Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:56
Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Франциянын лидери Эммануэл Макрон, 6-январь, 2026-жыл
Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Франциянын лидери Эммануэл Макрон, 6-январь, 2026-жыл

Франция Украинага Rodeur 330 үлгүсүндөгү дрондорду берди

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




15:43 23.12.2024

Орусия Украинага каршы согушка тарткан түндүк кореялык 1100 аскер каза тапты. Бул тууралуу "Ренхап" агенттиги Түштүк Кореянын штаб жетекчилеринин биргелешкен комитетине таянып жазды. Түштүк кореялык чалгын кызматтын маалыматына караганда, Пхеньян Орусияга дагы кошумча аскер жана техника жөнөтүүгө даярданып жатат.

Чалгын маалыматтарынын анализдерине ылайык, Түндүк Корея Орусиядагы аскерлерин ротациялашы же жакка дагы кошумча аскер жибериши ыктымал.

Андан тышкары Сеул Түндүк Корея Орусияга дрондорду жөнөтүшү мүмкүн деген пикирде. Пхеньян дрондорду чыгара баштаганы тууралуу кабарлар алгач ноябрь айында пайда болгон.

Түштүк Корея менен АКШнын чалгын кызматтарынын маалыматына караганда, Түндүк Корея Орусияга 10 миңден 12 миңге чейин аскер жөнөткөн.

Алардын арасындагы жоготуулар тууралуу өткөн жумада украин бийлиги, андан соң Пентагон да билдирген.

The New York Times жана Associated Press агенттиктери Пентагондун жогорку даражалуу өкүлүнө таянып жазгандай, Түндүк Кореянын армиясы Орусиянын Курск облусунда жүздөгөн аскерлерин жоготкон.

19:02 22.12.2024

Орусиянын бир нече шаарларында эл көп топтолгон жерлерде пиротехника жарылды. Анын бири Москвадагы "Форт" соода борборунда жайгашкан көп функционалдуу мамлекеттик кызмат көрсөтүү имаратында болуп, адамдар эвакуация болгонун "Свобода" жазды. Көп өтпөй фейерверкти жергиликтүү пенсионер атканы аныкталып, аны ошол жердеги адамдар кармап, полицияга өткөрүп беришкен. Ички иштер министрлигининин маалыматына караганда, пенсионер аял мурдараак ага 120 миң рубль которгон белгисиз адамдардын айтканын аткарган.

Подмосковьеде "Гелиос" соода борборунда петарда жарылып, күбөлөр бир нече айнек күбүлүп, шып күйүп кеткенин кабарлашты. Жабыркагандар жок экени айтылды. Фейерверк аткан 63 жаштагы киши кармалганы кабарланды.

Москва облусунун Химки шаарында белгисиз адам почтанын бөлүмүндө пиротехника күйгүзгөн. Санкт-Петербурда банкомат жарылганы кабарланып, күбөлөр ага жакын жердеги банктын бөлүмүндө өрт тутанганын билдиришти.

Телеграм-каналдар Петербургдагы банкоматты жардырууга шектүүнүн сүрөтүн жана видеолорун жарыялап жатышат. Ага караганда, улгайган аял күйүүчү зат куюлган идиш менен банктын бөлүмүнө кирип, аны банкоматка куюп өрттөп жиберген деп болжолдонууда.

Ушундай эле окуя бир күн мурда Красноярск шаарында катталганын "Азаттык" радиосунун "Сибир Реалии" басылмасы жазды. Полиция 19 жаштагы кызды алдамчылар алдап, кол салууну уюштурганын билдирди. Ал 2-даражадагы күйүк алып, ооруканада дарыланууда.

Буга чейин Avtozak LIVE укук коргоо долбоору Орусия Украинага бастырып киргенден бери 547 киши аскер бөлүктөрүн, административдик имараттарды же темир жол транспортторун өрттөөгө айыпталганын тактаган.

12:20 22.12.2024

Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, жекшембиге караган түнү украиналык 42 дрон атып түшүрүлдү.

Министрликтин Телеграм каналында жазылган маалыматка караганда, 20 дрон Орлов, сегизи Ростов жана Брянск, бешөө Курск, бирөө Краснодар аймагында жок кылынды.

Буга чейин Орлов облусунун облусунун губернатору Андрей Клычков Стальной конь айылында мунай базасына кайрадан сокку урулуп, өрт чыкканын жана кийин өчүрүлгөнүн билдирген.

Ростов облусунда дрондор мунай базалары жайгашкан Таганрог жана Новошахтинск кыштактарына чабуул койгон.

Жабыркагандар тууралуу расмий маалымат жок. Украина тарап бул маалыматтарга комментарий берген жок. Согуш кырдаалында кабарлардын чын-бышыгын ыкчам тактоо мүмкүн болбой турат.

11:01 22.12.2024

Орусия аннексиялап алган Крымдын Керч кысыгында мазут ташыган танкер чөгүп кеткенден кийин өзгөчө кырдаал жарыяланды. Мазут сууда жайылып, жээк тазаланып жатканын РИА Новости билдирди.

Керч шаарынын Орусия дайындаган башчысы Олег Каторгин 21-декабрдын түнү жээкти жазалоого жардам берүүгө жашоочуларды чакырды.

15-декабрда Керч кысыгында орусиялык эки "Волгонефть 212" жана "Волгонефть 239" танкери кыйраган. Орусия буга аба ырайын жана экипаждын шалаакылыгын болжолдуу себеп катары көрсөткөн.

Танкерлерде 9 миң тоннага жакын мазут бар болгону айтылды. Булганган суу аянты 54 чакырымга жетти. Тазалоо иштерине жүздөгөн киши тартылды.

Greenpeace изилдөө лабораториясынын жетекчиси Пол Жонсон Meduza агенттигине билдиргендей, кырсык Кара деңиздеги эң ири техногендик кырсыктардын бири болуп калышы мүмкүн.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG