Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:47
Дональд Трамп
Дональд Трамп

Трамп Путинден Киевди бир жума аткылабай туруусун өтүнгөнүн билдирди

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




23:34 16.9.2024
Киев дрон чабуулуна кабылды, Белгороддо сегиз тургун жараат алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00

19:26 16.9.2024

Сентябрь айы башталгандан бери, эки жуманын ичинде орус аскерлери Украинага 640тан ашык "Шахед" дрондорун учурду. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский 16-сентябрда билдирди. Анын айтымында, көбү атып түшүрүлгөн. Зеленский жок кылынган дрондордун санын тактаган жок. Жекшембиден дүйшөмбүгө караган түнү Орусия 56 дрон менен сокку урганын, анын 53ү жок кылынганын айтты.

Shahed 136 - Иранда өндүрүлгөн учкучсуз учуучу аппарат (дрон). Ал биринчи жолу 2020-жылы көрсөтүлгөн жана негизинен аскердик максаттарда колдонулат. Shahed 136 дрону 2000 чакырымга чейин учуп, 40-50 килограмм жарылуучу затты алып жүрө алат.

Бул дрондор көбүнчө "жанкечти дрондор" деп аталат, анткени алар белгиленген максатка жеткенде жарылып кетет. Бул дрондорду азыр Орусия Украинадагы согушта колдонуп жатат.

16:19 16.9.2024

Украинанын Аскердик-аба күчтөрү 16-сентябрга караган түнү Орусия өлкө аймагына учурган 56 согуштук дрондун 53ү атып түшүрүлгөнүн, негизинен бутага борбор калаа Киев алынганын, ушуну менен шаар сентябрь айы башталгандан бери сегизинчи жолу жапырт чабуулга кабылганын билдирди.

Киев облустук аскердик администрация башчысы Руслан Кравченко дрондун сыныгы түшкөн жерде бир аял жараат алганын, ал ооруканага жаткырылганын маалымдады.

Шаардык аскердик администрация башчысы Сергей Попко сокку үч саат бою урулганын айтты.

“Азаттык” радиосу согуш жүрүп жаткан аймактар боюнча эки тараптын тең маалыматтарын өз алдынча ырастай албайт.

2022-жылдын февраль айында согуш ачкандан бери Орусия Украинаны учкучсуз учак, ракета, авиабомба жана башка курал-жарактын ар кандай түрү менен аткылоодо. Соңку чабуулдардын көбү энергетика, медицина, билим берүү тармактарынын ишин үзгүлтүккө учуратып, жайкын тургундардын өмүрүн алууда.

12:24 16.9.2024

Белгород шаарында сегиз тургун жаракат алды

16-сентябрда таң эрте Белгород шаарында Украинанын куралдуу күчтөрүнүн аткылоосунан сегиз жергиликтүү тургун жабыркады, алардын бири өтө оор абалда. Бул тууралуу Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков маалымдады.

Анын айтымында, аткылоодон бир жеке үй жана 15 автоунаа өрттөнгөн. Ошондой эле газ түтүгү жабыркагандыгы кабарланууда. Жергиликтүү телеграм каналдар соккудан кийинки окуялардын видеолорун жарыялашты. Бул тууралуу "Азаттыктын" орус кызматы жазды.

Белгород облусунда бир сутка ичинде ондон ашык калктуу пункттар аткылоого жана дрондордун соккуларына дуушар болгон. Козинка айылында беш жеке үй өрттөнсө, Разумное кыштагында жергиликтүү тургун жарылуудан улам жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Москванын Украинага кеңири масштабдуу кол салуусунан кийин Орусиянын аймактары утур-утур дрондордун чабуулдарына дуушар болууда. Орусиянын Коргоо министрлиги Украина чабуулдарынын "мизи майтарылып", ракеталар жана дрондор жок кылынганы тууралуу маалымат берип келет. Көпчүлүк учурларда Киев бул билдирүүлөргө комментарий бербейт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG