Орус армиясы 25-февралга караган түнү бою Украина аймагын "Шахед" дрондору жана канаттуу ракеталар менен аткылады. Бул тууралуу украин армиясынын Аба күчтөрү билдирди.
Канаттуу ракеталар Саратов облусундагы Энгельс шаарынын аймагынан Ту-95 стратегиялык учагынан кое берилип, багытын бир нече жолу өзгөрткөн.
"Шахед" дрондору менен чабуул түнү бою Украинанын бир нече облусуна жасалды. Сокку коркунучу тууралуу эскертүү Киев, Харьков, Днепропетровск, Херсон, Донецк, Николаев, Житомир, Винница жана Чернигов облустарында жаңырды.
Киев облусунун аскердик администрациясы Обухов районунда учкучсуз аппараттын соккусунан жергиликтүү тургун жараат алганын маалымдады. Фастов районунда менчик үйлөргө залака келтирилген.
Херсон аскердик администрациясы бир нече жолу абадан коркунуч тууралуу эскертүү берди.
Ушул эле түнү Орусиянын Коргоо министрлиги украин дрондорунун чабуулу жөнүндө билдирип, алардын 19у атып түшүрүлгөнүн кошумчалады. Маалыматка караганда, учкучсуз аппараттардын көбү Брянск облусунун үстүнөн жок кылынган.
Орусия Украинага согуш ачканына 24-февралда туура үч жыл болду. Бул убакыт ичинде көптөгөн сүрөт жана видео далилдерге карабастан расмий Москва жарандык жайларды аткылаганын четке кагып, бир гана аскердик жайларды бутага алганын билдирип жүрөт.
Ошол эле маалда Орусиянын аймагы дагы утур-утур дрон чабуулуна кабылып келет. Кремль кол салууну Киевден көрөт. Украин бийлиги айрым учурда гана жоопкерчилик албаса, негизинен комментарий бербейт.
Бишкек: Украинага тилектештик билдирген активисттер
24-февралда Украинанын Бишкектеги элчилигине 30га чукул активист чогулду. Алар үч жылдын аралыгында согушта курман болгон украиналыктарды эскерип, Орусиянын агрессиясын айыпташты. Бул арада Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 58-сессиясында сүйлөп жатып, Кыргызстан Украинада бекем тынчтыкты орнотуу максатында жүргүзүлүп жаткан эл аралык аракеттерди кубаттарын белгиледи.
Украинада дайынсыз жоголгон кыргызстандыктар
Соңку 13 айда Украинанын “Хочу жить” долбооруна 100дөн ашуун кыргызстандык согушка кеткен жакынын издеп кайрылган. “Азаттык” алардын кеминде жыйырмасынын аты-жөнүн аныктап, жакындары менен байланышты. Орусия тарапта согушуп жүрүп, дайынсыз болгондор кимдер? "Биз жана дүйнө" берүүсүндө талдадык.
БУУ: АКШ Украина сунуштаган резолюцияга каршы добуш берди, Кыргызстан калыс калды
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын 24-февралдагы сессиясында Орусиядан Украинадагы аскерлерин тез арада чыгарып кетүүнү талап кылган, Киев жана Европа мамлекеттери даярдаган резолюцияга АКШ каршы добуш берди.
Кошмо Штаттардын БУУдагы убактылуу өкүлү Дороти Ши бул документти жана Орусия сунуштаган дагы бир резолюцияны “согушту токтотуунун ордуна сөздөрүн кармашын көздөгөндүк" деп сындады.
Ошого карабастан бул резолюцияны Европа мамлекеттеринин көбү колдоп, документ 93 добуш менен кабыл алынды. Ал эми дагы 65 өлкө калыс калды. Добуш берүүдөн кармангандардын катарында Кыргызстан дагы бар.
АКШдан тышкары бул резолюцияга Орусия жана дагы 16 мамлекет каршы болду.
Бул мурунку добуш берүүлөргө караганда төмөн көрсөткүч. Буга чейин 140тан ашуун өлкө Орусиянын агрессиясын айыптап, Москвадан Украинанын төрт аймагындагы оккупациясын токтотууну талап кылган.
БУУдагы добуш берүү Орусиянын Украинага согуш ачканынын үч жылдыгына туш келди.
Ушул эле күнү Украинадагы согушту токтотуу боюнча АКШ өзүнүн резолюциясын сунуштады. Анда согуш эки өлкө ортосундагы "жаңжал" катары сыпатталып, Украина менен Орусиянын ортосунда "узакка созулуучу тынчтыкты" орнотууга байланыштуу чакырык камтылган.
Улуттар уюмунун басма сөз кызматы жазгандай, Американын резолюциясы Евробиримдик сунуштаган өзгөртүүлөрдөн кийин 93 добуш менен жактырылды. Ага сегиз өлкө, анын ичинде Орусия каршылыгын билдирип, калгандары добуш берүүдөн карманышты.
Башкы ассамблея Орусия сунуштаган резолюциянын долбоорун колдогон жок.
193 мүчөсү бар БУУнун Башкы ассамблеясынын бул резолюциясынын юридикалык күчү жок. Бирок уюмдун жана ага мүчө болгон көпчүлүк мамлекеттердин пикирин чагылдыруучу көрсөткүч катары бааланат.