Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:47
Дональд Трамп
Дональд Трамп

Трамп Путинден Киевди бир жума аткылабай туруусун өтүнгөнүн билдирди

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




09:50 8.9.2024

Украинага чабуул учурунда Орусия колдонгон "Шахед" дрондору Румыниянын аба мейкиндигин бузду.

Бул тууралуу Украинанын Аскердик-аба күчтөрү Telegram каналы аркылуу кабарлады.

Маалыматта орусиялык дрондор Румыниянын аймагында, Сабангия аймагында байкалганы жазылган.

Буга чейин Украинанын Одесса облусунда аба чабуулу тууралуу айгай жарыяланган, дрондор аймактын түштүгүндө байкалган.

09:43 8.9.2024

Орус армиясынын Украинанын Сумы шаарына жасаган соккусунан эки адам каза болду.

Төртөө жараат алган, анын экөө балдар. Бул тууралуу Сумынын аскердик администрациясы 8-сентябрда билдирди.

Мекеме кыйраган турак жай, курулуштар, автоунаалар тартылган сүрөттөрдү жарыялады.

19:04 7.9.2024

Украина парламенти - Жогорку Рада ишемби күнү эртең менен имараттын жанынан орусиялык дрондун сыныктары табылганын билдирди.

Жогорку Раданын басма сөз кызматы Telegram канал аркылуу имараттын алдындагы аянтта атып түшүрүлгөн дрондун сыныктары тууралуу сүрөттөрдү жарыялады.

7-сентябрга караган түнү орус армиясы Украинага дрон менен чабуул коюп, алардын айрымдары Киевдин үстүнөн атып түшүрүлгөн.

17:51 7.9.2024

Орусиянын түштүк-батышындагы Воронеж облусунда курал-жарак кампасында өрт чыгып, жергиликтүү бийлик 600дөй адамды эвакуациялады.

Облустун Острогожск районундагы кампада өрт 7-сентябрда таңга маал атып түшүрүлгөн дрондун калдыктары тийгенден кийин тутанганын губернатор Александр Гусев Telegram каналына жазды.

Анын айтымында, жакын жердеги бир нече конуштардын тургундары коопсуз жайга эвакуацияланды. Жабыркагандар жок.

Өрт жана жардыруулардын добушу угулган видеолор социалдык тармактарда тарап жатат. Андан өрттүн масштабы өтө чоң экенин көрүүгө болот.

РБК-Украина булактарынын айтымында, бул кампа Украинадагы согушка техника жөнөтүү үчүн колдонулган. Чоң өрт болуп жатканы тууралуу видеолор социалдык желеге тарады.

Украинанын коопсуздук кызматындагы булактар ишембиге караган түнү украин тарап дрон менен Воронеж облусундагы ок-дары сакталган кампага чабуул койгонун Би-Би-Сиге тастыктады. Азырынча Киев расмий комментарий берген жок.

Ушул күнү Украинанын Константиновка шаарында орус тараптын аткылоосунан үч адам каза таап, дагы үчөө жараат алганын жергиликтүү бийлик кабарлады. Орусия буга комментарий бере элек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG