Орусия 20-февралга караган түнү Украинанын Херсон облусуна авиа бомба менен чабуул койду. Жабыркаган бир нече кишинин арасында жашы жете элек балдар да бар. Бул тууралуу Херсон шаардык аскер администрациясынын башчысы Роман Мрочко билдирди.
Маалыматка караганда, Орусия өткөн түнү бул аймакка үч бомба менен чабуул койгон. Түнкү аткылоого Херсон шаарынын борбордук бөлүгүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн бири туш болгон.
Түнү бою жабыркагандар урандылардын астынан чыгарылды. 13 жаштагы эгиз балдар жабыркап, дагы кеминде үч чоң киши жарадар болгон. Үйдүн бир кире бериши жабыркап, бир бөлүгү урап калган.
Одессага экинчи күн катары менен дрон чабуулуна кабылды. Аскердик администрациянын башчысы Олег Кипердин айтымында, кеминде бир адам жабыркаган. Кол салуудан улам шаардын беш миңге чукул калкы бар району электр жарыгы жок калган.
Шаар мэри Геннадий Труханов жарандык инфраструктурага жасалган чабуулдун натыйжасында айрым тургундардын үйлөрүндө жылуулук өчүрүлгөнүн билдирди.
Орусиянын армиясы бир гана аскердик жайларды бутага алганын билдирип, карапайым тургундар жашаган аймактарга сокку урганын четке кагып келет. Ал эми жайкын тургундардын жабыркашын Украинанын абадан коргонуу системасынан көрөт.
Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага кеңири масштабдагы согуш ачкан. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) маалыматына ылайык, 2024-жылдын ноябрына чейин Украинада 12 миңден ашуун адам өлүп, 27 миңге жакыны жаракат алган.
Ошондой эле БУУ орусиялык аскерлер адамдарды өлтүрүп, уурдап, кыйнап, сексуалдык зомбулук, адамгерчиликсиз мамиле көрсөтүп, карапайым адамдарды негизсиз камаган фактыларды документтештирген.
Орусиянын Украинанын Херсон шаарына чабуулунда Днепров районундагы көп кабаттуу үйгө бомба тийди. Херсон облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин билдиргендей, соккудан 13 жаштагы эки бала жараат алып, ооруканага түштү.
Прокудин чабуулдун кесепети тууралуу сүрөттөрдү да жарыялады, анда имараттын кабаттарынын бири талкаланып, өрт чыкканын көрүүгө болот.
Трамп Зеленскийди "шайлоосуз отурган диктатор" деп сындады
Кошмо Штаттардын лидери Дональд Трамп украин президенти Владимир Зеленскийди "шайлоосуз отурган диктатор" деп атап, ал "тезирээк кыймылдабаса өлкөсүнөн кол жууйт" деп сындады. Трамп мындай пикири менен Truth Social cоциалдык тармагына бөлүштү.
"Ал арада биз согушту токтотуу боюнча Орусия менен ийгиликтүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Анткени бул Трамп жана Трамптын администрациясынын гана колунан келээрин баары мойнуна алып жатат", - деп кошумчалады америкалык лидер.
Ал украин лидерин "АКШ жана Трампсыз өзү эч качан жайгара албаган согушка аралашып, Американы 350 миллиард доллар сарптоого көндүргөн", - деп сындады.
Трамп ошондой эле Зеленскийди "шайлоо өткөрүүдөн баш тартып жатканы үчүн" айыптады. Ал украин президентинин рейтинги төмөн экенин дагы бир ирет белгиледи.
Украинада 2022-жылдын февралынан бери согуштук абал жарыялангандыктан шайлоо өткөрүүгө мүмкүн эмес.
Зеленский 19-февралда өткөргөн маалымат жыйында АКШ согуш башталганы 60 миллиард долларлык курал-жабдык жана 31,5 миллиард акчалай каражат бөлгөнүн билдирген.
АКШнын президенти ырастагандай, Кошмо Штаттар Европага караганда Украинага 200 миллиард доллар көп короткон.
Буга чейин Трамп Зеленскийдин рейтинги 4% түзөрүн айткан. Украинанын президенти бул "Орусия тараптан жайылган жалган маалымат экенин" белгилеген. Зеленский Киев эл аралык социология институтунун сурамжылоосуна таянып, ага украиндердин 57% ишенерин айткан.