Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:53
 Харьковдо чабуулга кабылган поезд, 27-январь, 2026-жыл
Харьковдо чабуулга кабылган поезд, 27-январь, 2026-жыл

Харьковдо поездге жасалган чабуулдан беш киши мерт кетти

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




14:15 20.10.2024

Орусиянын аскерлери 19-октябрдын кечинде Украинанын Запорожье шаарынын борборуна эки авиабомба таштады. Бомбалоодон 10 адам жаракат алды, арасында 9 жана 13 жаштагы эки бала бар. Балдар ооруканада экенин, абалы орточо оор деп бааланып жатканын облустук администрация башчысы Иван Фёдоров маалымдады.

"Ишембинин кечинде Запорожьенин борборуна эки авиабомба ташташты. Тилекке каршы жабыркагандар бар, имараттар кыйрады", - деп жазды ал Телеграм каналына.

Шаарда бир нече ирет жарылуунун үнү угулуп, жер үйлөрдүн бири кыйрады. Бомбалардын бири ири соода борборунан бир нече метр алыстыкка түшкөн.

"Жарылуунун толкунунан жана сыныктардан улам имараттар жабыркады. Коммуналдык кызматтардын баары өз нугунда иштеп жатышат", - деп жазды Федоров.

Орусиянын Коргоо министрлиги комментарий бере элек.

10:25 20.10.2024

Украинанын Кривой Рог шарынын бийлиги ракеталык соккудан 13 адам жаракат алганын билдирди.

Шаарда куткаруу операциясы уланып жатканын, жараат алгандардын бирине операция жасаларын Кривой Рог шаарынын Коргоо кеңешинин башчысы Александр Вилкул Telegram каналына жазды.

Буга чейин Вилкул шаарга эки ракеталык сокку урулганын билдирген. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер-аба күчтөрү Кривой Рогду көздөй баллистикалык ракеталар учурулганын эскерткен.

14:39 19.10.2024

Сумы облусунда орусиялык авиасоккудан жети киши жарадар болду

Ишемби кечинде орусиялык армия Шостинск районуна авиабомба жана "Шахед/Геранды" колдонуп сокку урду. Сумы облусунун аскер администрациясынын Телеграм-каналы соккудан жети киши жараат алганын билдирди. Анын бешөө куткаруучулар. Алар Шостка шаарындагы өрттү өчүрүп жатышкан.

Андан тышкары энергетика объектилери кыйраган. Орусия 19-октябрга караган түнү Чернигов облусундагы энергетика объектилерине да сокку урган.

12:19 19.10.2024

Орусия менен Украина “95ке 95” форматында туткундарды алмашты

Орусия менен Украина “95ке 95” форматында аскердик туткундарды алмашты. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, орусиялык аскерлерге учурда Беларуста медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлүп жатат. Андан соң алар ден соолугун калыбына келтирүү үчүн Орусияда аскердик госпиталга жана санаторийге жөнөтүлөт.

Украинанын “Наш выход” долбоору алмаштырылган туткундардын тизмесин жарыялады. Ага ылайык, алмашылган орусиялыктардын көбү Курск облусунда туткунга түшкөн милдеттүү түрдө кызматын өтөгөн аскерлер.

Украинанын президенти Владимир Зеленский туткундарды алмашуу болгонун ырастады.
Мунун алдында украинаналык ZMINA укук коргоо борбору алмашылган туткундардын катарында журналист жана укук коргоочу Максим Буткевич дагы бар экенин жазган. Ал Орусия Украинага бастырып кирген алгачкы учурларда украин армиясынын катарына кошулуп, 2022-жылы июнда туткунга түшкөн.

уткундарды алмашуу Бириккен Араб Эмирлигинин ортомчулугу алдында ишке ашты.
Буга чейин Украина менен Орусия каза болгон аскерлердин сөөктөрүн алмашканы белгилүү болгон. Орусия 501, Украина 89 аскердин сөөгүн өткөрүп берген.

  • Эки өлкө 2022-жылдан бери бир нече жолу туткундарды алмашты. Көп учурда Эл аралык Кызыл Крест комитети ортомчулук кылууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG