Америка Кошмо Штаттарынын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп улуттук чалгын кызматынын мурунку башчысы Ричард Гренеллди Украинадагы согуш боюнча атайын чабарман кылып дайындашы мүмкүн. Мындай кабарды Reuters агенттиги өзүнүн маалыматка эгедер булактарына таянып жазды.
Учурда Вашингтондо Украинадагы согуш боюнча атайын чабарман кызматы жок. Трамптын штабынын өкүлү Кэролайн Ливитт мындай кызматты түзүү мүмкүнчүлүгү жана ага Гренеллди дайындоо маалыматы боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан. Гренелл өзү да мындай суроого жооп берген эмес.
Гренелл Дональд Трамптын мурунку мөөнөтүндө АКШнын Германиядагы элчиси жана президенттин Сербия менен Косоводогу тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча атайын өкүлү кызматтарын аркалаган. 2024-жылдын жайында Гренелл согушту токтотуу үчүн Украинада “автономдуу аймактарды” түзүүнү айтып чыккан. Муну менен катар, Украинанын жакынкы жылдары НАТОго кошулуусун колдобой турганын билдирген.
Мурдараак Дональд Трамп Гренеллди АКШнын Мамлекеттик катчысы кызматына карап жатканы кабарланган.
Гренелл 19-ноябрда Newsmax телеканалына курган маегинде “Байден Украинага акча бөлүүнү көбөйтүп жана көбүрөөк ракеталарды учуруу менен отко май куюп жатканын, АКШда өтө көп аткаминерлер согушту улантууну, каржылоону көбөйтүүнү жактап жатканын, бул аны кабатыр кыларын” айткан.
Дүйнөлүк банктын PEACE (Public Expenditures for Administrative Capacity Endurance) программасы Украинага дагы 4,8 млрд доллар жардам берүүнү чечти. Мындай маалыматты 22-ноябрда Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль Х соцтармагындагы баракчасында жазды.
“Бул согуш маалында Украинанын бюджеттик программаларына олуттуу колдоо болот. Биз Кошмо Штаттарга жана өнүгүү боюнча өнөктөштөрүбүзгө биздин өлкө менен элибизге маанилүү колдоо көрсөткөн жардам үчүн ыраазылык билдиребиз. Силердин тилектештигиңер биздин туруктуулугубузду жана алдыга жылуудагы чечкиндүүлүгүбүздү бекемдейт”, - деп жазган Денис Шмыгаль.
Уюм ноябрдын башында Украинага 750 млн доллар берген. Киев ал каражатка Украинанын Европа Биримдигине кошулуусу үчүн зарыл болгон реформаларды жасай турганы билдирген.
Германиядагы dpa басылмасы жазгандай, Орусиянын кол салуусунан бери Украина эл аралык өнөктөштөрүнөн бюджетти колдоо үчүн эле 100 млрд доллардан ашуун каражат алган. Анын олуттуу бөлүгү насыя түрүндө берилген.
Дүйнөлүк банктын “Украинадагы административдик потенциалды колдоого мамлекеттик чыгымдар” (PEACE) деп аталган программасы Орусиянын Украинага кол салуусуна карата чукул чараларды көрүүгө багытталган. Анда өкмөттүн негизги функцияларын аткаруу жана кызмат көрсөтүү жөндөмү колдоого алынат. Согуштан улам жарандардын тарткан зыянынын ордун толтурган мамлекеттик чыгымдарга жумшалат.

Казакстан Украинага байланыштуу соңку кырдаалды эскалация деп мүнөздөп, ички коопсуздук чараларын күчөтүүнү чечти. Казак президентинин басма сөз катчысы Берик Уали 22-ноябрда жарыялаган маалыматында мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев премьер-министрге, президенттик администрациянын башчысына, бардык күч мекемелеринин жетекчилерине жана акимдерге "Украинанын айланасындагы кырдаалдын эскалациясына байланыштуу негизги аскердик жана жарандык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чукул чара көрүү" тапшырмасын бергени айтылды.
"Парламент палаталарынын төрагалары көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кабардар кылынды. Өлкөдөгү абал президенттин жеке көзөмөлүндө. Биздин мамлекет үчүн негизги стратегиялык максат – туруктуулукту, тынчтыкты, мыйзам жана тартип үстөмдүгүн сактоо", - деген Берик Уали Казакстан эки славян элинин ортосундагы согушту токтотуу маселесин чечүү керектигин бир нече жолу айтканын кошумчалады.