Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:36
Днепрдеги соккулардын биринин кесепети, 25-апрель, 2026-жыл
Днепрдеги соккулардын биринин кесепети, 25-апрель, 2026-жыл

Украина: Орусиянын соңку чабуулдарынан жараат алгандар 30га жетти

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




15:43 9.9.2024

Орус аскерлери 9-сентябрга караган түнү Киевге сокку урду. Шаардын аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попконун айтымында, дрондордун бардыгы атып түшүрүлдү.

“Сентябрдын башынан бери Киевге бешинчи жолу абадан сокку урулду. Түн ичинде орус армиясы Курск аймагынан учкучсуз учактарды, болжолу менен "Shahed" дрондорун учурду”, - деп жазды Попко Телеграм каналына.

Алдын ала маалыматка караганда, башкалаада кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.

15:25 8.9.2024

Украинанын борбору Киевдеги автоунаа ишканасынын (АТП) аймагында 8-сентябрда жарылуу болду. Шаар мэри Виталий Кличко жарылуунун себеби азырынча белгисиз экенин, урандылардын алдынан эки кишинин сөөгү табылганын билдирди.

15:06 8.9.2024

Жекшемби күнү Орусиянын Белгород облусу аткыланганын губернатор Вячеслав Гладков өзүнүн Telegram каналына жазды. Ал Никольское деген кыштакта үч адам жараат алганын, экөө балдар экенин билдирди. Алар ооруканага жеткирилген.

Облус башчысы абадан коргонуу системасы бир нече дронду атып түшүргөнүн маалымдады.

Жергиликтүү бийлик снаряддар эки жер тамды талкалаганын, төрт көп кабаттуу үй, эки коммерциялык объект зыян тартканын кабарлоодо. Андан тышкары, сыныктар бир автобус менен үч автоунаага тийген.

09:50 8.9.2024

Украинага чабуул учурунда Орусия колдонгон "Шахед" дрондору Румыниянын аба мейкиндигин бузду.

Бул тууралуу Украинанын Аскердик-аба күчтөрү Telegram каналы аркылуу кабарлады.

Маалыматта орусиялык дрондор Румыниянын аймагында, Сабангия аймагында байкалганы жазылган.

Буга чейин Украинанын Одесса облусунда аба чабуулу тууралуу айгай жарыяланган, дрондор аймактын түштүгүндө байкалган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG