Словакия Украина Орусиянын газын өткөрбөй турган болсо, электр энергиясын берүүнү токтотуп кое аларын өлкөнүн премьер-министри Роберт Фицо эскертти. Анын бул тууралуу видеосу социалдык түйүндөргө жарыяланды.
Фицо анда 1-январдан тартып Орусиянын газы Украина аркылуу транзиттик жол менен токтогондон кийин, Словакия өкмөтү кырдаалга жараша Киевге жооп чара көрөрүн белгиледи. Анын сөзүнө караганда, электр энергиясын берүүнү токтотуу жооп чаралардын бири болушу мүмкүн.
Видеодо Фицо ошондой эле Орусиянын газын өткөрбөө өлкөнүн экономикасына сокку урарын белгилеп, баалардын өсүшүнө алып келишин эскертти. Ал украин президенти Владимир Зеленскийди сындап: "Словакия кимди ойлондурат, Зеленский мырза? Сиз кышында тоңбош үчүн бир нерсе керек болсо, аны дүйнөгө айтып чыгасыз", - деди.
Орусиянын газын Украина аркылуу Европа биримдигине өткөрүү 1-январда токтойт.
Декабрь айында Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо Москвага барып, Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушкан. Анда бул тема талкууланган.
Украин президенти Владимир Зеленский бул жолугушууну сындап, Фицонун аракети өлкөнүн атайын кызматтары тарабынан иликтениши керектигин айткан.
Фицо Орусияга сапары алдында украин президенти аны сатып алууга аракеттенгенин, Братислава Украинанын НАТОго киришин колдоп добуш берсе, ага Евробиримдиктеги Орусиянын тоңдурулган каражатын алууну сунуштаганын айткан.
Орусиянын Жарандык авиация агенттигинин (Росавиация) жетекчиси Azerbaijani Airlines компаниясынын учагы конууга аракеттенген маалда украиналык дрондор Грозныйга чабуул коюп жатканын жума күнү билдирди.
Бул тууралуу AFP кабарлады. Дмитрий Ядров ошол маалда калааны коюу туман каптаганын, “аэропортто аба ырайынын шарты абдан татаал болгонун” Телеграм-каналга жазды. Анын айтымында, кырсыкка учураган учак эки жолу конууга аракеттенген.
“Пилотко башка аэропорттор сунуш кылынган. Бирок ал Казакстандын Актау шаарына багыт алууну чечкен", - деп кошумчалады Ядров.
Украин армиясы туткунга алган түндүк кореялык аскер кабарларга караганда жарааттарынан көз жумду.
Түштүк Кореянын "Рёнхап" агенттиги 27-декабрда маалымдагандай, орусиялык күчтөрдүн катарында согушуп жүргөн аскер Украинанын атайын операциясы маалында колго түшүрүлгөн, ага чейин жарадар болгон.
AFP агенттигинин Сеулдагы булактары туткунга алынган кишинин аты-жөнү азырынча белгисиз деп билдиришти.
Алдыңкы күнү украиналык "Мілітарний" Телеграм-каналы түндүк кореялык делген аскер туткундалганын жазып, сүрөтүн чыгарган.
Украиналык айрым Телеграм-каналдардын маалыматында, окуя Орусиянын Курск облусунда болгон.
Быйыл октябрда түндүк кореялык жоокерлер Орусияга жөнөп жатканы тууралуу кабарлар тараган.
Дүйшөмбүдө украин президенти Владимир Зеленский Курскиде орус тарапта согушуп жүрүп окко учкан түндүк кореялыктардын саны 3 миңден ашканын билдирген. Көз карандысыз булактардын муну ырастаган маалыматтары жок. Адатта согушуп жаткан өлкөлөр каршы тараптын жоготууларын көбөйтүп, өздөрүнүкүн азайтып көрсөтүшөт.
Түштүк Кореянын чалгынчылары кошуна өлкөсүнүн жоготуулары 1100дүн айланасында деп билдирген.
Сеулдун айтымында, Пхеньян Орусияга дагы кошумча аскер жана техника жөнөтүүгө даярданууда.
Түштүк Кореянын чалгын кызматы: Украинанын Куралдуу Күчтөрү Түндүк Кореянын аскерин туткунга алды
Түштүк Кореянын чалгын кызматы украин аскерлери Орусия тарапта Украинага каршы согушкан Түндүк Кореянын жоокерин туткунга алганын ырастады. Бул тууралуу "Рёнхап" агенттиги билдирет.
"Достук мамиледеги өлкөнүн чалгын мекемеси менен реалдуу убакыт режиминде маалымат алмашуунун негизинде жарадар болгон түндүк кореялык аскердин кармалганы тастыкталды", — деп Түштүк Кореянын Улуттук чалгын кызматынын билдирүүсүн агенттик келтирет.
Түштүк Кореянын чалгын кызматындагы булак түндүк кореялык жоокер кайсы жерде туткунга алынганы боюнча азырынча так маалымат жок экенин билдирди.
26-декабрдын кечинде "Мілітарний" Telegram-каналы түндүк кореялык аскердики делген сүрөттү жарыялады. Постто Украинанын Куралдуу күчтөрү, балким, "Корея Эл Демократиялык Республикасынан (КНДР) келген биринчи жоокерди туткунга алышы мүмкүн" деп айтылган. Украинанын бийлиги бул маалыматка азырынча комментарий берген жок.
Түндүк Кореялык аскерлердин Орусияга жөнөтүлгөнү тууралуу билдирүүлөр 2024-жылдын октябрь айында чыга баштаган. The Wall Street Journal басылмасынын маалыматы боюнча, Курск облусундагы түндүк кореялык аскерлерге бул өлкөнүн Башкы штабынын жетекчи орун басары, генерал Ким Ён Бок командачылык кылат.
Дүйшөмбү күнү Украинанын президенти Владимир Зеленский Курск облусунда Орусия армиясынын катарында согушуп жаткан түндүк кореялыктардын өлгөндөрү жана жарадарлары үч миңден ашканын айткан.
Түштүк Кореянын чалгын кызматы Орусиянын Украинага каршы согушунда Түндүк Кореянын жоготуулары болжол менен 1100 адамды түзөрүн баалаган. Сеул ошондой эле Пхеньян Орусияга кошумча аскерлерди жана жаңы курал-жарактарды жөнөтүүгө даярданып жатканын билдирген.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 14-декабрда Курск облусунда түндүк кореялык аскерлер чабуул жасоого тартылганын жарыялаган.
Эки күндөн кийин украин аскерлери курск багытында жакында болгон чабуулдардан каза болгон орусиялык жоокерлердин сүрөттөрүн жана видеолорун жарыялашкан. "Схемы" ("Азаттыктын" украин кызматынын долбоору) маалымат булагына таянып, каза болгондордун арасында Түндүк Кореянын аскерлери да болгонун билдирген.