Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18
 Харьковдо чабуулга кабылган поезд, 27-январь, 2026-жыл
Харьковдо чабуулга кабылган поезд, 27-январь, 2026-жыл

Харьковдо поездге жасалган чабуулдан беш киши мерт кетти

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




02:59 4.11.2024

Украин омбудсмени Дмитрий Лубинец Орусиянын акыйкатчысы Татьяна Москальковага кайрылып, Москва алмаштырууга даяр болгон бардык туткундардын тизмесин сурады.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарованын сөзүнө жообунда Лубинец Украина Женева конвенцияларына баш ийип, бардык жарандарын кабыл алууга даяр экенин билдирген. Орусия алмашуу жараянын создуктуруп, муну украин коомуна кысым көрсөтүү ыкмасы катары колдонуп жатканын белгиледи.

Буга чейин Захарова Украина өзүнүн туткундарынын айрымдарын кабыл алуудан баш тартып жатканын айткан. Орусия 2024-жылы 935 кишини алмаштырууну сунуштаганын, Киев 279 украиналык туткунду гана кайтарып алганын айтып, Киевди туткундардын тагдыры кызыктырбайт деп айыптаган.

Москалькова өзүнүн Телеграм-каналында бул айтылгандарды кубаттаган.

19-октябрда Украина Орусияга 95 туткунду кайтарып берген. Анда Дмитрий Лубинец Украина дайынсыз жоголгон аскерлердин тизмесин алууга жетишкенин жана эки өлкөнүн ортосундагы согуш туткундарын алмашуу боюнча келишимдерди тездетүүнү талкуулаганын билдирген.

13:07 3.11.2024

Орусия менен Украина кайрадан бири-бирине дрондор менен чабуул койду. Орусия учурган дрондор түн ичинде борбор калаа Киевдеги имараттарды жана электр линияларына зыян келтирди. Бул тууралуу Украинанын Коргоо министрлиги маалымдады.

Орусиянын Коргоо министрлиги Киев Орусиянын түштүгүндөгү буталарга 20га жакын учкучсуз учактарды жөнөткөнүн, бирок алардын баары атып түшүрүлгөнүн билдирди.

12:47 3.11.2024

Орусия армиясынын кол салуусунан улам Украинада 585 бала курман болду. Дагы 1664ү ар кандай жарааттарды алган. Мындай маалыматты Украинанын башкы прокуратурасы билдирди.

Балдар көбүнчө Донецк (597), Харьков (459), Днепропетровск (184), Запорожье (145) Киев (133) жана Николаев (117) облустарында көп жабыркаган.

Мурдараак Украинанын ички иштер министри Леонид Тимченко согуштун айынан 1700 ашуун бала дайынсыз болуп жатканын кабарлаган. Маалыматка ылайык, өзгөчө жагдайда дайынсыз жоголгондордун бирдиктүү реестринде жалпысынан 52 миңден ашуун киши катталган.

Октябрдын башында БУУнун Украинадагы адам укуктарына мониторинг кылуу миссиясы орус армиясынын кол салуусунан кийинки өлкөдөгү абал боюнча кезектеги баяндамасын жарыялаган. Ага ылайык, Орусияга кол салган 2022-жылдын 24-февралынан 31-августуна чейин Украинада 11743 жай тургун каза болуп, дагы 24614 киши жарадар болгон.

2024-жылдын 1-июнунан 31-августуна чейинки аралыкта 589 жай тургун Украинадагы согуштун курмандыгы болсо, 2685 киши жарадар болгон.

11:08 2.11.2024

АКШ Украинага 425 миллион долларлык жаңы аскердик жардам берилерин жарыялады.

АКШнын Коргоо министрлиги - Пентагон 1-ноябрда тараткан маалыматка караганда, бул ирет жардам топтому зениттик ракеталарды, снаряддар менен чопкутталган транспортторду камтыйт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG