Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:57
Дональд Трамп
Дональд Трамп

Трамп Путинден Киевди бир жума аткылабай туруусун өтүнгөнүн билдирди

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:47 13.9.2024

Николаевде атып түшүрүлгөн «Шахед» дронунун сыныктары ишкананын аймагына кулап, өрт чыкты

Орус аскерлери 13-августка караган түнү Николаев шаарын чабуулчу дрондор менен аткылашты. Абадан коргонуу күчтөрү жана каражаттарынын аракетинин натыйжасында атып түшүрүлгөн дрондун сыныктары азык-түлүк ишканасынын аймагына кулап түшкөнүн шаар мэри Александр Сенкевич билдирди.

"Окуя болгон жерде өрт чыкты, аны куткаруучулар өчүрүштү. Жабыркагандар жок", — деп билдирүүдө айтылат.

Кечинде жана түн ичинде орусиялык чабуулчу дрондордун айынан абадан коргонуу сиреналары иштеп турду, дрондор Украина аймактарын түнү бою аткылашты.

Орусиянын жетекчилиги кеңири масштабдуу согуш учурунда орус армиясы Украинадагы шаарлар менен айылдардын жарандык инфраструктурасын атайылап бутага алып жатат деген дооматтарды четке кагып келет. Алардын иш-аракеттери жарандарды мерт кылып, оорукана, мектеп, бала бакча, энергетика жана суу камсыздоо объектилерин кыйратууда.

Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар бул соккуларды Орусиянын согуштук кылмыштары деп мүнөздөп, алар атайын жасалган деп белгилешет.

12:21 13.9.2024

Жо Байден менен Кейр Стармер Вашингтондо жолугат

АКШнын президенти Жо Байден жана Британиянын премьер-министри Кейр Стармер 13-сентябрда Вашингтондо жолугушуу өткөрүшөт. Бул кездешүү Украина тарабынан АКШ жана Британия берген куралдарды Орусияга каршы колдонууну чектөөнү жеңилдетүү боюнча аракеттер күчөгөн учурга туш келди.

Жолугушуу АКШнын бул багыттагы саясаты өзгөрүшү мүмкүн деген белгилер пайда болгон учурда өтүүдө.

Буга чейин жолугушууда алыска атуучу куралдарды Орусиянын агрессиясына каршы колдонууга уруксат берүү меселеси дагы талкуулана турганы айтылган.

Украиналык аткаминерлер АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин жана Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Ламминин ушул жумада Киевге болгон сапары учурунда, Батыштан берилген узак аралыкка атылуучу ракеталарды Орусиянын ичиндеги буталарга колдонууга уруксат берүү өтүнүчүн кайра козгошкон.

Бул жолугушуунун жыйынтыгында АКШ жана Улуу Британия Украинанын энергетикасын калыбына келтирүү жана гуманитардык жардам үчүн дагы 1,5 млрд доллар бөлөрү айтылган.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин айтымында, бул өлкө Украинага 700 млн доллар бөлөт. Анын 325 миллиону орус армиясынын чабуулунда талкаланган энергетикалык объектилерди калыбына келтирүүгө жумшалат. 290 миллионго жакыны тамак-аш, турак жай, медициналык кызмат көрсөтүү жана билим берүүгө сарпталат. Калган сумма миналарды зыянсыздандырууга керектелет.

Өткөн аптада АКШ 250 млн долларлык аскерий жардам берилерин жарыялаган.

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмми анын өлкөсү гуманитардык жана насыя түрүндө 782 млн долларлык жардам бере турганын Киевде билдирген.

"Биздин Путинге жамааттык билдирүүбүз биздин колдообуз азайбай турганын билдирет”, - деди Блинкен.

Блинкен менен Лэмминин Киевге сапары учурунда бир нече жолу абадан айгай жаңырып, айрым иш-чаралардын убактысы жылдырылып, кээ бирлери болбой калды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин айтымында, бул өлкө Украинага 700 млн доллар бөлөт. Анын 325 миллиону орус армиясынын чабуулунда талкаланган энергетикалык объектилерди калыбына келтирүүгө жумшалат. 290 миллионго жакыны тамак-аш, турак жай, медициналык кызмат көрсөтүү жана билим берүүгө сарпталат. Калган сумма миналарды зыянсыздандырууга керектелет.

Өткөн аптада АКШ 250 млн долларлык аскерий жардам берилерин жарыялаган.

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмми анын өлкөсү гуманитардык жана насыя түрүндө 782 млн долларлык жардам бере турганын Киевде билдирген.

"Биздин Путинге жамааттык билдирүүбүз биздин колдообуз азайбай турганын билдирет”, - деди Блинкен.

Блинкен менен Лэмминин Киевге сапары учурунда бир нече жолу абадан айгай жаңырып, айрым иш-чаралардын убактысы жылдырылып, кээ бирлери болбой калды.

21:26 12.9.2024

Орусиянын Коргоо министрлиги Украина менен чектеш тилкесиндеги Курск облусунда украин аскерлерине каршы контрчабуул жүргүзүп жатканын расмий ырастады. Мекеменин 12-сентябрдагы маалыматында «эки сутка ичинде 10 калктуу пункт, анын ичинде Снагость кыштагы бошотулганы» айтылды.

Курскинин бир нече айыл-кыштагы украин аскерлеринин көзөмөлүнөн бошотулганын буга чейин согушту чагылдырып жүргөн блогерлер айтып чыгышкан, тийиштүү маалыматын АКШда жайгашкан Согушту изилдөө институту (ISW) да жарыялаган.

Орус аскерлеринин алдыга жылуусу 10-сентябрда башталган. Алар бир нече чакырым илгерилеп калганы маалымдалууда. Украиндер ээлеп алган Суджа райондук борборунда кандайдыр бир кармаш жүрүп жатканы тууралуу маалымат азырынча жок.

Украин президенти Владимир Зеленский 12-сентябрда Киевде Литванын башчысы Гитанас Науседа менен жолугушуудан кийинки пресс-конференцияда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып орус аскерлери Курск облусунда контрчабуул баштаганын тастыктады.

Ал "Бардыгы биздин украин тараптын планы боюнча жүрүп жатат", - деди, бирок андан башка эч нерсе тактап айткан жок.

20:10 12.9.2024

Эл аралык Кызыл Чырым комитети Украинанын Донецк облусунун Веролюбовка айылындагы аткылоодон үч кызматкери каза болуп, дагы экөө жаракат алганын ырастады.

Уюмдун сайтында жарыяланган билдирүүдө сокку гуманитардык жардам таратыла турган жерге урулганы айтылат. Соккуда жергиликтүү тургундар жабыркаган эмес.

Донецк облустук прокуратура Кызыл Чырымдын жүк ташуучу машинелерине урулган соккунун сүрөттөрүн жарыялады. Аткылоолор тууралуу украин президенти Владимир Зеленский да айтып чыккан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG