Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:04
Дональд Трамп
Дональд Трамп

Трамп Путинден Киевди бир жума аткылабай туруусун өтүнгөнүн билдирди

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




10:31 27.9.2024

Владимир Зеленский Жо Байден жана Камала Харрис менен жолугушту

АКШнын президенти Жо Байден Вашингтон Украинанын позициясын келечектеги сүйлөшүүлөрдө бекемдей турганын билдирди. Бул үчүн келерки жылдын январында аяктай турган өзүнүн президенттик мөөнөтүндө финансылык жардамды тездетет. Байден бул тууралуу бейшемби күнү Ак үйдө Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушуунун алдында айтты.

Байден ошондой эле Кошмо Штаттар Украинанын келечектеги коргонуу муктаждыктарын камсыз кылаарын билдирди. Америкалык лидер Зеленскийди кабыл алып жатып, "Орусия жеңишке жетпейт" деп баса белгиледи. "Украина жеңет, жана биз сиздерди бул жолдун ар бир этабында колдой беребиз", - деп кошумчалады АКШ президенти.

Владимир Зеленский АКШ менен Украина "Украинанын коопсуздугунун келечеги НАТО жана ЕБде экендиги жөнүндө бир көз карашты бөлүшөөрүн, жана Украина бул жолдо болуп көрбөгөндөй реформаларды жүргүзүп жатканын" билдирди.

Зеленский Байденге өзү "жеңүү планы" деп атаган сунушун тапшырды жана АКШдан узак аралыкка чабуул жасоочу курал-жарактарды Орусиянын ичиндеги аскердик объектилерге колдонууга болгон чектөөлөрдү алып салууну дагы бир жолу өтүндү.

"Украина менен Америка бири-бирине жанаша турганы үчүн терең ыраазычылык билдиребиз", - деди Зеленский.

Ак үйдө Байденден тышкары, Зеленский бейшемби күнү АКШнын вице-президенти жана Демократиялык партиядан президенттикке талапкер Камала Харрис менен жолукту. Ал согуш аракеттерин токтотуу үчүн Украинанын өзүнүн эгемендүү аймагынын олуттуу бөлүгүн тапшыруу жөнүндөгү билдирүүлөрдү "тынчтык эмес, капитуляция сунуштары" деп атады. Associated Press агенттиги Харристин бул сөздөрүн шайлоодогу атаандашы, Республикалык партиядан талапкер Дональд Трамп жана анын шериги Жей Ди Вэнстин сунуштарына карата сын деп атады.

Харрис Зеленский менен жолугушууда ошондой эле АКШ Украинаны колдоп жатканын, анткени бул алардын өз стратегиялык кызыкчылыктарына жооп берерин айтты.

Владимир Зеленский Дональд Трамп менен да жолугат

АКШнын мурдагы президенти жана президенттикке талапкер Дональд Трамп журналисттер менен жолугушууда эртең Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушуу ниетин билдирди. Трамптын айтымында, Зеленский ага "согушту аяктоо" маселесин талкуулоо үчүн жолугушуу өтүнүчү менен кайрылган.

АКШнын жогорку мамлекеттик кызматына республикачылардан талапкер Дональд Трамп жума күнү, 27-сентябрда, украиналык лидер Владимир Зеленский менен жолугушууну пландаштырып жатат. Бул тууралуу Трамп Нью-Йорктогу пресс-конференцияда билдирди.

"Президент Зеленский мени менен жолугушууну суранды. Мен эртең эртең менен саат 09:45те Trump Tower'де аны менен жолугушам", - деди Трамп.

Бейшемби күнү кечинде келген бул кабар күтүүсүз болду, анткени мурда Трамптын штабы украиналык лидер менен жолугушуу "пландалган эмес" деп жарыялаган.

Бирок Зеленский Нью-Йоркко, анын ичинде БУУнун Башкы Ассамблеясынын ишине катышуу үчүн келердин алдында, украиналык расмий адамдар Зеленский АКШнын президенттигине эки талапкер - Трамп жана вице-президент Камала Харрис менен жолугуп, аларга өзүнүн Украинанын согушта жеңүү планы деп атаган сунуштарын берерин билдиришкен.

АКШга иш сапары менен барган Владимир Зеленский Капитолийге да келди Аны Сенаттагы демократиялык көпчүлүктүн лидери Чак Шумер жана Сенаттагы республикалык азчылыктын лидери Митч Макконнелл тосуп алышты. Кийинчерээк Зеленский Сенаттын эки партиялык делегациясы менен жолугуп, өзүнүн жеңүү планынын негизги пункттарын талкуулаганын билдирди. "Бул биздин жалпы жетишкендигибиз болушу керек - эркиндик үчүн жеңиш, эркиндиктин баасы менен эч кандай компромисссиз", - деп жазды Зеленский социалдык тармактарда.

Ошондой эле Капитолийге баргандан кийин Зеленский "АКШнын борборунда Украинанын көптөгөн достору бар экенин, алар Орусиянын толук масштабтуу басып кирүүсүнүн алгачкы күндөрүнөн тартып эркиндик жана көз карандысыздык үчүн күрөштө украиналыктар менен катар турушканын" белгиледи. "Мындай колдоо үчүн Сенаттын ар бир мүчөсүнө ыраазычылык билдирем", - деп кошумчалады Владимир Зеленский.

Мурдараак бейшемби күнү АКШнын администрациясы Украинанын коргонуу муктаждыктарына кошумча дээрлик 8 миллиард доллар бөлө тургандыгы белгилүү болду. Бул тууралуу Жо Байден билдирди. Ал коргоо министрлигине мурда Конгресс тарабынан бөлүнүшү бекитилген бардык каражаттарды Украинага жардам катары жөнөтүүнү тапшырды. 5,5 миллиард доллар Пентагондун арсеналдарынан Украинага америкалык аскердик техника жеткирүүгө багытталат. Дагы 2,4 миллиард доллар Киевге коопсуздук жаатында көмөк көрсөтүү демилгесинин алкагында аскердик техника жеткирүүгө каралган. Сөз жаңы аба чабуулуна каршы коргонуу системалары жөнүндө болуп жатат.

ЖМКлардын маалыматы боюнча, Владимир Зеленскийдин "жеңүү планы" башка нерселер менен катар Украинага батыш куралдары менен Орусиянын ичиндеги объектилерге сокку урууга уруксат берүү өтүнүчүн, ошондой эле Украинаны НАТОго формалдуу чакырууну камтыйт.

Бир катар ЖМКлар АКШнын администрациясы бул пландын жок дегенде бир бөлүгүнө скептикалык мамиле жасап, аны жөн гана кеңейтилген талаптардын топтому деп атап, стратегия деп эсептебей тургандыгын жазышкан. Расмий Вашингтон азырынча планга комментарий берген жок.

16:41 26.9.2024

Украинанын жети облусунда кечээтен бери Орусиянын чабуулдарынан дагы сегиз жайкын тургун каза болгонун, 44 киши жараат алганын 26-сентябрдын таңында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Донецк облустук аскердик башкармалыгынын башчысы Вадим Филашкин маалымдагандай, бул аймактын бир нече калктуу пункту 28 жолу аткыланды. Краматорск шаарынын борбордук бөлүгү 25-сентябрдын кечинде аткыланып, көп кабаттуу имараттардан экөө кыйраган.

Херсон облусунда 20 чакты айыл-кыштак жана Херсон шаары бутага алынганын, жайкын тургундардын күнүмдүк жашоосуна эң зарыл болгон инфраструктура, үйлөр талкаланганын аймактын башчысы Александр Прокудин билдирди.

Запорожьеде жараат алгандардын абалы оор экени, Одессада үйлөр, машиналар талкаланып, өрт чыкканы, Сумыда 51 жолу жарылуу болгону, Киев облусунун аймагына атып түшүрүлгөн куралдын сыныктары түшкөнү кабарланууда.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматына караганда, 26-сентябрга караган түнү 14 аймагында Орусия Shahed дрондорунан 78ди учурду, алардын 66сын атып түшүрүүгө үлгүрүштү.

Харьков шаарында 24-сентябрдагы соккудан жараат алгандардын дагы бири – 72 жаштагы аял каза болгонун, жалпысынан бул күнкү чабуулдан өмүрү кыйылгандар бешке жеткенин облус башчысы Олег Синегубов маалымдады.

Орус аскерлери 2022-жылы Украинага каршы согуш ачкандан бери курал-жарагынын көптөгөн түрлөрүнөн – согуштук дрон, ракета, башкарылуучу авиабомба, жапырт аткылоочу реактивдүү система менен чабуул коюп келе жатат. Украинанын жайкын тургундары каза болуп, социалдык жана жарандык инфраструктурасы кыйрап жатканы тууралуу айыптоолорун орус бийлиги четке кагып келет. Киев жана эл аралык укук коргоо уюмдары Орусиянын соккуларын атайын жасалып жаткан согуш кылмышы деп баалашат.

11:34 26.9.2024

Киевде абадан жасалган чабуулдун натыйжасында бир бала жаракат алды

Украинанын борборунда 26-сентябрда түнкү абадан жасалган чабуулдун кесепетинен кеминде бир адам жаракат алганын Киев шаарынын аскердик администрациясы билдирди.

«Азыркы учурда бир баланын жаракат алганы маалым болду. Аны жарааттары менен ооруканага жеткиришти», – деп жазды Киевдин аскердик башчысы Сергей Попко.

Маалыматка ылайык, болжол менен 20га жакын унаа жабыркаган, Печерск районунда сыныктардан улам турак үйдөгү газ түтүгү бузулган.

«Абадан коргонуу күчтөрү борбор тарапка он бешке жакын душмандын дрондору багыт алганын аныкташты. Киевдин аба мейкиндигиндеги согуштук аракеттер беш саатка созулду», – деп билдирди Попко.

Түн ичинде жана 26-сентябрдын таңында Украинанын көптөгөн аймактарына орусиялык «Шахед» дрондору менен абадан чабуул жасалды.

Орусиянын күчтөрү көп учурда ар кандай куралдарды – чабуулчу дрондорду, ракеталарды, авиациялык бомбаларды жана реактивдүү системаларды колдонуп, украин аймактарына чабуул коюп келе жатат.

Орусиянын жетекчилиги орус армиясы согуш учурунда Украинанын шаарлары менен айылдарындагы жарандык инфратүзүмдөрдү атайлап бутага алганын жана карапайым калкты, ооруканаларды, мектептерди, бала бакчаларды, энергетикалык жана суу камсыздоо объектилерин бузуп жатканын четке кагууда.

Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар бул соккуларды Орусиянын аскердик кылмыштары деп белгилеп, алардын атайын мүнөзгө ээ экенин баса көрсөтүүдө.

11:29 26.9.2024

Нью-Йоркто «Жетилик тобу» жана Украина» форматындагы жолугушуу болуп өттү.

Анын жүрүшүндө 30дан ашык өлкө жана Европа Биримдиги Украинага колдоо көрсөтүү боюнча биргелешкен декларацияга кол коюшту деп Украина президентинин расмий сайты 26-сентябрга караган түнү кабарлады.

Президент Владимир Зеленский бул биргелешкен милдеттенме Украинанын калыбына келтирилишине жардам берерин, ал тиешелүү аракеттерди Украина донорлор платформасы аркылуу координациялоону камтый турганын белгиледи.

«Бул биздин жалпы жашоо түшүнүгүбүздү көрсөтүп турат – биз адамдарды коргойбуз жана алардын жашоого мүмкүнчүлүгүн камсыз кылабыз. Азыр бизге жардам берип жаткандар Украина менен бирге ири калыбына келтирүүдөн пайда табат», – деп Зеленскийдин сөзүн президенттин сайты келтирет.

АКШнын президенти Жо Байден бул декларацияны Украинага азыр жана келечекте колдоо көрсөтүү үчүн жарыялап жатышканын айтты.

«Мен Украинанын жеңиши жана өзүнүн жашоосу үчүн күрөшүү үчүн зарыл болгон нерселерге ээ болушуна толук чечкиндүүмүн. Эртең мен украиналык аскерлерди колдоону тездетүү үчүн бир катар чараларды жарыялайм», – деп билдирди АКШнын башчысы.

Декларациянын негизги пункттарына Украинанын Европа Биримдигине мүчөлүккө бара жаткан жолунда калыбына келтирүүгө ар тараптуу жардам берүү, колдоону Украинанын донорлор платформасы аркылуу координациялоо, жыл аягына чейин тоңдурулган орус активдеринен түшкөн кирешелер эсебинен болжол менен 50 миллиард доллар кошумча каржылык колдоо көрсөтүү, анын бир бөлүгүн коргонуу муктаждыктарына багыттоо кирет.

Декларацияга кол коюу аземинде Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен, Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер, Италия министрлер кеңешинин төрайымы Жоржа Мелони жана Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо да сөз сүйлөштү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG