспорттук компаниялардын бирине орноштуруу убадасы берилгенин, бирок ал фронтко баргандан кийин гана үй-бүлөсү менен байланышканын "Дождь" телеканалына айтып беришкен.
Июлда Москва сапары учурунда Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Орусиянын президенти Владмир Путин менен жолугушуп, Коргоо министрлиги менен келишим түшүп, согушка жалдаган индиялыктарды артка кайтаруу маселесин көтөргөн. Путин маселени чечүүгө жардам берүүгө убада берген.