5-январга караган түнү орус армиясы Украинанын аймагына 100дөн ашуун дрон менен чабуул койгонун бул өлкөнүн Куралдуу күчтөрү билдирди. "Шахед" үлгүсүндөгү 61, сокку урган жана башка учуучу аппараттар Полтава, Сумы, Харьков, Чернигов, Черкассы, Днепропетровск, Житомир, Хмельницкий облустарынын үстүнөн атып түшүрүлгөнү маалым болду. Дагы 42 дрон абага көтөрүлгөндөн кийин “белгисиз жагдайда жок болгон”.
Чернигов облусундагы Семеновка шаарында чабуулдан кемине жети киши жараат алганын облустук администрация башчысы Вячеслав Чаус кабарлады.
“4-январдын кечинде орустар чектеш Семеновка шаарына төрт башкарылуучу авиабомба таштады. Алар шаардын борборун, эл жашаган жерди бутага алган. Түнкү саат 11деги маалымат боюнча жети киши жараат алды, аларга зарыл жардам берилип жатат. Издөө-куткаруу иштери уланууда”, - деп Чаус Телеграм-каналына жазды.
Харьков облусунда пилотсуз учактардын чабуулунан бир нече үй жабыркаганын облустун аскердик администрация башчысы Олег Синегубов билдирди. Ал Краснокутск айылына "Шахед" дрону кулаганда үч киши жабыр тартканын, төрт үй бузулганын айтты.
Украинанын президенти Владимир Зеленский жаңы жылдык кайрылуусунда бир жыл ичинде өлкөнүн абадан коргонуу күчтөрү орус армиясынын 1310 канаттуу жана баллистикалык ракетасын, 7800 "Шахед" дронун атып түшүргөнүн белгилеген.
Орусиянын бийлиги Украинадагы согушта коңшу өлкөнүн шаар-кыштактарындагы жарандык жайларга сокку уруп жатканын, карапайым калктын каны төгүлгөнүн танат.
Киев жана эл аралык уюмдар жарандык жайларды бутага алган чабуулдарды Орусиянын аскердик кылмышы катары баалайт.
Орусиянын "Газпром" компаниясы Москва убактысы боюнча эртең менен саат 8де Украина аркылуу газ транзитин токтотту. Украинанын "Нафтогаз" компаниясы менен "Газпромдун" беш жылдык келишиминин мөөнөтү аяктады.
Киев орус газынын транзити токтогонун ырастады.
"Бул тарыхый окуя. Орусия базарды жоготууда жана каржылык жоготууларга учурайт", - деди Украинанын энергетика министри Герман Галущенко.
Мындай кадам улуттук коопсуздук максатында жасалганы айтылат украин тараптын билдирүүсүндө.
Украина буга чейин транзит келишимин узартуудан баш тартып келген. Орус президенти Владимир Путин 2025-жылдын башына чейин жаңы келишим түзүү мүмкүн эместигин айткан.
Орусиянын Украина аркылуу өткөн газ кууру Словакиянын аймагына чыгат.
Братислава орус газын алууну улантууну көздөп, Украинадан келишимди узартууну талап кылган. Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо орус газынын транзити токтосо, Европа Биримдиги жылына 60–70 миллиард евро чыгым тартарын билдирген. Фицо ЕБдин жетекчилигине ачык кат жолдоп, Украинанын бийлигин мындай чечим үчүн сынга алган.
Роберт Фицо 22-декабрда Москвага сапар менен барып, Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушкан. Тараптардын күтүүсүз жолугушуусунан кийин 23-декабрда Братиславда миңдеген киши өкмөткө каршы нааразылык акциясына чыккан.
Украинада 1-январга караган түнү, жыл жаңыргандан кийин эле Орусиянын дрон чабуулу болгонун Украинанын Куралдуу күчтөрү билдирди.
Маалыматка караганда, учкучсуз учактар Харьков, Полтава, Черкассы жана Чернигов облустарына багытталган.
Аба чабуулу боюнча эскертүү Киев облусунда да жарыяланганы кабарланды.
Буга чейин орусиялык учкучсуз учактар Украинанын түштүк аймактарына, анын ичинде Запорожьеге чабуул жасап жатканы маалымдалган.
Аймактын башчысы Иван Федоров соккунун кесепетинен Запорожье облусундагы калктуу пункттардын биринде бир нече турак жай өрттөнүп, бир аял куткарылганын билдирген.
31-декабрдын таңында баш калаа Киевде ракеталык коркунуч тууралуу эскерткен сиреналар кайрадан жаңырды. Атып түшүрүлгөн ракеталардын биринин сыныгы менчик турак жайга түшкөнүн калаанын аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко жазды.
"Киевге жасалган ракеталык соккунун жыйынтыгында баш калаанын Дарницкий районуна сыныктар түшкөн. Маалыматка караганда, алар менчик үйдүн чатырына тийген. Өрт же олуттуу талкалоо катталган жок. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок",- деди Попко.
Сумы облусунда Шостка шаары катуу чабуулга дуушар болду. Аймак башчысы Николай Нога билдиргендей, 12 көп кабаттуу үй, эки билим берүү мекемеси, бейтапкана, жатакана жана башка социалдык обьектилер жабыркады. Ал арада Орусиянын Смоленск облусундагы мунай базасына 31-декабрга караган түнү дрондордун чабуулу болуп, өрт тутанды.