Украина: Покровск багытында чабуул күчөдү
Орусиянын армиясы фронтто Покровск багытында чабуулдарын күчөткөнүн Украинанын аскердик жетекчилиги ырастады. Орус күчтөрү Донецк облусундагы маанилүү байланыш борбору деп саналган шаарды жарым жылдан бери өз карамагына алуунун аракетин көрдү.
Дээрлик ээн калган Покровск шаарынын тургундары соңку кездери жер төлөлөрдөн сейрек чыгат. "Дрондор учуп келип жарылып жатат, кээде так жаныңа түшөт. Чатыр титиреп, шыптын баары урап, түнү тынч уктай албайсың. Коркунучутуу эле", - деди жергиликтүү тургун Элла Коломецова.
Соңку айда орус армиясы Покровскиге дрон чабуулун күчөттү. Көчөлөрдүн тамтыгы чыкты. Тегеректеги имараттардын баары урандыга айланган. Жардыруудан улам жолдор асты-үстү болуп аңтарылган. Шаар көптөн бери суу жана электр жарыгынын өксүп турат. Эки күн мурда калаадагы акыркы почта бөлүмү жабылды. Буга карабай калаадан кеткиси келбегендер көп.
Покровск шаардык аскердик администрациянын башчысы Сергей Добряктын маалыматына караганда, согушка чейин 60 миң киши жашаган калаада учурда жети гана миңдей киши бар. Айрым аналитиктердин божомолунда, орус армиясы түндүккө же батышка карай багыт алуу үчүн Покровскини плацдарм катары колдонушу мүмкүн.
"Эгер орус армиясы маселен, батыш тарапка Днепрды көздөй багыт алгысы келсе же түндүктөгү Славянск менен Краматорскиге чабуул коюуну пландаса анда, албетте, Покровскини өз карамагына алышы керек. Азыр орус аскерлери артиллерия менен аткылагыдай аралыкка жакындап, дрондор менен чабуул коюп жаткан шартта бул калаа украиндер үчүн мурдагыдай маанилүү байланыш түйүнү деле болбой калды. Аны логистикалык борбор катары колдонуу мүмкүн эмес. Анткени орус аскерлери такай аткылап, бутага алып турушат", - деп түшүндүрдү аскердик аналитик Паси Паранойен.
Ал украин армиясы Покровск фронтунда орус аскерлеринин чакан чабуулдарына дагы араң туруштук берип жатканын кошумчалайт. Себеби украин армиясы учурда жоокердин жетишсиздигинен бир топ кыйналып турат. Ошентсе да жакында эле украин президенти Владимир Зеленский жогорку даражалуу генералдардын бири Михаил Драпатыйды стратегиялык командалык үчүн жоопкер кылып дайындады. Ал Покровск үчүн да жооп берет.
"Эгер биз жакшы, күчтүү, негиздүү аскердик контрсокку урсак, ал Орусиянын аскердик жана саясий бийлигинин кыйроосуна жеткирет. Биз ага даярбыз", - деди украин армиясынын генералы Михаил Драпатый.
Орус армиясы былтыр февралда Авдеевканы өз карамагына алгандан кийин эле Покровскиге чабуулдарын баштаган. Ал арада Украинанын башка аймактары дагы дээрлик күн сайын дрон чабуулдарына дуушар болууда. 31-январда Одесса облусуна жасалган чабуулдан оорукана, дан кампасы жабыркап, төрт киши жараат алды.
Киев жана эл аралык уюмдар жайкын тургундарга, оорукана, мектеп жана маанилүү инфраструктурага мындай соккуларды согуш кылмышы деп сыпаттайт.
Орусиянын Коргоо министрлиги карапайым тургундар жашаган аймактарды эмес, аскердик жайларды бутага алганын билдирип келет. Ал эми карапайым тургундардын өлүмү тууралуу же үн катпайт, же украиндердин абадан коргонуу системасына шылтап коет.
Украинанын Сумы шаарында каза тапкандар 9 кишиге жетти, 13 тургун, анын ичинде жашы жете элек бала жарадар болду. Украинанын президенти Владимир Зеленский орус армиясынын 30-январдагы соккусун “үрөй учурган трагедия” деп атады.
“Дүйнө Орусияга жасаган террору үчүн басымды токтотпошу керек”, - деп билдирди Зеленский.
Өлкөнүн Башкы прокуратурасы маалымдагандай, өлгөндөрдүн арасында 61-74 жаштагы үч түгөй бар.
Дрон көп кабаттуу үйгө тийгенде беш батир кыйраган. Балкон, терезелер, көчөдөгү машиналар талкаланды. Соккудан кийин суу, электр энергиясы, жылуулук системасы жарактан чыкты.
Киев жана эл аралык уюмдар жайкын тургундарга, оорукана, мектеп жана маанилүү инфраструктурага мындай соккуларды согуш кылмышы деп сыпаттайт.
Орусиянын Коргоо министрлиги карапайым тургундар жашаган аймактарды эмес, аскердик жайларды бутага алганын билдирип келет. Ал эми карапайым тургундардын өлүмү тууралуу же үн катпайт, же украиндердин абадан коргонуу системасына шылтап коет.
Орус армиясы 30-январга караган түнү Украинанын Сумы шаарына жасаган аба чабуулу маалында дрондордун бири көп кабаттуу үйгө тийип, төрт кишинин өмүрү кыйылды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик билдирди.
Урандылардын алдынан адамдарды издөө иштери уланууда. Тогуз киши жараат алганын куткаруучулар кабарлашты. Алардын арасында жети жаштагы тестиер жана 18 жаштагы жигит бар. Алардын бири оор абалда.
Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы кабарлагандай, дрон тогуз кабат үйгө тийген. Анын жыйынтыгында тогуз батир талкаланган. Жалпысынан 118 киши коопсуз жакка көчүрүлдү.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Сумыдагы соккуну "үрөй учурган трагедия жана кылмыш" деп атап, өнөктөш мамлекеттерди "Орусияга тынымсыз басым жасоого" чакырды.
Ошол эле маалда орус армиясы Дунай дарыясындагы украин портторуна кайрадан чабуул кое баштаганы кабарланды. "Одесса INFO" телеграм-каналы Измаил портунун айланасында жардыруулардын үнү угулганын жазды.
Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы карапайым тургундар жашаган аймактарга сокку урганын четке кагып, бир гана аскердик жайларды бутага аларын билдирип келет. Ал эми карапайым тургундардын өлүмү тууралуу же үн катпайт же украиндердин абадан коргонуу системасына шылтап коет.