Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54
 Харьковдо чабуулга кабылган поезд, 27-январь, 2026-жыл
Харьковдо чабуулга кабылган поезд, 27-январь, 2026-жыл

Харьковдо поездге жасалган чабуулдан беш киши мерт кетти

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




14:21 23.10.2024

Орусия Крымда украиндердин дрондору жана кайыктары жок кылынганын билдирди

Орусиянын абадан коргонуу системалары украин тараптан учурулган 14 согуштук дрон атып түшүрүлгөнүн бүгүн 23-октябрда орус Коргоо министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, учкучсуз учактардын 10у аннексияланган Крымдын аймагында жок кылынды.

Мындан тышкары "Кара деңиз флотунун авиациясы Крым жарым аралын көздөй Кара деңиз акваториясы аркылуу бараткан украиналык төрт учкучсуз моторлуу кайыкты жок кылды", — деп айтылды министрликтин Telegram каналындагы маалыматта.

Ал эми Ростов облусунда, аймактын бышчысы Василий Голубев билдиргендей, Украинанын төрт дрону жок кылынды.

Бир күн мурда Орусиянын аймагында үч спиртзавод бутага алынганын Украинанын Куралдуу күчтөрү маалымдаган.

14:18 23.10.2024

Улуу Британия 200 украиналык учкучту F-16 учагын башкарууга үйрөттү

“Азаттыктын” украин кызматынын жазганына караганда, Улуу Британиянын коргоо министринин орун басары Люк Поллард өлкөсү 200 украиналык учкучту F-16 учагын башкарууга үйрөткөнүн билдирди.

"Бүгүн мен Королдук Аба күчтөрүнүн даярдоо программасынын акыркы учкучтарынын бүтүрүү аземине катыштым. Бул учкучтар жакында украиналык F-16 учактарында учушат", - деп жазган ал X тармагына.

Поллард өз өлкөсү Украинаны "канча керек болсо, ошончо" колдоону улантарын баса белгиледи.

Британиялык чиновник келтирген сандар АКШ жана башка өлкөлөр билдирген сандардан бир топ жогору. Бул маалыматтар азырынча башка булактар тарабынан тастыкталган эмес.

Мурда АКШнын президенти Жо Байден Украинанын Аба Күчтөрүнүн дараметин жогорулатуу алкагында АКШнын коргоо министрлиги дагы 18 украиналык учкучту F-16 учагын башкарууга үйрөтөөрүн билдирген.

14:14 23.10.2024

Украин аба күчтөрү Орусиянын 57 дронун атып түшүрүшкөнүн билдирди

23-октябрга оогон түнү орус аскерлери Украинага 81 “Шахид” үлгүсүндөгү чабуулчу учкучсуз учак жана белгисиз типтеги дрондор менен сокку урду деп билдирди Украин аба күчтөрү.

"Ошондой эле душман Кара деңиз акваториясынан Х-31П башкарылуучу авиациялык ракетасы менен Одесса облусуна чабуул жасады", - деп айтылат эртең мененки маалыматта.

Украин аскерлеринин маалыматы боюнча, саат 9:00гө карата Одесса, Николаев, Винница, Сумы, Черкассы, Хмельницкий, Тернополь, Кировоград, Киев, Полтава, Чернигов жана Харьков облустарында душмандын 57 дрону атып түшүрүлгөнү тастыкталган.

"Мындан тышкары, учурда орус дрондорунун 15и локациядан жоголду. Украинанын аба мейкиндигинде тогузга чейин душман дрону байкалууда", - деп кошумчалайт аба күчтөрү.

Орус аскерлери ар кандай куралдар - чабуулчу дрондор, ракеталар, КАБдар, РСЗОлор менен үзгүлтүксүз украин аймактарына чабуул жасап келе жатат.

23:18 22.10.2024

Европарламент Украинанын коргонуусуна жана кайра куруу иштерине 35 миллиард евро (38 млрд доллар) кредит берүүнү жактырды. Карыз Москва кошуна өлкөсүнө кол салгандан кийин Батышта тоңдурулган орусиялык активдердин эсебинен кайтарылмакчы.

Маалыматка караганда, шейшемби күнкү добуш берүүдө депутаттардын 518и сунушту колдоду, 56сы каршы добуш берди, 61и калыс калды.

Кеп буга чейин “Чоң Жети” менен макулдашылган 50 млрд доллар насыя тууралуу жүрүүдө. Быйыл жайында кабыл алынган чечимге ылайык, Киев ал акчанын эсебинен курал-жарак сатып алууну, согуш учурунда талкаланган шаар-кыштактарды кайра курууну каржылай алат. Ошол эле маалда АКШ шаркеттен орусиялык активдердин узак мөөнөткө тоңудурулат деген кепилдик талап кылган. Вашингтон санкцияларды жарым жыл сайын узарткан биримдик андай кыла албай калса, насыяны кайтаруу үзгүлтүккө учурайт деп чочулайт. Бирок активдерди тоңдурууну 3 жылга узартууга Венгрия каршы чыгууда.

“Чоң Жетинин” финансы министрлери 25-октябрда Вашингтондо Эл аралык валта корунун жана Дүйнөлүк банктын жыйындарында жолукканда сөз болгон кредитти бөлүштүрүүнүн чоо-жайын жарыялашат деп күтүлүүдө. Мунаса табылса, Украина жыл этегине чейин анын биринчи бөлүгүн алышы мүмкүн.

Ушул эле күнү сөз болгон 50 млрд долларлык пакеттин алкагында Британия Киевге 2,4 млрд доллар курал-жарак сатып алуу жана чыгарууга бөлөрү белгилүү болду.

Орусия 300 млрд долларга тете активдерин колдонуу мыйзамсыз болорун айтып, өч аларын эскертүүдө.

Кредит берүү чечими орус аскерлери Украинанын чыгышына чабуул коюп, энергосистемасын бутага алып келаткан маалда жактырылды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG