Аннексияланган Крымда дрон чабуулунан кийин мунай базасы күйүп жатат
Аннексияланган Крымдын Феодосия портунда мунай базасы өрттөнүп жатат. Бул тууралуу орусиялык мамлекеттик агенттиктер Орусия бийликтерине таянып билдирди. 7-октябрга караган түнү телеграм каналдары жарым аралга украиналык учкучсуз учактар учурулганы тууралуу кабарлашкан.
Феодосия администрациясынын "башчысы" Игорь Ткаченко билдиргендей, жабыркагандар жана жараат алгандар жок. Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү иштеп жатат.
Astra телеграм каналы өрттүн видеосун жарыялап, анда жергиликтүү тургундар "бир мунай базасына тийди" деп сүйлөгөндөрү угулуп турат. Видеотасмада "Береговое" деген жол кыймылыгынын белгиси көрүнүп турат.
Буга чейин орусиялык жана украиналык телеграм каналдары учкучсуз учактардын Крымдагы буталары тууралуу кабарлашкан. Украинанын "Крымский ветер" телеграм каналы өз абоненттерине шилтеме берүү менен Феодосияда жергиликтүү убакыт боюнча саат 4:30 чамасында жарылуулар угулганын билдирди.
Согуш темаларын жазган орусиялык Shot телеграм каналы, алдын ала маалыматтарга караганда, күйүүчү май куюлган бир нече цистерналар күйүп, аймактагы бир нече көчөлөрдө унаа кыймылы жабылганын жазды.
Astra каналынын журналисттери күйүп жаткан мунай базасы "Деңиз мунай терминалы" ишканасы болушу мүмкүн экенин кабарлашты.
Феодосия мунайды кайра жүктөө терминалы көлөмү боюнча Крымдагы эң чоң терминал. Жарым аралда эки гана мындай терминал бар, экинчиси Севастополдо жайгашкан, деп буга чейин Крым.Реалии. жазган.
Ишемби күнү жана жекшембиге караган түнү Орусиянын армиясы Украинаны 5130 ирет аткылады, анын ичинде 144 жолу реактивдүү залп менен сокку урду. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдирип, 82 авиачабуул эл жашаган шаарларга жана айыл-кыштактарга жасалганын маалымдады.
Одессага жасалган авиа соккулдан кампа жана жүк ташуучу унаалар жабыркаганы, бир адам оор жараат алып, ооруканага жеткирилгени кабарланды.
Киевдин аскердик администрациясы жекшембиге караган түнү борбор калаа дрондордун чабуулуна кабылганын, шаарда дээрлик беш саат бою абадан чабуул болору тууралуу эскертүү жаңыртылганын маалымдады. Дрондордун басымдуу бөлүгү жок кылынган, баштапкы маалыматтар боюнча жабыркагандар жок.
Орусия Украинаны күн сайын аткылап келет. Орусиянын Коргоо министрлиги чабуулдар аскердик буталарга гана жасаларын бекемдегени менен жай тургундардан жабыркагандар жана жарандык инфратүзүмдөр кыйраган учурлар көп.
Москва бул тууралуу маалыматтарга комментарий бербейт.
Украина орус аскерлери кеминде 93 согуш туткунун өлтүргөнүн билдирди
Украинанын укук коргоо органдарында Орусиянын аскерлери кеминде 93 украиналык аскер туткунун өлтүргөн деген маалымат бар экени кабарланды. Бул тууралуу Украинанын Башкы прокуратурасынын Аскердик департаментинин башчысы Юрий Белоусов айтканын “Украинская правда” гезити жазды.
Юрий Белоусов туткунга түшкөн украиналык аскерлердин 80% ушул жылы өлтүрүлгөнүн, 2023-жылдын ноябрь айынан бери “орусиялык аскерлердин украиналык туткундарга мамилеси кыйла начарлап кеткенин” кошумчалады.
Орусия бул тууралуу комментарий бере элек. Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.
Согуш туткундарын өлтүрүү согуштун курмандыктарын коргоо боюнча Женева конвенциясын бузуу болуп саналат. Туткундардын өмүрүнө же ден соолугуна каршы жасалган ар кандай зомбулук согуш кылмышы катары бааланат. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) буга чейин Украина да, Орусия да Женева конвенциясын бузган учурлар бар экенин билдирген. (BTo)
Украина: Түндө үч "Шахед" атып түшүрүлдү
5-октябрга караган түнү аба чабуулунун натыйжасында Одесса облусунда орустардын үч дрону атып түшүрүлдү.
"Дагы 10 учкучсуз учуучу аппарат өлкөнүн түндүгүндө жана түштүгүндө локациядан жоготулду, жабыр тарткандар жана кыйроолор жөнүндө маалымат келген жок", - деп белгиледи Украина Куралдуу Күчтөрү.
Ошондой эле "2024-жылдын 5-октябрына караган түнү орус баскынчылары Курск облусунун – РФ жана басып алынган Крымдын аба мейкиндигинен үч башкарылуучу авиациялык Х-59/69 ракеталары менен соккуларды жасады", - деп айтылат билдирүүдө.
Украина Куралдуу Күчтөрүнүн маалыматы боюнча, "РЭБ каражаттарынын активдүү каршылык көрсөтүүсүнүн натыйжасында башкарылуучу авиациялык ракеталар өз максаттарына жете алган жок".
Украинанын Башкы штабынын маалыматы боюнча акыркы бир суткада фронтто 159 кагылышуу болгон. Купянск багытында Орусиянын чабуулдары Покровск багытына караганда көбүрөөк жүргөн.