Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:44
Запорожье. 2026-жылдын 10-октябры.
Запорожье. 2026-жылдын 10-октябры.

Запорожьеге кайрадан авиабомбалар ташталды: Набыт кеткен 15 кишинин үчөө бала

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




13:59 8.11.2024

Украинада орус армиясынын генерал-майору каза болду

Украинада орус армиясынын генерал-майору каза болгонун 7-ноябрда "Свобода" радиосу жазды. Павел Клименко мотоаткычтар бригадаларынын биринин командири болчу. Ал тууралуу "түздөн-түз согуш талаасына эмес, тылда калууну өтүнгөн аскерлерден пара алган, кол астындагы аскер кызматкерлерин кыйнаган" деген сөздөр айтылчу.

47 жаштагы Клименконун өлүмүнүн себеби азырынча белгисиз, ал каза болгонун алгач аскер темасын чагылдырган блогерлер жазып чыгышты.

"Астранын" иликтөөлөрүнүн биринде Клименко Донецкиде кароосуз калган шахтада орусиялык аскерлер кыйноого алынуучу концлагерь ачканы, ошол жактан согушка чабуул коюучу топтун катарында катышууга мажбурлоо жүргөнү, кээ бирлеринен пара талап кылынганы айтылган.

Айрым блогерлер анын бригадасы өтө көп жоготууга учурап жатканын да жазышкан. Клименконун кол астындагылар пара берип, тылга которулуп кете алары көп айтылган.

Ушуну менен Украинадагы согушта Орусия жоготкондугу аныкталган, өлүмү журналисттердин жана көз каранды эмес иликтөөлөдүн негизинде тастыкталган генералдарынын саны сегизге жетти.

13:58 8.11.2024

Орусиянын Одесса облусуна жасаган чабуулунан бир адам каза болду

Орус армиясынын Одесса облусуна жасаган чабуулунан бир адам каза болуп, дагы тогуз адам жаракат алды деп маалымдады Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы. Мекеменин маалыматына ылайык, жеке сектордогу үйлөргө зыян келтирилген, алардын экөөсүндө өрт чыккан.

Куткаруучулар соккудан ишкана аймагындагы кампаларда жана унааларда чыккан өрттөрдү да өчүрүштү. Ошондой эле окуу жайынын имаратына да зыян келтирилген.

7-ноябрда кечинде орус аскерлери Одесса районуна дрондор менен массалык чабуул жасашкан. Жергиликтүү бийлик жеке турак үйлөргө, окуу жайына зыян келгенин, газ түтүктөрүнүн герметикасы бузулганын кабарлады.

17:52 7.11.2024

Украинанын борбор калаасы Киевдин беш районунда 7-ноябрдын таңында Орусиянын дрон чабуулунан өрт тутанып, имараттар талкаланганын шаар мэри Виталий Кличко Telegram каналына жазды. Анын айтымында, учкучсуз учак сыныктары түшкөн жерде эки киши жараат алды.

Киевдин борбордук райондорунун бири Печерскиде көп кабаттуу үйдүн үстү жагы өрттөндү.

Шаардын аскердик администрациясы жалпысынан 30дан ашуун дрон кармалганын, орус аскерлери дрондорун бирден жана топ-тобу менен, ар кандай бийиктикте учурганын кабарлады.

Одесса шаарында Кара деңиздеги портту бутага алган орусиялык согуштук дрон атып түшүрүлгөнүн, анын сыныктары түшкөн жерде бир адам жараат алганын, көп кабаттуу бир үй талкаланганын облус губернатору Олег Кипер маалымдады.

Одессадагы үй өрттөнүп жатканын Telegram каналдар жарыялашты.

11:51 7.11.2024

"Левада" борбору октябрда жүргүзгөн социологиялык сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, орусиялыктардын 76 пайызы орусиялык куралдуу күчтөрүнүн Украинадагы аракеттерин колдой турганы белгилүү болду.

Сурамжылоого катышкан респонденттердин 45 пайызы согушту “сөзсүз колдорун”, 31 пайызы “колдосо болорун” билдирген.

Социологдор белгилегендей, согушту колдогондордун көбү 55 жаштан жогорку курактагы эркектер (81 пайыз), колдобогондор 24 жашка чейинки жаштар (67 пайыз).

Ошол эле учурда орусиялыктардын 40 пайызы гана жакын адамынын согушка барышын туура көрөт. Респонденттердин 42 пайызы мындай чечимди жактырбайт.

"Левада" борборунун директору Денис Волков дагы 17 пайыз орусиялыктарга суроого жооп берүү кыйынга турган.

Волков жоопторду "канча орусиялыктар СВОну (Орусия Украинадагы согушун – атайын аскердик операция деп атайт – ред.) чындап колдоп жатканын жана канчасы бул жөнүндө айтып жатканын аныктоонун дагы бир жолу" деп эсептей турганын баса белгиледи.

"Жакынын согуш аймагына жөнөтүүнү жактыргандар оозеки колдоо көрсөтүү эмес, бир нерсени курмандыкка чалууга даяр адамдар" деп эсептейт Волков.

Ошол эле учурда орусиялыктардын 36 пайызы гана согуштук аракеттерди улантууну жакташат. 55 пайызы Украина менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн убагы келди деп эсептешет.

2016-жылы Юрий Леваданын бейөкмөт аналитикалык борбору же такай социологиялык жана маркетингдик изилдөөлөрдү жүргүзгөн Левада борбору орус бийлиги тарабынан "чет элдик агент" деп табылган. Уюм буга макул эмес. Левада борборунун сурамжылоолорунун натыйжалары мамлекеттик социологиялык кызматтардын сурамжылоолорунун натыйжаларынан бир топ айырмаланары бир нече жолу белгиленген.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG