Украинада аскердик кызматка шалаакы мамиле жасаган деген шек менен бир полковник, эки генерал кармалды. Бул тууралуу Башкы прокурордун кеңсеси билдирди.
Тергөөнүн версиясына караганда, алардын айынан украин чек арасын коргоо иштери камсыздалбай, 2024-жылдын май айында Харьков районунун Липецк айылдык аймагын орус күчтөрү басып алган.
415-бригаданын полковнигине аскердик кызматка шалаакы мамиле жасаган жана согуш талаасынан өзүм билемдик кылып кетип калган деген айып тагылууда. 125-бригаданын командири болуп турган генерал-лейтенантка жана "Харьков" ыкчам-тактикалык тобунун мурдагы командири, генералга аскердик кызматка шаалакы мамиле жасаган деген кине тагылып жатат.
"Украинская правда" кеп полковник Илья Лапин, генерал-лейтенант Артур Горбенко жана генерал Юрий Галушкин тууралуу болуп жатканын жазган.
Мамлекеттик тергөө бюросунун маалыматында, Илья Лапин бир катар айылдарда коргонуу тактикасын уюштуруп, миналарга каршы күрөшүү жолдорун аныктап, курал-жабдыктарды сактоо жайларын даярдаган эмес. Артур Горбенко орус армиясынын мүмкүнчүлүктөрүн туура баалабай, "душман тараптан жаралган коркунучтарга" адекваттуу реакция жасабай койгон. Андан тышкары чабуул болору тууралуу маалыматтарга ээ болуп туруп, аны кол алдындагыларга жеткирген эмес.
Кармалгандар Киевге жеткирилди. Күнөөлөрү далилденсе алар 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Орусияга караштуу Татарстан жумуриятынын борбор калаасы Казань 20-январдын таңында дрон чабуулуна кабылды. Жергиликтүү бийлик чабуулду Украинадан көрүп, дрондор өндүрүш ишканасын бутага алуу аракетин көргөнүн билдирди. Кайсы ишкана экени такталган жок.
Расмий маалыматка караганда, дрондор абадан атып түшүрүлгөн. Жергиликтүү тургундар жана Телеграм-каналдар украиналык дрондор Горбунов атындагы Казань авиациялык заводуна чабуул койгонун жазышты. Бул ракета алып жүрүүчү Ту-160 стратегиялык учактар менен бомбалоочу учактарды өндүргөн жана оңдоп-түздөгөн ири ишкана. Аталган учактарды орус армиясы Украинадагы согушта колдонуп келет.
Айрым маалыматтарга караганда, дрондордун бири заводдун аймагындагы бош резервуарга тийген. Казань аэропортунда авикаттамдар убактылуу токтоду. Мындай чектөөлөр Нижнекамск жана Ижевск аэропортторунда дагы киргизилди.
Орусиянын Коргоо министрлиги 20-январдын таңында тараткан билдирүүсүндө бир нече аймакта жалпы 31 дрондун мизи кайтарылганын кабарлады.
Калуга облусунун губернатору Владислав Шашпа ишканалардын биринин аймагына дрон сыныгы түшкөнүн жазды. Анын сөзүнө караганда, чабуулдан улам тутанган өрт убагында өчүрүлдү. Жабыркагандар катталган жок. Шашпа кеп кайсы ишкана тууралуу болуп жатканын тактаган жок.
Москва Украинага 2022-жылы 24-февралда согуш ачканы, Орусиянын аймактары утур-утур дрон чабуулдарына кабылып келет. Кремль муну Киевден көрөт. Украин бийлиги адатта Орусиянын аймагында болгон окуяларга комментарий бербейт.
Орусиялык аскерлердин ишембиге караган түнү Украинанын борбору Киевге жасаган чабуулунан бери дегенде үч адамдын өмүрү кыйылды.
Шаардын аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченконун билдиришинче, чабуулга Шевченко району кабылган.
Жергиликтүү айрым басылмалар имараттын жана машинанын өрттөнүп жатканы тартылган видеолорду жарыялашты. Мэр Виталий Кличко сокку адам жашабаган имаратка урулганын, жакын турган үйдүн айнектери сынганын, метрого кирчү өтмөк жабыркаганын маалымдады.
Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги ишембиге караган түнү 46 дрон атып түшүрүлгөнүн кабарлады. Ага ылайык, учкучсуз аппараттар Брянск, Курск, Калуга, Тула, Белгород жана Воронеж облустарын мээлеп учурулган.
Буга чейин Тула жана Калуга облустарынын губернаторлору өздөрүнүн аймактарында дрондор менен күйүүчү май сакталган объекттерге чабуул жасалганын билдиришкен.
Мындай соккудан улам Воронежде шаршемби күнү кечинде мунай базасында ири өрт чыккан.
Орусия Украинага бастырып кирген үч жылга жакын убактан бери орусиялык армия Украинанын энергетикалык жана газ инфратүзүмүнө утур сокку уруп келет. Киев ага жооп иретинде Орусиянын инфратүзүмүнө (өзгөчө мунай базаларына) ракета, дрон менен чабуул коюп жатат.
Украинада Орусиянын соккусунан 17-январда бир адамдын өмүрү кыйылды. "Азаттыктын" украин кызматы жазгандай, Херсон облусунун Антоновка айылында аялдамада автобус күтүп турган киши каза болду.
Облустук администрация башчысы Александр Прокудин билдиргендей, бул аймак жума күндүн таңында орус аскерлеринин дрон чабуулуна кабылды. Үйлөр талкаланып, кеминде жети киши жараат алды.
Жалпысынан, Украинанын Куралдуу күчтөрү 17-январга караган түнү Орусия согуштук дрондордон тышкары ракеталарды колдонгонун маалымдады. "Искандер-М" баллистикалык ракеталарынан экөө, Shahed дрондорунан 50сү учурулганы, бутага Полтава, Сумы, Харьков, Черкассы, Чернигов, Киев, Хмельницкий, Днепропетров, Запорожье, Николаев жана Одесса облустары алынганы белгилүү болду.
Орусия Украинага каршы 2022-жылы февралда ачкан согушун "атайын аскердик операция" деп атаган жана анын аскердик объектилерин гана бутага алып жатканын айтып келет. Украин бийлиги орусиялык аскерлердин соккусунан жарандары курман болуп, социалдык инфраструктурасы кыйрап жатканын билдирүүдө.